Буларды билесиздерби?

2020-жылы Түркия, Балкан өлкөлөрүндө эң көп медаль алган өлкө экенин билесизби?

1627450
Буларды билесиздерби?

 

Түркия жеңил атлетикада жаш категориялары боюнча өткөрүлгөн Балкан чемпионатында түрк спортчулары 123 медаль алып Балкан жарым аралындагы өлкөлөр арасында эң көп медалга ээ өлкө болду. 2020-жылы пандемиядан улам жарыштардын чектелген санда  өткөрүлгөнүнө карабастан үстү жабык стадиондордо жана ачык аянттарда өткөрүлгөн жарыш сезонунда 43 Түркия рекорду жаңыртылды. Чоңдор категориясында өткөрүлгөн жети тармактагы жарышта Түркиянын рекорддору жаңыланды.

Түркиянын 400 метр аралыкка чуркоочу алдыңкы майып спортчуларындан Аккам Берке дүйнөдөгү эң мыкты даражага ээ болсо, Жасмин Жан да «Дүйнөлүк жарым марафон чемпионатында» Түркияны биринчи жолу дүйнө жетинчилиги жеңишине жеткирди.

2020-жылы Түркия ийгиликке жетишкен дагы бир спорттун түрү - волейбол. Түркиянын Улуттук волейбол аялдар курама командасы 2020-жылы Токио Олимпиадалык оюндарда Европа континенталдык тандоо турунун финалында Германияны жеңип, тарыхында экинчи жолу Олимпиадага катышуу укугуна ээ болду.



Тектеш кабарлар