Нооруз күнү Анкарада өзгөчө белгиленди

Түрк жана Кыргыз дүйнөсүнөн-7-2021

1611604
Нооруз күнү Анкарада өзгөчө белгиленди

Түрк жана Кыргыз дүйнөсүнөн-7_2021

Урматтуу окурман жана угармандар, «Түрк жана кыргыз дүйнөсүнөн» аттуу уктуруубуздун бүгүнкү бөлүмүн Нооруз майрамына бөлдүк. Нооруз күнү Анкара шаарындагы Кечиөрен районунун муниципалитети тарабынан өзгөчө белгиленди.

Ал эми Нооруз күнү ТРТ-Аваз каналынын негизделишинин 12 жылдыгы белгиленип, атайын эфир уюштурулду. Ал эфирге Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев өзүнүн куттуктоосун жөнөттү.

Ошондой эле КРнын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев жубайы Айнура айым менен бирге эфирге катышып, Нооруз жөнүндө ойлорун бөлүштү.

Андан соң Камбаркан этно-фольклордук ансамбли өзүнүн Ноорузга арналган чыгармасын аткарды.

Нооруз жумурай журтка жана дүйнөгө жакшылыктарды алып келсин, молчулук, токчулук, берекелүү жылдардан бири болсун.

 



Тектеш кабарлар