Россия менен АКШнын ортосунда саясий кризис жаралды

Евразия күндеми-12/2021

1608687
Россия менен АКШнын ортосунда саясий кризис жаралды
rusya-abd bayragi.jpg
rusya navalniy.JPG
Beyaz Saray abd.jpg
kremlin.jpg

Ардактуу окурмандар!  «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында Россия менен АКШ ортосунда жаралган саясий кризис тууралуу кеп салабыз.

Кадырлуу окурмандар, үстүбүздөгү жылдын 16-март күнү АКШнын чалгын кызматы рапорт жарыялап, Россия Доналд Трамптын кайрадан шайланышына жардам кылууга жана президенттик шайлоодо Жо Байденге тоскоолдук жаратууга аракет кылган деп орус бийлигин кинеледи. Эртеси күнү АКШ президенти Жо Байден “ABC News” каналына берген интервьюсунда Россиянын президенти Владимир Путиндин “рухсуз” киши экендигин билдирип, журналисттин “Орусия президенти Владимир Путин киши өлтүргүчпү?” деген суроосуна “ооба” деп жооп кайтарган. 18-март күнү Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки журналисттердин Байдендин Путинге карата “киши өлтүргүч” сөзүн колдонгону үчүн бушайман болгон-болбогону боюнча суроосуна: “Жок. Президент түз суралган суроого, түз жооп берди.”- деп жооп кайтарды.

17-март күнү Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Россиянын АКШдагы толук ыйгарымдуу элчиси Анатолий Антоновдун Москвага “кеңешүү үчүн” чакыртылгандыгын билдирди. Захарова биринчи кезекте эки өлкө мамилелерин “оңдоо мүмкүн болбой турган абалга жеткизбөөнүн” үстүндө иштеп жатышканын баса белгиледи. Орус медиасы Жо Байдендин аша чапканын баса белгилеген макалалар жарыялашты.

18-март күнү Владимир Путин маселе боюнча үн катып, Байдендин өзүнүн “киши өлтүргүч” экендигин билдирди жана “Ага (Байденге) эмне деп жооп бермек элем? Ага ‘ден соолукта бол’ демекчимин. Ага ден соолук каалайм. Муну ирония же тамаша кылып айтып жаткан жокмун.”- деди.

Ошол эле күнү Владимир Путин кайрадан бул темага кайрылып, Жо Байденди “бүтүндөй дүйнө жүзү көрө турган түз эфирде талкууга” чакырды. Байден Путиндин сунушуна: “Бир убакта жолугаарыбызга ишенем.” - деп жооп берүү менен чектелди.

20-мартта Дмитрий Песков АКШ менен мамилелердин эң жакшы болушун үмүт кылуу менен бирге эң начар сценарийге дагы даяр турушаарын билдирди.

Урматтуу окурмандар, окуялардан белгилүү болгондой эле, Россия-АКШ мамилелеринде кризис жаралды. Ансыз деле начар болгон мамилелердин, Байден куралсыздануу боюнча келишимди узарткандан кийин оңолоору күтүлүп жаткан. Эми болсо кайрадан эки өлкөнүн ортосунда кризис жаралды. Алексей Навальный камакка алынганда да эки мамлекет бири-бирине кине койгон эле.

Бул кризистин Крымдын басып алынган күнүнө туш келгени жөн жерден болбосо керек. Кээ бир адистер Россия менен Батыштын Украинада жаңжалдашып кетүүсү мүмкүн экендигин белгилеп келишет. Ансыз деле НАТО акыркы убакта Россияны күнөөлөгөн билдирүүлөрүн байма-бай жарыялай баштады. АКШ  Россияга жакында жаңы санкциялар киргизиши ыктымал.

Күзүндө өтчү Думага шайлоо өнөктүгүндө Россияда АКШга каршы пикирлердин байма-бай колдонула тургандыгын божомолдоп айтууга болот. Бул жаатташуу эч бир тарапка, тагыраак айтканда Россия менен АКШга да, аймактагы мамлекеттерге да пайда алып келбейт. Россия менен АКШнын жаңжалдаша баштаганы Россия менен жакын экономикалык мамиледе болгон мамлекеттерге түздөн-түз терс таасирин тийгизет. Ошондуктан эки өлкөнүн саясий лидерлери өз жоопкерчиликтерин эске алуу менен кызуу кандуулукка алдырбай иш алып баруулары керек.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков

 



Тектеш кабарлар