Анадолунун алгачкылары  - 03. 2021

1800 -  жылдардын акырында Чыгыш Испанияда бир үңкүрдө табылган сүрөттөр адамдарды таң калтырды.

1605345
Анадолунун алгачкылары  - 03. 2021

   1800 -  жылдардын акырында Чыгыш Испанияда бир үңкүрдө табылган сүрөттөр адамдарды таң калтырды. Он миңдеген жыл мурункусуна таандык экендиги болжолдолгон бул сүрөттөр кемчиликсиз тартылгандыктан аталарыбыздын мындай жөндөмдүүлүккө ээ эмес экендигин айтып, үңкүрдү тапкан киши алдамчылык менен айыпталат. Түрдүү аймактардагы үңкүрлөрдөн да ушуга  окшогон сүрөттөрдүн табылышы менен бул сүрөттөрдүн чындык экендиги кабыл алынды. Колдонулган көмүртек тести  бул сүрөттөрдүн кырк миң жыл мурун тартылганын көрсөттү. Сүрөттөрдөн тышкары, үңкүрдүн дубалдарында көптөгөн кол издери бар. Искусство тарыхчылары бул издерди жана сүрөттөрдү адамдын искусство жолундагы алгачкы кадамы деп чечмелешти. Бүгүнкү күндө биздин искусство же эстетика боюнча түшүнүгүбүздөн айырмаланганы менен ошол мезгилде искусствонун кандайча өнүккөндүгүн көрсөткөн бул сүрөттөрдүн көпчүлүгү чындыгында мыкты формаларга жана түстөргө ээ. Булардын бардыгы негизинен  сөз жок  бир гана үн бар кезде адамдын өнөрдүн күчүнөн  пайдаланышынын бир далили. Адамдар сөз менен айта албагандарын сүрөт аркылуу түшүндүрүүгө аракет кылышыптыр. Балким да адам маанисин чече албаган табият окуяларынан коргонуу же оорулардан кутулуу, балким жапайы  жаныбарларды алыс кармоо же сыйкырчылык  кылуу максатында үңкүрдүн дубалдарына бул сүрөттөрдү тарткандыр. Балким да максаттары  жашаган жерин кооздоо болсо керек : бирок негизги себебин эч качан биле албайбыз...

  Адамдар үңкүрлөрдөн чыккандан кийин ачык жерлерде жашай башташты. Оболу идиш  -  аяк жасап, андан кийин аларды кооздошту. Кийинки мезгилдерде чопого  түрдүү формаларды түшүрүп, кичинекей айкелдерди тартышты. Барган сайын адамдын аткарган иштери артат жана күнүбүздөн  миңдеген жыл мурда абдан чоң жөндөмдүүлүгүнүн көрсөткүчү болгон чыгармаларды жарата баштайт. Анадолу географиясында  буларды көрө ала турган бир жер чыгат алдыңызга. Бул жер Чаталхөйүк. Бүгүнкү программабызда Чаталхөйүктөн сөз кылабыз.

  Анадолу адам баласынын узун тарыхына күбө болгон бир жер. Бул окуя кээде  археологиялык калдыктар менен айрым учурларда  эстеликтер менен алдыбызга чыгат. Бул окуялрдын көп билинбеген каармандары бар. Коргондор менен дөбөлөр...  Бир караганда бир дөбө сыяктуу көрүнсө да ичинде чоң бир тарых жашырылган. Бул дөбөлөр бири биринин кыйрандысынын үстүнө курулган конуштардын кабат кабат  чогулушу менен пайда болгон. Ачылган ар бир кабат менен эски бир шаар, эски бир айыл, андан да эски отурукташуу жерлери чыгат алдыбызга. Алар бизге убакыттын тереңдигин  эскертет. Азыркы мезгилден он миңдеген жыл мурункусуна барат.. Өмүрү акырына чыкканда табигый чөйрөгө шайкеш келет  жана акырындап жер менен бүтүндөшөт, ушундайча бир катмар пайда болот. Замандын  жашыруун күбөлөрү болгон дөбөлөрдөн эми эч бир из калган жок. Бир күн келет жаңы конуштар курулат жана бул ошол бойдон уланып кете берет.

  «Түмүлүстөр» болсо  дөңсөөлөрдөн айырмаланып турат; король, принц же губернатор сыяктуу коомчулукта  маанилүү кишилер үчүн  курулган монументалдык көрүстөндөр. Монументалдык көрүстөндөрдү символдоштуруу үчүн адамдар үстүнө топурак үйүшкөн жана бул  кездешилгендер бир  мезгилдин издери болгон.

Ноелиттик доор адамдын аңчылыктан отурукташкан турмушка өткөн жана биргеликте жашай баштаган абдан маанилүү бир этап. Адамдын жерди иштетип, эгин эгүүнү үйрөнүшү менен айыл  - чарба, жаныбарларды колго үйрөтүүсү менен да мал  - чарбачылык башталат. Акырындап айылдар, кыштактар жана шаарлар ортого чыга баштайт. Ачылышы менен чоң жаңырык жараткан Чаталхөйүк ал мезгилге тактап айтканда неолиттик доорго таандык алгачкы шаарлардан жана окшошу болбогон конуштардын бири. Архитектура, өнөр жана өлгөн кишини көмүү тууралуу башка бир маалыматтарды алуубузга мүмкүнчүлүк түзөт.

   Көчөсү болбогон, ичине чатырлар аркылуу кирилген жана бири бирине жабышкан үйлөрдөн турган Чаталхөйүк Анадолудагы миңдеген дөбөнүн эң кызыктуусу. Бир гана Анадолунун эле эмес, ошол эле учурда  Ортоңку Чыгыш аймагынын да көңүлдөрдү бурган неолиттик аянты. Чаталхөйүк татаал архитектуралык түзүлүшү, калктын жыштыгы, көркөм чыгармалардагы компетенттүүлүгү, каада-салты жана убакыттын өтүшү менен адамзат тарыхына жарык чачат. Ошондуктан ал ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Чаталхөйүк неолиттик шаары Кониянын Чумра районунда, Орто Анадолу аймагында жайгашкан. Чаталхөйүк өз мезгилинин эң ири жана калк жыш жайгашкан шаарларынын бири, эки миң жылдан бери тынымсыз отурукташуу аймагы болуп келген. 9000 жыл мурун пайда болгон бул неолиттик доордогу шаарда 8 000 адамдын жашагандыгы болжолдолууда, демек, ал  мезгил үчүн чындыгында маанилүү тыгыздыкта эл жашаган деген мааниге келүүдө.  

Чаталхөйүк  чыгыш жана батыш дөбөлөрдөн турат. Чыгыш дөбөдө 18 неолиттик конуш катмары ортого чыгарылган. Бул катмарларда  дубал сүрөттөрүнө, рельефтерге жана түрдүү айкелдер табылган. Бир үй – бүлөнүн  үйдөгү жашоо мөөнөтү акырына чыкканда  тактап айтканда 80 жылдан кийин үй топурак менен толтурулуп, үстүнө жаңысы салынып жана ушундайча 18 курулуш кабатынан турган бир дөбө ортого чыккан. Калколиттик  доорго тактап айтканда коло доорунда адамдардын чыгыш дөбөсүн таштап, батыш дөбөсүнө  отурукташкандыгы белгилүү. Адистер мунун бир көч эмес экендигин,  жөн гана жер которуу экендигин айтышат. Бул жер которуунун себеби чечиле элек болсо да чоң бир эпидемиянын чыгуу ыктымалына токтолушууда. Наалаттангандыгын ойлошкондуктан чыгыш дөбөсүнө кайра кайтышпагандарын жана кайрадан отурукташпагандарын айткандар да бар.

  Чаталхөйүктө  үйлөр абдан жакын же бири бирине жабышкан түрдө курулган, ошондуктан бул конуштарда эч бир көчө болгон эмес. Чатырлар  көчө функциясын аткарган, адамдар чатырлардын үстүндө басышкан. Кирпич, жыгач жана камыштан курулган үйлөр бир кабаттуу болгон жана  каалгалары чатыр болгон. Чатырдагы ачык жерден  алып жүрүүгө боло турган тепкичтин жардамы менен үйлөргө кирилген. Чоңдуктары бири бринен айырмаланып турса да ар бир үй бир бөлмө, бөлмөнүн ичинде жогорулатылган бир платформа жана бир кампадан турган. Негизги бөлмөдө  тамак бышырып, адамдар бийиктетилген платформаларда жатып  укташкан. Платформалардын асты башка бир максатта колдонулган : Чаталхөйүктүн адамдары бул жерге каза болгон кишилерди көмүшкөн.

Ак түскө боёлгон бөлмөнүн дубалдары сары, кызыл жана кара түстөрдөн турган сүрөттөр менен жана рельефтер менен кооздолгон. Аң уулоо сахналарынын, жылдыздар, куш, кийик, илбирс жана бири бирине жабышкан айланалардын, түрдүү геометриялык фигуралардын дубалдарга түшүрүлгөндүгү байкалат.

   Көп сүрөт тартылган жерлер үйдө көмүлгөн кишилер жаткан жерлер. Дубалдагы сүрөттөр өлүмдүн жолун да билдирет. Бул үйлөрдүн бирөөсүнүн дубалында 3 метр узундукта жана 90 сантиметр бийиктикте  бир карта бар. Азыркы күндөн 8200 жыл мурункусуна катталган бул картанын Чаталхөйүктүн шаар планы экендигин көрсөтөт. Анкара Анадолу цивилизациялар музейинде көргөзмөгө коюлган бул карта дүйнөнүн билинген алгачкы шаар планы катары кабыл алынууда.

Мындан 9 000 жыл мурда Анадолуда аял жана эркек тең укуктуу экендигин Чаталхөйүктүн саясында  билебиз. Шаарда үйлөрдүн тышында башка бир коомдук имарат, сарай, храм же монументалдык структуралар бар. Бул да бизге Чаталхөйүктө эч бир социалдык класстын болбогондугун көрсөтөт.

Казуу учурунда көп сандаган кичинекей айкелдер  ачыкка чыгарылат. Булардын ичинде илбирс жана букалар менен көп түрдүү жаныбар фигуралары көңүлдөрдү бурууда. Бирок Чаталхөйүктүн  кеңири жайылган жана белгилүү айкели түшүмдүүлүктүн,  берекенин символу болгон эне кудай фигуралары.

Казууларда токуучу станоктор, жөнөкөй формадагы карапа идиштер, жыгачтан оюп жасалган табактар, таштан жана сөөктөн жасалган шаймандар, себеттер жана зер буюмдар табылган. Табылгалар Чаталхөйүктөгү адамдардын дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен гана алектенбестен, айрыкча токуучулук жана тоо - кен тармагында өнүккөндүгүн көрсөтүүдө.

   9000 жыл мурунку Чаталхөйүктөгү жашоо ошол мезгилдин адамдары биз ойлогондой примитивдүү эмес экендигин, тескерисинче, алар биринчи үй архитектурасын, алгачкы дубал сүрөттөрүн жана биринчи шаар картасын түзүүдө жетиштүү деңгээлде жөндөмдүү экендигин көрсөттү. Чаталхөйүк - ал доордун коомдук түзүлүшүн жана алардын кандайча жашагандыгын түшүнүү жагынан адамзат тарыхынын негизги жеринде  турган уникалдуу археологиялык жер. ТРТ «Түркия үнү» радиосу үчүн «Анадолунун алгачкылары» программасын даярдаган Неслихан Дегирменжиоглу.



Тектеш кабарлар