Суу менен башталган маданият – 26. 2021

Адам баласынын жер бетиндеги турмушу табиятты тууроо менен башталды.

1591890
Суу менен башталган маданият – 26. 2021

Адам баласынын жер бетиндеги турмушу табиятты тууроо менен башталды. Кийинчерээк туураганды таштап ойлоп табууну, өндүрүүнү үйрөндү бирок иш табиятка үстөмдүк кылганга чейин жетти. Табиятка, сууга өкүмдүк кылгандыгын ойлогон адам негизинен аны жок кылып жаттыбы? Адамдын табияттан жогору экендиги жана табияттагы бардык нерсенин адам үчүн бар экендиги, ага кызмат кылышы керектиги тууралуу пикирге качан кабылдык? Бул чоң жаңылуу  иштөө шарттары оорлошкон, бир гана максат дагы көп өндүрүү жана дагы көп киреше табуу болгон өнөр жай төңкөрүшү мезгилинде башталбыды?

Калктын санынын өсүшү, өнөр жай төңкөрүшүнөн тарта таза суу булактарынын ылдам булганышы жана климаттык алмашуунун натыйжасында суунун баасы азыркы күндө дагы да артты. Суу үчүн «көгүлтүр алтын» деп айтылууда. Бүгүн баа бычылган нерсенин керек болгон сыйды көрөрү жана дүйнөдөгү эң негизги турмуштук заттын тактап айтканда суунун бекер болбой тургандыгы пикирин жактагандар бар. Суунун  соодага айланышы, нефть сыяктуу биржаларда сатылышына ишенгендер да бар. Австралияда турмушка ашырылган бул  пикир менен дистопияга айланды. Дыйкандар акысын төлөсө  эгин талаалары же малдары суу менен камсыздалат. Акчасы жоктор абдан кыйын мезгилдерди өткөрүшүүдө. Кинолордон көргөн суу согуштарына аз калгандай көрүнүүдө.

Сууну бир гана акчасы барлар колдонуп, акчасы жоктордун колдоно албагандыгын ойлоонун өзү эле куркунучтуу эмеспи? Сууну товарга айланыдрууга аракет кылгандар, суу укугун жокко чыгарышууда албетте жашоо укугун да! «Суу жер жүзүндөгү муктаждар менен жетимдерди  багат, суусуздуктан кургап калгандарды тирилтет»,- деген белгилүү ойчул Мевланынын философиясы менен жуурулган бул жердин инсаны үчүн жашоо укугунун сатылышы кабыл алынгыс. Анткени суу жок болсо жашоо да жок.

Суу бир гана химиялык формулабы? Эки гидроген, бир кычкылтектен турат деп айтуу жетерлик болобу? Андай болсо эмне себептен өндүрүлө албайт жана көйбөйтүлө албайт? Анткени суу маселеси жөнөкөй көрүнгөнү менен абдан татаал нерсе. Суунун турмуштук маанисин түшүнгөндөр анын абдан баалуу заттан да кымбат экендигин билишет. Бир өзбек макалында : «Суунун ар бир тамчысында алтын дан бар»,-  дейт. Суу баа жеткис! Суунун баалуулугу бардык нерседен да кымбат. Себеби жашоо, турмуш сууга байланыштуу.

Тилекке каршы ичүүгө боло утрган суу трагедиялуу түрдө азайып баратат. Дүйнө глобалдык суу кризиси менен бетме  - бет. Ошондуктан суу өлкөлөрдүн жашоосу, келечеги, коопсуздук пайдалары жана экономикалык өнүгүшү жактан чоң мааниге ээ болгон  булак катары алдыбызга чыгууда. Бүгүн Австралия континенти башта болгон жана башка континеттерде да чыккан чоң өрттөр кургакчылыктын кабарчысы.

Бул дүйнөнүн суулары өзгөчө да дарыялар бул болгондордун үнсүз күбөсү. Тил бүтүп сүйлөп берсе,  биз кызыккан, чындыгын билбеген, толук болбогон жоопту  толуктап берер эле. Балким да миңдеген жылдар болгондой үнсүздүгү менен сырларды сактоону улантат.

Суу дүйнөдө турмуш башталгандан мурда пайда болгон. Адам анын алдында күчсүз жана көпчүлүк учурда чаарасыз эле. Адам сууну өзүнөн күчтүү көрдү жана коркту. Кийинчерээк суу жээктерине жайгаша баштады. Кээде  да андан шыпаа тапты.

Кээ бир аймактардын башкаларына караганда  суу тууралуу мүмкүнчүлүгү жогору эле. Анткени аларга көлдөр менен деңиздердин көпчүлүгү берилген. Бирок бул мүмкүнчүлүктөрдүн айынан согуштарга, басып алууларга ачык абалга келди. Анадолу мына ушундай аймак болду.

Урматтуу окурмандар, бул 26 программада тарыхтын баталышына күбө болгон, тарыхка түбөлүк из калтырган Анадолуда суу менен бирге көгөргөн, бүткүл дүйнөгө из калтырган цивилизацияларды, алардын суу менен болгон байланышынан сөз кылууга аракет кылдык.

Программабызды айыл чарба сугатындагы ийгиликтери менен цивилизациянын башатында турган шумерлерден баштадык. Шумерлер саздарды кургатып, сугат каналдарын куруп, суу ташкынын алдын алышкан. Суунун маанисин абдан мыкты билген вавилдиктерди, байыркы доордун жети кереметинин бири болгон, ал көркөмдүү бакчалары, Вавилдин асма бакчаларынан көз кылдык... Суу менен башка башка бир байланыш курган хеттылардын, Анадолунун жана дүйнөнүн иштеп жаткан жана бир гана суу сактагычы болгон байыркы хетты суу сактагычынан жана ыйык бассейндери менен Эфлатунпынар эстелигинен сөз кылдык. Анан калса суугаруу цивилизация катары кабыл алынган урартуларга орун бердик.

Биз күтпөгөн учурда алдыбызга чыккан монументалдык курулуштардан Поллио суу каналын жана кылымдардан бери суу кыйынчылыгын тарткан Стамбулдун суу маселесин чечкен көркөмдүү Валенс суу каналынан сөз кылдык. Алгачкы  суу инженери миллеттик Талеске, мезгилиниин тазалануу жана социалдашуу жерлеринен, дүйнөгө белгилүү Рим жана түрк мончолорунан, шаарлардын суу муктаждыктарын камсыз кылган цистерналардан, жыл сайын миңдеген туристтин агымына учураган көркөмдүү суу түрүктөрүнө орун бердик.

Ликия биримдигинин борбор шаары Патарадагы дүйнөнүн эң эски деңиз панары менен Анадолу археологиялык мурасынын окшошу болбогон курулуштарынын бири болгон инженердик керемети Деликкемер тууралуу баяндадык.

Анадолунун суу шаары катар аталган, суу менен бүтүндөшкөн шаарларынын бирөөсү Перге тууралуу да кеп салып, архитектуралык жана өнөрдүн суу тууралуу жарышкан белгилүү Аспендос байыркы шаарынан да сөз кылдык. Табият менен суу биригип ортого чыгарган көркөмдүү чыгармасы Паумккале менен адамзатка отко да күйбөгөн чыдамдуу пергамент кагазын белек кылган, суу менен дарылоодо колдонулган Бергама королдугунан да...

Дүйнө жүзүндөгү саналуу термалдык суу булактарынан, тарыхы адамзаттык тарыхынан да эски, Түркиянын чектерин ашкан Тигр менен Евфрат дарыясы тууралуу баяндадык.

Анадолу аймагындагы суу менен жашап келген курулуштардын кээ бирлеринин дүйнөдөгү саналуу үлгүлөрүнүн бирөөсү, кээ бирлеринин да бир гана үлгү экендигин көрдүк. Өз мезгилинен алда канча алдыда турган суу курулуштарын, архитектурасы менен өнөрү менен алар менен жашап келген шаарларды тааныштырдык. Суунун баалуулугун бизге жүздөгөн, миңдеген жыл мурда билдирген ал цивилизациялардын үнүнө кулак салдык. Тарых жазыла баштаган Анадолу аймагында өткөн күндөн азыркы күнгө өткөрүлгөн мурас менен маданияттан сөз кылдык. Бул жерлердин айтылбаган канчалаган баяны бар. Көптөгөн ачылууну күткөн суу курулуштары менен суу үчүн жазылган, суунун жазган аңгемелери... Өткөн күн менен келечек жуурулушкан  бул эзелки жерлерде суу тууралуу айтыла турган дагы көптөгөн сөздөр бар. Бизди биз кылган, Анадолу инсанынын маданиятын, акылмандыгын бул маданий мозаиканы түзгөн аралашма суу. Биз да суу тууралуу жазып, суунун Анадолудагы миңдеген жылдык тарыхынан сөз кылууга аракет кылдык.

Түркия үнү радиосу үчүн Неслихан Дегирменжиоглу даярдаган «Суу менен башталган маданият» аттуу программа.



Тектеш кабарлар