Ден-соолуктун башаты-4

Түркия мамлекетинде эмгектенип келе жаткан мекендешибиз Гүлайым Батырбекова менен Түркия мамлекетинде билим алуунун жолдору жана ошондой эле кесиби стоматология боюнча маегин сиздер менен бөлүшөбүз.

1589380
Ден-соолуктун башаты-4

Урматтуу окурмандар, “Ден-соолуктун башаты” аттуу программабыздын бүгүнкү чыгарылышында стоматология бөлүмү тууралуу болмокчу.   

           Бул программабызда Түркия мамлекетинде эмгектенип келе жаткан мекендешибиз Гүлайым Батырбекова менен Түркия мамлекетинде билим алуунун жолдору жана ошондой эле кесиби стоматология боюнча болгон маегин сиздер менен бөлүшөбүз.

Маектешкен Назгүл Кадырова.

            Суроо: Саламатсызбы, Гүлайым айым. Алгач бизге убакыт бөлүп маек куруп берип атканыңыз үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз. Өзүңүз тууралуу кыскача айта кетсеңиз. Түркияга кандай жол  менен келип иштеп калдыңыз?

         Жооп:  Саламатсыздарбы. Мен Батырбекова Гүлайым. Тиш докторумун. Азыркы учурда Хажеттепе университетинин стоматология факультетинин ортопедия бөлүмүндө ординатормун. Алгач Түркияга 2012-жылы окууга тапшырып, билим алуу үчүн келгем. 2012-жылдан бери окуумду аяктап, окуудан кийин ординатурага өтүш үчүн ТУС (TUS адистик сынагы) сынагына кирип, бул сынактын жыйынтыгы менен кайрадан ординатурага тапшырганда өзүмдүн университетиме Ортопедия бөлүмүнө өтүп калдым.   

         Суроо: Түркияда сиздин кесибиңизде билим алыш үчүн кандай этаптардан өтүү зарыл? Эмне документтер керек жана кандай сынактарды тапшырыш керек, бул тууралуу маалымат бере кетсеңиз.

         Жооп:  Негизи мен университетке тапшырганыма тогуз жыл болуп калыптыр. Көп эле убакыт деп ойлойм. Ошондуктан эгерде тапшыра турган достордон болсо, алар биринчиден, окугусу келген университеттин тизмелерин түзүп, тизмеге карата ар бир университеттин өзүнүн сайтына кирип кандай талаптары бар экенин карап, изилдеп чыгыш керек.  Анткени, ар бир университеттин өзүнө карата талабы бар. Бирөө, мисалы: “ЖРТ (Жалпы республикалык тест) баллы менен кабыл алам” - десе, башкасы: “Жок, мен ЖРТ баллына карабайм, мен үчүн TOEFL (Test of English as a Foreign Language) же SAT (Scholastic Aptitude Test) керек” - дейт. Башка бирөө болсо өзүнө ыңгайлуу болгон башка бир сынакты айтышы мүмкүн. Ар бир университеттин өзүнүн дагы кабыл алуу мөөнөтү болушу мүмкүн. Ошол үчүн эң эле туурасы ар бир университеттин сайтына кирип, изилдеп маалыматты табуусу туура болот деп айта алам. Мен өзүмдүн окууга өтүү жолумду айта кетсем, “Түркия Бурслары” (Түркия стипендиялыры) деген программа менен өткөм. Бул программа стипендия берген бюджеттик программа. 2012-жылы интернеттен эле бул программанын сайтын ачып, өзүм жөнүндө маалыматты толтуруп, кыскача эссе жазып “Эмнеге Түркияга келгим келет? Эмнеге бул кесипти тандадым? Келечекте кандай максаттарым бар” – деген суроолорго жооп бергем. Кыскача жакшы эссе, өзүмдүн аттестатымдын баллын жана жетишкендиктеримди жазып, ал убакытта менин колумда SAT деген сынактын баллы дагы бар эле, ошол сынактын жыйынтыгын жазып толтургам анкетаны. Ал анкетадан тандалып экинчи турга барганда ЖРТнын жыйынтыгы бар эле. Ошол жыйынтыкты жана бардык сертификаттарымды көрсөтүп, SAT сынактын жыйынтык кагазын көрсөтүп жакшы өткөн. Каалагандар болсо “Түркия Бурслары” программасын изилдешсе болот, каалагандар болсо ар бир университеттин өзүнүн сайтынан да маалымат табып карасаңар болот.

         Суроо: Кыргыздарда “Катуудан тиш оору, жумшактан ич оору жаман” – деген кеп бар эмеспи. Анын сыңарындай тиш даарылоодо эски учурдай кыйынчылыктар азыркы учурда жок болгону менен эстетикалык жактан жакшы көрүнүш үчүн бүгүнкү күндө да тиш доктурларга кайрылгандар көп болсо керек. Айтсаңыз, азыркы учурда сиз иштеп жаткан ооруканада кандай күн тартиби менен иштеп келатасыздар. Анан биздин мекендештерибизден сизге кайрылгандардан да болсо керек, аларга кандай жардам берип келе жатасыз?

         Жооп: Туура айтасыз, бизде эстетикалык талап менен кайрылгандар көп болот. Бирок биз биздин жасаган иштерибиз жалаң гана эстетиканы эмес фонетиканы да, фунцияны да өзгөртөт. Ден-соолукка да таасири болгон үчүн талап негизинен эле көп. Былтыр пайда болгон коронавирус пандемиясынан кийин биз бир нече убакыт ооруканада кабыл алууну токтотконбуз. Бирок, кайра эле күзгө жакын кабыл алууларды улантып баштадык. Өткөн айлардан бери күтүп жаткан пациенттер көп болчу. Ошолорду четинен бүтүргөнгө аракет кылып жатабыз. Оорукананын иштөө убактысы дүйшөмбү күндөн жума күнгө чейин, эртең менен 8:30дан кечки саат 17:00гө чейин.

            Биздин мекендештерибизден кайрылгандардан көп эле болот. Эң биринчи убакыттар - мен ординатурага өткөн убакыттар болчу. Кайрылгандар көп болуп, мен кандай жардам берсем болот экен деп ойлонуштуруп, бир жолун таап анан жеке клиника менен сүйлөшкөнбүз. Ал жерде дем алыш күндөрү кабыл кылып баштадым. Негизинен биздин мекендештерден эң эле көп кыргыз эжекелер кайрылышат. Алардын иштөө убактысы менен больницага келүү дайыма мүмкүн болбойт. Же документтеринин маселелери болгон үчүн жеке клиникада кабыл алуу аябай эле ыңгайлуу болду. Ал жерге келгенде эч кандай документ да каралбайт, көрүшүү сааты да алынбайт. Түзмө-түз мени менен сүйлөшүп, саатын, убактысын тактасак болот. Клиникада иштеп жатканыма эки жылдан көп убакыт болду. Эки жыл ичинде көп эле эжекелер кайрылды. Жалгыз гана эжелер эмес байкелер, студенттер дагы кайрылышты. Колдон келишинче жардам көрсөткөнгө аракет кылдык. Ал жерде мен жалаң гана протез эмес даарылайм дагы, тиш суурам керек болгондо. Тиш тазалайбыз, бардыгын кылабыз. Клиниканын жайгашкан жери дагы жакшы. Баасы дагы эконом-класс болгон үчүн клиниканын өзүнүн койгон баалары бар. Ал баалар дагы көп кымбат эмес. Ошол үчүн келген талапка ылайык жооп бергенге аракет кылдык. Азыркы учурда пандемия болгон үчүн дем алыш күнү сыртка чыгуулар кыскарды, бирок ага карабай эле врачка барам десеңер клиникадан смс жөнөтүлөт. Ошого жараша келип турсаңар болот.

            Суроо: Гүлайым айым, бизге атайын убактыңызды бөлүп маек куруп бергениңиз үчүн дагы бир жолу сизге ыраачылык билдиребиз. Мындан кийинки иштериңизге ийгиликтерди каалайбыз, саламатта калыңыз.

         Жооп: Чоң рахмат, суроолоруңуздарды сунганыңыздар үчүн, убактыңыздарды бөлгөнүңүздөр үчүн мен дагы ыраазычылык билдирем. Ден соолугуңуздар сак болсун, бар болуңуздар.

            Урматтуу окурман баарыңыздарга ден соолук каалайбыз жана ар күнүңүздөрдүн бакубат өтүшүнө тилектешпиз. Программаны даярдаган Назгүл Кадырова. 



Тектеш кабарлар