Байден мезгилинде Түркия  - Америка карым  - катнаштары

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору, жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын Байден мезгилинде Түркия  - Америка карым  - катнаштары тууралуу пикири.

1578054
Байден мезгилинде Түркия  - Америка карым  - катнаштары

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору, жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын Байден мезгилинде Түркия  - Америка карым  - катнаштары тууралуу баа берүүсү.

Америка тарыхынын прогрессивдүү  кабинетин түзүү максаты менен кызматын баштаган Байден Трамп мезгилинен айырмаланган  бир мезгил менен бетме  - бет экенин бизге көрсөтүүдө. Керек болсо символдук деңгээлде, керек болсо турмушка ашырылган алгачкы иш  - аракеттерге каралганда Байдендин Трамп башкаруусуна тескери бир башкаруу түшүнүгүнө ээ экендиги көрүнүүдө. Өзгөчө  кабинет тандоодо бул абал дагы ачык түрдө көрүнүүдө. Ак түстүү, эркек жана протестант күбөлүгү басымдуулук кылган кабинет менен Трамп отурукташкан тартипке согуш ачуу менен ишин баштаган. Бир топ мекеменин күчүн алсыратып, жогорку деңгээлдеги дайындоолордо кыйынчылыктарга туш болгон жана бир эле министрликте түрдүү министрлик менен иштөөгө мажбур болуп өзгөчө тышкы саясат маселелерин ишке ашырууда ийгиликсиз болгон Трамп башкаруусунан сөз болууда.

Байден болсо отурукташкан тартипти кайра алып келүүдөн башка прогрессивдүү жана демократиялык убадаларын ишке ашыра турган кабинет ысымдары жана пландары менен ылдам киришти. Трамп башкаруусу бир топ жогорку деңгээлдеги саясий дайындоону аткарбастан мекемелерди алсыздандыргандыгы менен мактанса, Байдендин миңден ашуун дайындоону биринчи он күндө аткарышы маанилүү белги катары түшүнүлдү. Бул ылдам болгон абалдар Байден башкаруусунун ишке олуттуу карай тургандыгын көрсөтүүдө. Медианын да колоосун алган  Байдендин биринчи 100 күнү тынч өтө тургандай.

Байдендин тышкы саясат тобу бир топ аймактык жана глобалдык саясий маселелердин салмагын ойлогондо  абдан маанилүү. Өзгөчө мамлекеттик катчысы Блинкендин Байден менен көптөгөн жылдар бирге иштеши, Улуттук Коопсуздук кеңешчиси Жейк Салливандын Блинкенге жакын ысым болушу жана коргоо министри Лойд Огустиндин да Байдендин Иракта жакындан тааныган бир аскер болушу буга мисал боло алат. Бул кишилер  ысымдары менен дал келген бир тышкы саясат түшүнүгүнөн башка «милдетин аткаруучу киши» профилдери менен алдыга чыгууда. Байдендин тышкы саясат тармагындагы өз карьерин да ойлогондо  тобу менен шайкештик ичинде иштөөнү каалагандыгы ачык. Дал ушул жерде  Байден жана тобунун тышкы саясат тууралуу Түркия менен карым  - катнаштарды кандай калыптандырары тууралуу суроо эске келет.

Эң башта каралганда Байдендин тышкы саясат тобунун Түркия тууралуу темаларга ээ экендиги көрүнүүдө. Россия, Сирия, Чыгыш Жер Ортолук деңизи, НАТО, С  - 400 жана Иран булардын башында турат. Бул ысымдар азырынча Түркия менен карым  - катнаштарда «катуулукту» жактагандыгы тууралуу маалымат беришкен жок. Ал түгүл убл ысымдардын ушул кезге чейин Түркия тууралуу билдирүүлөрүнө караганыбызда АКШнын саясатын актаган жана  НАТО союздашы менен бирдикте иштегенди каалаган бир түшүнүктүн алдыга чыкканын көрүүдөбүз. 15 -  июлдан кийин Байден менен бирге Түркия Улуттук Парламентин келип көргөн Блинкендин 2017 -  жылы Трампка ЙПГни куралдандыруулары керектиги боюнча кеңеш бергени белгилүү.

Сенаттагы отурумунда Түркиянын Россиядан С   - 400 алышы тууралуу «Кабыл алынгыс» деген Блинкендин аракети да Конгресстеги анти  -  Түркия атмосферасын канааттандырды деп кабыл алынды. Ошол эле отурумда  Түркияга «жалган» бир союздаш түрүндө көрсөтмө бериши Түркия тууралуу көз карашы боюнча белгилерди берип жаткан. Бирок ошентсе да Блинкендин түрк тышкы иштер министри менен байланыш түзүшү Вашингтон тарабында этияттык атмосферанын бар экендигин көрсөтүүдө. Улуттук коопсуздук кеңешчиси Салливандын да европалык кесиптештери менен өткөргөн сүйлөшүүдөн кийинки билдирүүсүндө Түркияны Европа менен иштеши керек болгон «жалпы маселе» катары Кытай менен бирдикте сөз кылышы сыяктуу тескери мисал болду. Блинкен менен Ибрахим Калындын ортосунда өткөн акыркы телефон аркылуу сүйлөшүү  азыр да белгисиз болгон бул атмосфераны толугу менен жок кылгандай эмес.

Азырынча Түркияга алыс жана муздак тил колдонгондугу байкалган тышкы саясат тобунун Сирия, ЙПГ, С  - 400, ФЕТӨ, Чыгыш Жер Ортолук деңизи, Ливия жана башка так саясий маселелеринде акыркы болуп Байдендин саясаттарын ишке ашыра тургандай көрүнүүдө. Бирок Түркия  - Америка карым  - катнаштарындагы маселе жараткан аянттардын башкарылуусунда бул абалдын структуралык бир функцияны аткарбай тургандыгы азыртадан белгилүү болду. Байден башкаруусу Обама жана Трамп башкаруусунун аралашмасынан турган белгисиз жана стратегиясы болбогон тышкы саясат аң  - сезимин жактыра турган болсо эки тараптуу карым  - катнаштарда калыбына келүүнүн болушу мүмкүн эместей.



Тектеш кабарлар