Америка кайтып келе жатабы?

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу доцент Мурат Йешилташтын пикири.

1569297
Америка кайтып келе жатабы?

           

Урматтуу окурмандар, 20 -  январдан тарта Жо Байден АКШнын 46 -  президенти катары кызматын баштады. Байден акыркы 70 жылдын эң көп добуш алган президенти жана демократ талапкери катары тарыхка өттү.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу доцент Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

Ноябрь айынан январь айына чейинки убакыт абдан баш – аламан өттү. Трамптын тынчтык жолу менен президенттикти өткөрүп бербей тургандыгы тууралуу күтүүлөр бар эле бирок окуялардын акыркы келген жерин эч ким болжолдой албайт эле. 6 -  январда Американын тарыхында бир алгачкы болду жана Трамптын тарапташтары Конгресс имаратын басып алышты. Кандуу басып алууда 5 киши каза болуп, АКШнын жалпы дүйнөдө начарлаган имиджи жер менен жексен болду. Кандуу басып алуудан кийин Трамп үчүн экинчи жолу кызматтан алыстатуу  добушу берилди. АКШнын борбор шаары Вашингтон Ирактын борбор шаары Багдатта болгондой окуяларга күбө болду. 2 500дөн ашуун Америка аскери борбор шаардын көчөлөрүндө баррикада куруп, Конгресс имаратынын ичине жайгашышты. Булардын баары болуп жатканда АКШда Ковид  - 19 эпидемиясынан улам каза болгондордун күнүмдүк саны 4000ден ашты. Ошондуктан Байдендин бир урандыны өткөрүп алгандыгын айтуу жаңылыш болбойт. Байден кандай Американы кургусу келип жатат?

Бул суроого карата Байден жана тобунун жообу ачык көрүнүүдө. Байден Американын кайтып келгендигин айтты. Бул билдирүүнү бир топ киши Байдендин жалпысынан ички жана тышкы саясат түшүнүгүн көрсөткөн алкак катары түшүндү. Андай болсо Американын кайтып келиши эмне деген маанини билдирет?  Байдендин  тышкы саясат алкагын жалпысынан белгилеген бул мамилесинин биринчи негизин Америка лидерлигинин кайрадан курулушу түзүп жатат. Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен АКШ глобалдык системага лидерлик кылбаса калтырган боштугунун авторитардык күчтөр тарабынан толукталгандыгын жана бул абалдын  эл аралык системада ыраатсыздыкка себеп болгондугу ортого салынууда. Байден тышкы саясатта эң оболу Америка лидерлигин кайра алып келүү үчүн аракет кылууга мажбур экендигин билет. Бул лидерликтин эки негизги компоненти бар. Бирөөсү АКШнын тебеленген имиджин калыбына келтирүү, бирөөсү болсо Кытай менен Россиянын алдында күчтүү лидер болууга кайрадан жетишүү. Байдендин экинчи алдыңкылыгы эл аралык мекемелердин маанисин  кайрадан бекемдөө. АКШ Трамп мезгилинде БУУ, НАТО, Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму сыяктуу негизги эл аралык мекемелер менен олуттуу маселелерди жашады. Байдендин тышкы саясаты биринчи кезекте эл аралык мекемелерди кайрадан күчтөндүрүп Америка лидерлигинин бул мекемелер аркылуу кайрадан курулушуна негизделгендей. Ушунун негизинде көп тараптуулуктун Байден мезгилинде Америка тышкы саясатында маанилүү  ордунун болорун айта алабыз. Байдендин үчүнчү алдыңкылыгы болсо глобалдык экономикада  Америка лидерлигин кайрадан калыбына келтире турган жаңы бир түзөтүүлөрдү киргизүү. Бул жерде Трамп мезгилинде АКШ  -  Кытай соода согуштары эске келет. Байдендин Кытайды атаандаш катары көргөндүгү айдан ачык бирок Кытайды Трамп же республикачылдар сыяктуу да көрбөйт. Улуттук коопсуздук кеңешчиси болгон Сулливан : «Кытай менен бирдикте жашоо» формуласынын тышкы саясаттын негизги сызыктары экендигин айтышы Байдендин Кытай менен чыр  - чатакташуунун ордуна аны менен макулдашып Кытай менен бир саясат жүргүзө аларын көрсөтүүдө. Бирок Байдендин экономика тууралуу маселеси бир гана Кытай эмес. Корона эпидемиясы себеп болгон экономикалык жагдай Байдендин экономикалык саясатына жетеринче тоскоол боло тургандай. Байдендин төртүнчү алдыңкылыгы эл аралык мыйзамга жана эрежелерге таянган либералдык тартипти куруу. Ушунун негизинде эл аралык нормаларды кайрадан калыбына келтирип Америка лидерлигиндеги имидж жоготууну кайра алып келүүгө аракет кылып бир саясат белгилей ала тургандыгын айтууга болот. Бул максат АКШнын глобалдык системаны кармап турган глобалдык эрежелер аркылуу жаңы түзөтүүлөрдү киргизиши керек. Бул үчүн да АКШ дагы көп союздаштыкка муктаж. Бул төрт негиз АКШнын эл аралык системага кайтып келишине мүмкүнчүлүк бере алабы деген суроо абдан маанилүү. Байдендин Трамптан алган уранды  жана дүйнө саясатынын өзгөргөн мүнөзү мунун ишке ашышынын абдан кыйын экендигин көрсөтүүдө.



Тектеш кабарлар