Россиянын Ливия саясаты

Тышкы саясат изилдөөчүсү Жан Ажундун Россиянын Ливия саясаты тууралуу баа берүүсү.

1563912
Россиянын Ливия саясаты

 

Ливия, Түндүк Африка, Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Түштүк Европанын контекстиндеги геосаясий абалы боюнча маанилүү өлкө болсо, энергетикалык ресурстар жагынан дагы өтө бай өлкө. Ушунун негизинде өлкөдө болуп жаткан күч күрөшүндө аймактык жана глобалдык күчтөр таасирдүү болуу менен Ливиянын келечегинин аныкталышында сөз ээси болууну каалап жатат. Бул өлкөлөрдүн башында Россия турат.

Ливия 2011 -  жылы Каддафинин кулатылышынан мурда социалист бир өлкө болгонуна карабастан Москвадан көз карандысыз бир жолду жүргүзүп жаткан. Ушуга карабастан Ливия жана Россиянын ортосундагы карым  - катнаштар аскердик жана экономикалык кызматташууну камтып жаткан. Бирок СССРдин таркашынан кийин бул кызматташуу Москванын Ливияга жасалган эл аралык санкцияларга саясий колдоосу менен бирге акырына чыкты. Бирок Путин менен бирге күчтөнө баштаган Россия, дүйнөлүк саясий сахнасына кайтып жатып Ливия менен карым  - катнаштарын да кайрадан курду. Араб жазынын таасири менен өлкөдө башталган төңкөрүш жана тышкы кийлигишүүгө чейин маанилүү курал жана энергетика келишимдерин түзүп Ливияда таасирдүү боло баштады. НАТОнун жол башчылыгындагы кийлигишүү Каддафини кулатуусунда Россия Ливияда оюндун тышында калды.

Россия Ливияда болуп жаткан ички кагылышууларды узун убакыт жөн гана карап турду. Акырында өлкөдө пайда болгон күч боштугунан пайдаланып 2017 -  жылы кайрадан активдеше баштады. Козголоңчу Халифе Хафтер менен жакындашып, Вагнер сыяктуу жалданма аскердик күчтөрүн да Ливияга алып барып өзгөчө өлкөнүн чыгышына жайгаштырды. Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу өлкөлөр менен иштешүүнү тандады.

Бүгүн Россиянын Ливия саясаты расмий түрдө Улуттук Ынтымактык Өкмөтү жана Ливия Улуттук Армиясын сүйлөшүү столуна алып келүүнү максат кылууда. «Тарапсыз бир судья» ролун ойноого аракет кылган Москва кризиске саясий чечүүчү жолдун жактоочусу катары өкүлчүлүк кылууда. Бирок аянттагы абал тескерисин көрсөтүүдө. Москванын Хафтердин армиясына бир гана саясий эле эмес, аскердик  колдоо бергендиги белгилүү. Россиянын куралдары Ливия Улуттук Армиясынын согушкерлеринин колунда экендиги жана жалданма аскерлери кагылышуу болгон аймактарда орун алгандыгы ачык.  Бирок Кремль жалданма аскерлердин бар экендигин жана курал сатууну танууну улантууда.

Акыркы жылдарда Москва Ливия саясатында жалданма аскерлер жана байланыш группасы сыяктуу «салттуу болбогон методдорду» колдонуу тенденциясын көрсөттү. Ушунун негизинде Россиянын Ливиядагы тышкы саясатынын жүрүшүн, Россиянын Жакынкы Чыгыштагы өкүлү ролун аткарган Чечен республикасынын башчысы Рамазан Кадыров маанилүү өлчөмдө калыптандырууда. Өзгөчө Рамазан Кадыров, кеңешчилери Адам Делимханов жана Лев Денгов менен бирдикте 2015 -  жылы курулган Ливия  - Россия  Байланыш группасын түздү. Акырында Россия Ливияда пайда болгон күч боштугунан пайдаланып аянтта таасирдүү болду. Хафтерди аскердик жактан колдой баштады. Сейфүлислам  башта болгон Каддафи үй  - бүлөсү менен карым  - катнаштарын өнүктүрдү. Бириккен Араб Эмираттары жана Египет сыяктуу өлкөлөр менен кызматташуу түзүп, Вагнерди Ливияга жайгаштырды жана өзгөчө чыгышта олуттуу түрдө орун алды. Азыркы конъюнктурада өз таасирин сактоону каалап жатат. Россиянын Ливиядагы максаттарынын бири да «Роснефть», «Татнефть» жана «Газпром» сыяктуу орус энергетика фирмаларына аянт ача тургандай түрдө ылайыктуу бир саясий атмосфераны түзүп Жер Ортолук деңиз энергетика базарында таасирдүү бир оюнчу болуу аракети. Андан башка Москванын Ливия ичиндеги бийлик талашына кошулуу, өлкөдө болууну турукташтыра турган түрдүү саясий жетишкендиктерге жетишүү каалоосу менен белгиленүүдө. Айрыкча Москва Африка материгиндеги өзгөчө да Чыгыш Жер Ортолук деңиз аймагында болууну кеңейтүүнү максат кылууда. Ушундайча «аймактагы» эң узун Жер Ортолук деңиз жээгине ээ болгон энергия байы Ливия орус тышкы саясатынын күн тартибинен орун алган. Экономикалык маанисине карабастан Ливия кагылышуусунун чечилиши Москва үчүн турмуштук маселелердин бири эмес. Ушуга карабастан Россия Ливия кризисинде орун алып башка аймактык актерлорго тийгизген таасирин көрсөтүүнү максат кылууда.



Тектеш кабарлар