Ден-соолуктун башаты-1

Агры шаарындагы Ибрахим Чечен университетинин ага окутуучусу, психолог Султанбек Халматов менен маегибизди сиздерге тартуулайбыз.

1563131
Ден-соолуктун башаты-1

        Урматтуу окурмандар “Ден соолуктун башаты” аттуу программабыздын 2021-жылдагы алгачкы чыгарылышы назарыңыздарда.

        21-кылымдын хаосун жараткан короновирус илдети жер жүзүнө тарагандан баштап жана дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму короновируска байланыштуу эл аралык масштабда өзгөчө кырдаал деп жарыялагандан баштап жалпы адамзаттын адаттагы жашоосунун нугу өзгөрдү. Бул илдеттен дүйнө жүзү боюнча жүз миллионго жакын киши ооруну жуктуруп жабыркаган болсо, анын эки миллионго жакыны каза болду. Илдеттин жайылышы менен дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо тармагына болгон көз карашы өзгөрдү. Бул тармакка жеткиликтүү көңүл бурбаган өлкөлөр өтө кыйын абалга туш болду. Акыркы он жылдыкта саламаттыкты сактоо жаатында аткарылган реформалар жана иш-чараларда Түркия мамлекети өзүн мындай күтүлбөгөн кырдаалга абдан даяр экендигин көрсөттү. Курулган оорукана шаарчалары, колдонулган заманбап аппараттары, бирдиктүү иш алып баруу системасы, дасыккан адистери жана жалпы өлкө жетекчилиги алгачкы күндөн тартып эл менен тыгыз иштеп, коронавирус илдетинин өлкөдө таралышын алдын алууда, оорулууларды даарылоодо, чет өлкөдөгү жабыркаган же келе албай калган жарандарын мобилизациялоодо ийгиликтүү иш алып барды. Ошондой эле, Түркия мамлекети бул илдеттин жайыла баштаган күнүнөн тартып дүйнөдөгү 135 өлкөгө өз жардамын берип, оор кырдаалдан чыгууларына өбөлгө болду.

        Башыбыздагы кыйын кырдаал бизди бул жылы ден соолук тармагында программа даярдоого түрттү. Түркия өлкөсүндө саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенип жүргөн түрк жана кыргыз адистерден жалпы жарандардын ден соолуктарына туура кам көрүүсүнөн баштап, күндөлүк турмушундагы илдеттин терс таасирин эң төмөнкү даражага жеткирүү туурасында кандай кам көрүү керектиги, мындан кийинки жашоосундагы өзгөрүүлөргө кантип даярдануусу керектиги тууралуу деги эле ден соолукка байланыштуу ар тармактан  сиздерге маалыматтар, кызыктуу фактылар жана видео интервьюларды сунуш кылмакчыбыз.

        Бул программабызда Түркия мамлекетинде эмгектенип келе жаткан мекендешибиз Агры шаарындагы Ибрахим Чечен университетинин ага окутуучусу, психолог Султанбек Халматов менен маегибизди сиздерге тартуулайбыз. Маектешкен Назгүл Кадырова:

 

        Суроо: Саламатсызбы, Султан мырза, алгач өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз. Канча жылдан бери Түркиядасыз? Учурда эмне иш менен алектенип келе жатасыз?

        Жооп: Туркияга келгениме 26 жыл болду. 1994-жылы студент болуп келгем. Ошол боюнча университетти бүтүргөндөн кийин магистратура, докторантураны окудум. Учурда өзүмдүн кесибим боюнча психолог катары Агры, Ибрагим Чечен университетинде окуутуучу болуп иштейм.

        Суроо: Психология бөлүмүн кандай тандап алдыңыз, бул боюнча айта кетсеңиз?

        Жооп: Психология бөлүмүн тандоомдун негизги себеби, мен өзүм мурдатан аябай кызыгып жүргөнмүн. Психология жөнүндө көп китептерди окуп, көп макалаларды окуп, ушуга кызыгып, өзүм сураштырып, изилдеп, анан жактырып окуганмын. Себеби дегенде мен психологияны окуй баштаганда 20 жашта болчумун. Бул жашта адам көп нерсени түшүнүп, көрүп билип, эркин ой жүгүртө алат. Мен да эч кимдин таасиринде калбастан өзүмдүн каалоом менен өзүм жактырган тармакта окуйм деп психологияны тандадым.

        Суроо: Дүйнөгө тараган Ковид-19 вирусунун коомчулукка тийгизген таасири кандай болду? Бул боюнча психологдор эмне деп атышат?

        Жооп: Эми Ковид-19-дун коомчулукка тийгизген таасири өтө чоң, курч маселе. Себеби дегенде бул жерде негизги проблема ден соолук болуп жатпайбы? Ден соолук деген адам баласы үчүн негизги орунда турган маселе. Ар бир адам ден-соолугун сактап калууга, ден соолугуна коркунуч туулганда, эң көп таасир алган нерсеси болот. Экинчиден, экономика боюнча, финансылык жактан абдан чоң таасири болду. Ушулардын баарын бир жерге топтогондо, ден-соолук маселеси, экономикалык проблема, финансылык жактан проблема жана ошондой эле билим берүү жактан проблема болгондо булардын баардыгы биригип аябай чоң стресске жол ачып жатат. Себеби дегенде бул кокусунан болгон нерсе. Адам баласы эч качан мындай чоң маселеге кокусунан туш келген эмес, даярданган эмес. Биз бир нерсеге даярданбаганда кокусунан келген нерсе адам баласы үчүн дайыма коркунучтуу болот. Азыр ушундай учурда туруп жатабыз, эч ким мындайга даярданган эмес. Кокустан башталган үчүн эмне кылаарыбызды билбей отуруп калдык. Булардын бары биригип стресс факторун жаратып жатат. Стресс деген психологиялык оорулардын, физикалык оорулардын негизги себептеринен болуп эсептелет. Ошондуктан менин эле жеке оюм эмес жалпы эле коомчулуктун көз карашында психологиялык оорулардын артканын көрүүгө болот деп айта алам.

        Суроо: Ковид-19дун жашообузга кириши менен жалпы психологдорго жаңы милдеттер жүктөлгөндөй кырдаал болуп турат. Мындай тарыхый оор кырдаалда угармандарыбызга кандай кеп кеңешиңизди берип кетесиз?

        Жооп: Ковид-19дун жана жогоруда айтып кеткендей абдан таасири чоң болууда. Биринчиден мен айтып кетээр элем, алгач колубуздан эч нерсе келбей турган учурда, абалды кабыл алуудан башташыбыз керек. Себеби дегенде сенин өз колуң менен мындай аракет кылып өзгөртө албаган нерсеге каршы оюңда согуш ачсан да, мисал үчүн, “эмнеге мындай болду, эмнеге минттик, мындай болбосо” - деп аябай кайгырып, негативдүү нерселерди көп ойлосок биздин проблемабыз андан да көбөйүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан эң алгач абалдын бар экенин кабылдашыбыз керек. Анан кийин ойлонушубуз керек эмне кылсам болот, жалпы адамзаттын проблемасы, мен эмне кылсам болот деп ойлонуш керек ар бирибиз. Экинчиден, негативдүү ойлор көп жакшылыкка алып келбейт. Канча киши ооруду, канча киши өлдү деп издеп жүрүп окугандар бар. Бул туура эмес, аларды биз билсек да колубуздан эч нерсе келбейт. Ошондуктан негативдүү кабарлардан, негативдүү программалардан мүмкүн болушунча алыс туруп, анын ордуна позитивдүү ойлорго көңүл бурсак, мисалы, бул абалды кантип өзүм үчүн оң жагынан өзгөртө алам деген сыяктуу. Азыр ар бир үйдө интернет бар. Интернеттен бош убактысын кантип өткөрсө болот, жаңы нерселерди үйрөнсө болот. Мисалы тамак жасаганды үйрөнө аласыз, же болбосо өзүңүздүн кесибиңиз боюнча көптөгөн курстар бар, ошолор менен алек болуп, же балдары жанында болсо алар менен көңүлдүү өткөрсө болот. Эң негизгиси жаман ойдон алыс болуш керек. Себеби дегенде жаман ойлор менен көп жүрүү менин психологиямдан органдарыма кандайдыр бир оору болуп өтүп кетиши мүмкүн. Ошон үчүн бул абалдан сактануу үчүн позитивдүү ойлонуп, өзүңүздү сактап, кризистен жакшы чыгып кетүүгө аракет кылыш керек.

Султан мырза, бизге убакыт бөлүп, биз менен маек куруп бергениңиз үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Мындан кийинки иштериңизге ийгилик жана бекем ден- соолук каалайбыз.

Урматтуу окурмандар, баарыңыздарга ден-соолук каалайбыз жана ар күнүңүз өзгөчө өтүшүнө тилектешпиз. Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.

 

 



Тектеш кабарлар