2020-жылы Евразия аймагында кандай окуялар болду?

Евразия күндеми-01_2021

1559499
2020-жылы Евразия аймагында кандай окуялар болду?

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында 2020-жылы Евразия чѳлкѳмүндѳ кандай окуялар болгону тууралуу кеп салабыз.

Кадырлуу окурмандар, 2020-жыл бүтүндөй дүйнө үчүн оор жылдардан бири болду. Жылдын башталышында Кытайдан жайылган COVİD-19 пандемиясы бүтүндөй дүйнө мамлекеттери менен катар Евразия чөлкөмүндөгү мамлекеттерге да терең таасирин тийгизди. Аймакта пандемиядан улам жүз миңдеген инсан каза болду. Чөлкөмдөгү мамлекеттерден бир гана Монголия (1200 бейтап, 1 өлүм) бул илдеттен аз зыян тартты.

Пандемияга карабастан 2020-жылы Евразия чөлкөмүндөгү көптөгөн мамлекеттерде шайлоолор болуп өттү. Мисалы, 2020-жылдын 24-июлунда Монголияда, 4-октябрда Кыргызстанда, 31-октябрда Грузияда парламенттик шайлоолор болду. Кыргызстанда шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылды жана Президент Сооронбай Жээнбеков кызматын таштоого мажбур болду. Үстүбүздөгү жылдын 10-январында Кыргызстанда Президенттик шайлоо жана мамлекеттин башкаруу формасын тандоо боюнча референдум болот. Парламенттик шайлоо болсо 2021-жылы өткөрүлөт. Грузияда да оппозиция шайлоо жыйынтыгына макул эместигин билдирип келүүдө.

2020-жылдын экинчи жарымында Евразия чөлкөмүндөгү 3 мамлекетте Президенттик шайлоо болуп өттү. 2020-жылдын 9-августунда Беларуста, 10-октябрда Тажикстанда, 1- жана 15-ноябрда Молдовада шайлоонун биринчи жана экинчи туру болду. Беларусияда калктын бир бөлүмү шайлоонун жыйынтыгына макул эместигин билдирип, митингдерди улантып жатышат.

Мындан сырткары 2020-жылдын 25-июнь күнүнөн 1-июль күнүнө чейин Россия Федерациясында баш мыйзамга өзгөртүүлөр киргизүү боюнча референдум болуп өттү. Референдумдагы эң негизги тема Владимир Путиндин кайрадан эки мөөнөткө Президент болушуна мүмкүнчүлүк жаратылганы болду. Россияда июль айынан бери камакка алынган Хабаровск губернатору Сергей Фургалды колдогон митингдер дем алыш күндөрү үзгүлтүксүз улантылып жатат.

Фергана өрөөнүндөгү чек ара чырлары 2020-жылы да уланды. Чек ара аймагында болгон чатак жана кагылышуулардан улам адамдар каза болду.

Чөлкөмдө 2020-жылы болгон эң маанилүү окуя Карабахтын оккупациядан бошотулушу болду десек жаңылышпайбыз. 30 жылга чукул убакыттан бери чечилбей келген бул маселе Азербайжан армиясынын 44 күнгө созулган күрөшүнүн натыйжасында 2020-жылдын 10-ноябрында Азербайжандын жеңиши менен аяктады. Оккупациядагы райондор армяндардан бошотулду.

Урматтуу окурмандар, Евразия экономикалык биримдиги, Шанхай кызматташтык уюму, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги, Жамааттык коопсуздук келишими уюму жана Түрк Кеңеши сыяктуу аймактагы эл аралык уюмдардын жыйындары 2020-жылы видеоконференция форматында өткөрүлдү. Аты аталган уюмдардын ичинен Түрк Кеңеши 2020-жылы мыкты иш алып барганга жетишти. Мисалы, Түрк Кеңеши COVİD-19 илдети менен күрѳшүү боюнча ѳлкѳ лидерлеринин башын бириктирип, видеоконференция уюштурган алгачкы эл аралык уюм болуп калды. Түрк Кеңеши саламаттык сактоодон транспортко, энергетикадан экономикага чейинки бардык тармактарда уюмга мүчө мамлекеттер ортосунда координацияны уюштуруу, кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн чоң иштерди жасады. Жыйынтыктай турган болсок, 2020-жыл региондо кайгы менен кубаныч эриш-аркак жүргөн жыл болду.  

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар