"Суу менен башталган маданият "– 18.2021

Кызгылтым көлдөр, асманды каптаган көгүлтүр нур, кызыл жээк же пахта кант сымал апапак бассейндер...

1556154
"Суу менен башталган маданият "– 18.2021

     Кызгылтым көлдөр, асманды каптаган көгүлтүр нур, кызыл жээк же пахта кант сымал апапак бассейндер... Мына ушуларды түштө же фантастикалык кинолордо гана көрүүгө болот деп ойлосоңуз анда жаңылган болосуз! Аталган формациялардын баары чындык болсо да акылга сыйбаган көрүнүш сымал... Ошондуктан булардын баары көпчүлүкүн кулагына кандайдыр бир кыялдан жаралган кереметтүү жомок катары угулуп, көз алдына фантастикалуу кинотасма сымал элес тартат. Санат, искусство агымдары боюнча так маалыматыңыздар болбосо да сюрреализм терминин же чындыктан тыш көрүнүш деген сөздү уккан болсоңуздар керек. Бүгүнкү маегибиз мына ушул сюрреалдык формация мындайча айтканда чындыктан тыш көрүнүш сымал көрүнгөн Памуккале тууралуу болмокчу...

   Памуккале акиташ чөкмөлөрү - миңдеген жылдарга созулган формация... Ушул миңдеген жылдар аралыгында, кальцийге бай суу жердин тереңинен чыгып, акырындап каткалаң тартып отуруп ак жана ачык акиташ катмарларына айланган. Бул жомоктогудай ак бассейндер тарыхта ар кандай дарттарга шыпаа издегендердин дайыма келип кетчү ыйык жери катары да таанылган. Жалпы узундугу 2700 метр болуп бири - бирине куюлган тепкич сымал бассейндери жана бийиктиги 50 метр болгон сталактит шаркыратмалары кудум эле пахта талаасын же көбүктөнгөн сүттү элестеткен бул табигый керемет чындыкка болгон көз карашыңызды такыр башка нукка буруп салышы мүмкүн. Көргөн көзүңүзгө ишене албай кандайдыр башка бир туюм аркылуу аны сезип байкагыңыз келет да акиташ чөкмөлөрүн колуңузду сунуп кармалап көрөсүз!... Чындык экенинде шек жок экени байкалса да кандайдыр фантастикалык дүйнөгө кабылткандай өз кооздугу менен сизди суктандырат... Жаратылыш сизди Памуккаледе кайра жаралгыс жана кайталангыс уникалдуу көрүнүшү менен тосуп алат...

   Мына ушул сырткы көрүнүшү адамдарды суктандырган, шыпаалуу суулары бар акиташ чөкмөлөрүнүн жанына Иераполис деген шаар курулган экен... Пергамон Падышалыгынын убагында курулган байыркы Иераполис шаары тарыхта дайыма көрүнүктүү шаар болгону эскерилет. Бүгүнкү күндө Денизли шаарынан түндүккө карай 17 км алыстыкта жайгашкан​​түрк тилинде “пахта” жана “чеп” деген сөздөрдүн айкалышынан турган Памуккале шаарынын байыркы аты Хиераполистин Амазонка ханышасы Хиерадан келип чыкканы божомолдонот, бирок буга эч кандай далил жок. Чындыгында “hiera/хиера” сөзү эллен тилинде “ыйык” дегенди билдирет. Шаарда храмдар көп болгондуктан, ал “ыйык шаар” маанисин туюндурган "Иераполис" деп аталып калган. Байыркы доордун белгилүү географы Страбон өз эмгектеринде Иераполисти Фригиянын шаары болгон деп айтып кеткен. Бүгүнкү күндө көптөгөн маалыматтардын негизинде шаардын эллиндердин дооруна чейин эле болгону такталган. Рим империясынын тушунда ал Фригия аймагынын борбору болгон. Иерополис Византия мезгилинде абдан маанилүү борборго айланган. Шаар калкы алгач христиан динин кабыл алууну каалабаса дагы, кийинчерээк диндин жайылышында бул шаар маанилүү ролду ойногон.

   Бүгүнкү күндө Памуккале деп аталган байыркы Иераполис - темирчилик жана таш иштетүү өнөрлөрү менен таанымал болгонуна карабастан кездемелери менен атагы чыккан шаар эле. Шаарда токулган килем жана кездеме сыяктуу текстиль товарлары, Ефес портунан кемелерге жүктөлүп Жер Ортолук деңизинин аймагындагы өлкөлөргө экспорттолгон. Шаарга чоң киреше киргизген экспорттук продукт тарыхта “падышалык кырмызы”, “империялык кырмызы” деп аталган көгүлтүр сары аралаш кочкул кызыл түстөгү кездемелер болгон. Байыртадан бери улук даражанын жана сыймыктын көрсөткүчү катары кабыл алынган бул түстүн боёгу аябай кыйын жол менен жасалганынан улам бул түстөгү кездемелер да өтө баалуу болгон. Кочкул кызыл түстөгү кийимдерди падышанын урпактары, дин кызматкерлери жана айрым дворяндар гана кийишчү. Карапайым адамдарга мындай түстөгү кийимдерди кийүүгө тыюу салынган! Иераполистин кол өнөрчүлөрү бул боёкту көбүнчө деңиз жандыктарынын кабыктарынан, кээде ар кандай башка заттардын аралашмасынан жасоону үйрөнүшкөн. Канчалаган килограмм деңиз жандыктарынын кабыктарынан узакка созулган эмгектенүүнүн натыйжасында 1 грамм гана кочкул кызыл түстөгү боёк өндүрүлчү! Мына ушундан улам наркы көтөрүлүп баасы өтө кымбат болгон бул түстөгү кездемелер - кандай гана кыйын болгонуна карабастан рыноктун талабына жооп бере ала турган даражада өндүрүлүп шаардын байлыгына тынымсыз байлык кошкон. Боёк жасаган адистердин иш тажрыйбаларынан тышкары табигый жардамчылары да болгон... Памуккале акиташ чөкмөлөрүнүн пайда болушуна шарт түзгөн арашан суусунун курамындагы мол акиташ боёк жасоочуларга көгүлтүр сары аралаш кочкул кызыл түстөгү боёкту өндүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк берген.

Бул түстүн бүгүнкү күнгө чейин христиан дининде жана ар кандай ырым-жырымдарда колдонулуп келе жатканын да эскертпей кетүүгө болбойт!

  Байыркы театры, ибадатканалары, монументалдуу фонтандары, гимназиясы жана күмбөздөрү менен байыркы Иереполис шаары бүгүн да  көңүл борборунда. Ал травертиндери жана байыркы урандылары менен ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк маданий жана табигый мурастар тизмесине кирген.

  Эми келели шаардын суу менен болгон байланышына. Рим мезгилиндеги шаарлардын көпчүлүгүндө болгондой Иереполисте да ичүүгө боло турган суу менен камсыз кылуу үчүн суу каналдарынан пайдаланышкан. Жакындарында дөңсөөлөргө курулган  эки суу каналы менен шаарга суу алып келинет. Бышкан ылайдан  жасалган моорулар менен шаардын көчөлөрүнө алып келинген суу кичинекей суу моорулар менен үйлөргө чейин келет.

  Шаардын суу структураларынын арасынан көзгө урунган структура - Рим мончосу. Бүгүн казууларда чыккан айкел жана башка табылгалар көргөзмөгө  коюлган археологиялык музейине айландырылган мончо Иереполис байыркы шаарынын эң чоң курулуштарынын бири. Көңүлдөрдү бурган башка бир суу курулушу да Тритон фонтан имараты. Бул монументалдык курулуш 70 метр узундукта бир бассейин жана айкелдер жайгаштырылган оюктардан турат.  Байыркы шаарда «латрина» башкача айтканда даараткана бар. Римдиктер азыркы күндөгү коомдук дааратканалардын алгачкы абалы болгон латрина үчүн булганган жана таза сууларды өз өзүнчө ташыган суу каналдарын курушкан. Жер титирөөдөн улам кулап калган болсо да бардык бөлүкчөлөрү менен күнүбүзгө чейин келди. Иереполис байыркы шаарындагы маанилүү курулуштардын бири да байыркы театр.

 Тоо бооруна таянган театр Анадолудагы Рим театрларынын эң сонун үлгүлөрүнүн бири. 150 жылга созулган, акустикасы жана чоңдугу менен көңүлдөрдү бурган театр бүгүнкү күнгө чейин бардык фасаддары менен сакталган. Эми келели байыркы шаардын эң көп көңүл бурган жерине, «Тозоктун каалгасы» тактап айтканда Плотуниум Ыйык Аянтына... Бул жер байыркы дүйнөдө өлүүлөр өлкөсүнө өтүү каалгасы деп кабыл алынган бир үңкүр...

Адамдын белгисиз нерсеге болгон кызыгуусу, бул боюнча сыр издегени ар бир мезгилде кезигет! Бул кызыгууну билген сыйкырчылар жана кийинчерээк дин кызматкерлери бул үңкүрдү өз күчүн көрсөтө турган абалга айлантышат. Үңкүрдөгү термалдык суунун курамында көп көлөмдөгү көмүр кычкыл газынын болушу табигый түрдө бул жерге киргендердин өлүмүнө себеп болот. Дин кызматкерлери газдан таасирленбеш үчүн демин ичине тартып ичкери киришкен жана өлбөстөн тышка чыгышкан. Ушундайча үңкүрдүн сырын чечкенин билбеген элдин алдында күчтөрүнө күч кошушат.

Жүргүзүлгөн казууларда Памуккале травертиндерин түзгөн термалдык суулардын булагы бул үңкүр экендиги ортого чыккан. Ушул эле казууларда Фригия мезгилине таандык бөлүкчөлөр да табылган. Бул да бизге үңкүрдүн римдиктерден мурда жашаган фригиялыктар тарабынан зыярат к ылынгандыгын көрсөтүүдө.

Жер титирөө болгон аймакта жайгашкандыктан, Иереполис эки жолу катуу жер титирөөгө дуушар болгон жана шаар кайрадан курулгандыктан, шаарга таандык эч нерсе калбайт. Бул жер титирөөлөр учурунда шаардын ортосунда чуңкур пайда болуп, убакыттын өтүшү менен шаардын кереметтүү колонналары жана айкелдерди термалдык суу каптап "Байыркы Бассейн" пайда болгон.

Бүгүнкү күндө бул байыркы бассейн Памуккаледеги травертиндерден кийинки эң кызыктуу жер болуп саналат. Кантип кызыгууларды тартпасын? Бул байыркы бассейинде миңдеген жыл мурунку тарыхтын ичинен өтүү мүмкүнчүлүгүбүз бар. Болгондо да сүзүп өтүүгө болот. Термалдык суулар менен азыктанган байыркы бассейиндин температурасы жайында жана кышында 36 градус ... Бул бассейн жөнүндө дагы бир уламыш бар, сулуулукту жана узак жашоону көздөгөн Египеттин ханышасы Клеопатра дагы ушул бассейнде сүзгөндүгүнө ишенилет. «Чындыгында бар экенине ишене албай турган» же «өлгөндөн мурда көрүлүшү керек болгон жерлер» тизмесинде сөзсүз Памуккалеге орун берилет.



Тектеш кабарлар