Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-125

Түрк элдеринин адабиятынан – Чуваш адабиятынын тарыхынан

1552840
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-125

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында түрк тектүү калктарынын ичинен чуваш элинин адабияты тууралуу кеп кылабыз.

Кадырлуу окурмандар, бир элдин тарыхын таанып-билиш үчүн анын адабий булактары менен да таанышып чыгуу абзел. Алардын үрп-адаты, каада-салты, күнүмдүк жашоо-турмушу, деги эле ошол элдин баскан жолу алардын ырларында, макал-лакаптарында, элдик оозеки чыгармаларында катылуу. Чуваш адабиятын бул жагынан алып караганда элдик оозеки чыгармачылыкка өтө бай экенин байкоого болот. Чуваш адабиятынын изилдөөлөрүн барактай келсек алгачкы жазма чыгармаларында  арап тамгасын колдонгондорун көрүүгө болот. Бирок мазар таштарына чегилген бул арап тамгалуу жазуулардан башка булактар дээрлик жокко эсе. Алардын алгачкы жазма булактары библия котормолору, дуба китептер жана христиандардын азиздеринин өмүр баяны жазылган китептер болгон. 19-кылымдын баштарында Золотинский, Фуш сыяктуу изилдөөчүлөр чуваш элдик адабиятын изилдөөгө алган. 1840-жылы Фуштун “Чуваш элдик адабиятынан жыйнактар” аттуу китеби чыккан болсо, кийинки жылдары Полорусовдун “Бөлер шаарынын кулашы” деген алгачкы чуваш дастаны жазылган. Муну улап венгр окумуштуусунун “Чуваш эл адабияты” аттуу эмгеги жарыялаган. Ошол эле 19-кылымдын орто ченинде Иван Яковлевич Улановк шаарында алгачкы чуваш мектебин ачкандан кийин гана элдин сабаты жоюла баштаган жана жазма адабияттын башаты курулган. Кат-сабаты жоюлган жаштар изденүү менен жаңы адабияттын дубалын тургузган. 19-кылымдын экинчи чейрегинде Лебедовдун чуваштардын жашоосун жана ырларын чагылдырган “Жаш чуваш лирикалары”, Ивановдун чуваш үрп-адаттарын изилдеген эмгеги, Журкиндин кыска аңгемелери алгачкы чуваш адабиятынын мөмөлөрү болуп саналат. Ал эми Фёдоровдун “Токойдун ээси” аттуу чыгарма жаңы адабияттын алгачкы үлгүсү катары тарыхка кирген. 1905-жылы жумалык “Кабар” аттуу алгачкы чуваш гезити, чуваш адабиятынын өнүгүшүнө өтө чоң роль ойногон. Бирок көп өтпөй падышачылык өкмөт 1907-жылы бул гезитти жаап, чуваш тилиндеги чыгармаларга тыюу салган. Канткен менен 1911-жылы Васильев чуваш тилинде ырлар антологиясын, Крылов, Ефримов, Коренков сыяктуу жаш жазуучулардын китептерин жолуктурууга болот.

1917- жылы Октябрь революциясынан кийин адабиятта бир топ жаңылануу болгону байкалат. Чуваш адабиятынын тагдыры дагы бир жолу карарат. Революциядан кийин бийликке келген Керенский, чуваш тилинде жарыяланган беш миңге жакын китепти өрттөтүп ийген. Ал учурдун шарты менен өтө аз нускада китеп жарыяланганын эсепке алганда, бул өтө зыяндуу жоготуу болгон. Бирок, чыкпай калган “Кабар” гезити кайрадан басыла баштаган. Мындан сырткары 1918-жылы Казань шаарында “Кеңеш”, 1919-жылы “Таң” гезиттеринин басыла башташы менен адабият кайрадан жандана баштаган. Ошол учурдун чуваш адабиятында Семён Васильевич Елкер, Рызаш, Морозов, Сумилов-Уяр сыяктуу акын-жазуучулар чыгып жаңы дем менен жогорку деңгээлдеги чыгармаларын жарыялашкан. Булардын бир тобу чет тилдерине которулуп чет элге да таанылган. Ошол эле революциядан кийинки жылдарда Казанда алгачкы чуваш театры курулган. Бул жерде орус жана чет элдик чыгармалар менен биргеликте чуваш драмалары да коюла баштаган. 20-кылымдагы чуваш адабиятынын алдыңкы чыгармаларынын бири Константин Ивановдун “Нарспи айым” аттуу дастаны белгилүү болуп, бул чыгарма бир топ чет тилдерге которулган. Ал эми 21-кылымдын чуваш адабияты негизинен совет адабиятынын таасиринде өнүккөн. Батыш адабиятын совет адабияты аркылуу таанышкан чуваш акын-жазуучулар ошол жылдары чуваш тилине бир топ чыгармаларды которушкан жана жаңы нуктагы чуваш адабияты жазыла баштаган. Совет доорунда башка совет элдери сыяктуу эле чуваш элинде да балет, опера жана театр ачылып, бир топ гезит-журналдар жазылып, муну менен адабияттын жана маданиятынын өнүгүшү үзөңгүлөш жүргөн. 1988-жылга чейин совет саясаты менен өнүгүп-өсүп келген чуваш адабияты ошол жылдардан кийин акырындык менен улуттук чыгармаларга көңүлүн бөлө баштаган. Советтер союзу тараган кийин жана азыркы учурга чейин эркин түрдө, улуттук темада байма-бай чуваш тилинде чыгармалар жарыяланып келет.

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү программабызда чуваш элинин адабий өтмүшүнө кайрылып өттүк. Бир улуттун эне тили эли үчүн эң негизги жер пайы болгон болсо, адабияты ошол элдин пайдубалы болуп саналат. Бүгүнкү күндө чуваш тилинде бир топ чыгармаларды жолуктурууга болот. Муну менен бирге ошол чыгармалар орус жана башка чет тилдерине которулуп дүйнөгө чуваш адабияты таанылып келет.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова. 



Тектеш кабарлар