"Суу менен башталган маданият " - 17

Тайыркы доордо кичинекей шаар болгонуна карабастан Рим соодасынын негизги бурулуш жеринин бири болгон, байыркы Аспендос шаары.

1552783
"Суу менен башталган маданият " - 17

Байыркы доордо кичинекей шаар болгонуна карабастан Рим соодасынын негизги бурулуш жеринин бири болгон, байыркы Аспендос шаары.Бүгүн Анталиянын Серик районундагы Аспендос Жер Ортолук деңизи менен байланыш курууга мүмкүнчүлүк түзгөн Көпрүчай дарыясынын жакындарында курулган. Шаар кыска убакытта өнүгүп, Жер Ортолук деңизиндеги соодада сөз ээси болот. Өз акчасын бастырат жана бул акча Жер Ортолук деңизинин баарында колдонулган абдан баалуу акча болот. Барган сайын байыган Аспендостун эң негизги киреше булагы туз болгон.  Ооба дарыянын саясында  башка Жер Ортолук деңиз базарларына зайтун, жүзүм жана үрөөн да ташылат бирок көп өлчөмдө кирешени туздан алган.

Байыркы доор мифология менен уламыш жанаша жашаган доор. Анткени турмуштарынын көпчүлүк бөлүгүн теңирлер жана аларга арналган курулуштар, санат чыгармаларын камтыйт. Ошондуктан жүздөгөн маданиятты ичинде камтыган Анадолу аймагында көптөгөн уламыштар жана аңгемелер айтылса керек. Уламышка айланган баяндар айтылат... Алардын бирөөсү Аспендос тууралуу.

Уламышка караганда, император кызын турмушка берүүнү чечет, бирок анын бир шарты болот : келечектеги күйөө бала шаар үчүн эң пайдалуу иш жасашы керек. Албетте талапкерлер бир топ чыгармаларды ортого салышат. Бирок император экөөсүн гана жактырат. Бирөөсү шаарга абдан алыстан суу алып келе турган канал, экинчиси да абдан кооз театр. Император суу каналы шаардын суу маселесин чечкендиктен аны тандагысы келет. Бирок өнөрдү да сүйгөн императордун кызы атасын театрды тандоого көндүрөт.  Император да театрдын таасирлентүүчү акустикасына жана архитектурасына кызыгат жана театрдын архитектору менен кызын үйлөнтөт. Айтылганга караганда ушундай. Императордун чечим чыгарууда эмнеге кыйналгандыгын түшүнүүгө болот анткени суу каналы жана байыркы театр, азыркы күндө да бири бири менен жарышууда. Айырмдары үчүн Аспендостун биринчиси бир архитектуранын генийи болгон суу каналы, айырмдары үчүн да акустиканын керемети болгон байыркы театр!

Эмесе сөздү Аспендос суу каналынан баштайлы...

Аспендос суу каналы байыркы суу жолдорунун ичинен бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген суу жолдорунун эң сонун мисалдарынын бири. Ага бүгүнкү инженерлер гидравликанын шедеври катары карашат. Ошондой эле археологдор үчүн өзгөчө мааниге ээ, анткени дүйнөдө мындай суу каналдарынын  мисалдары көп эмес.

Аспендостун суу муктаждыгы баштарда цистерна жана кудуктардан камсыз кылынга. Рим доорунда инженерлер шаардын түндүгүндөгү Торос  тоолорунан жана өрөөндөрүнөн суу алып келүү үчүн суу жолу тутумун курушкан. Таш  блокторунан оюп жасалган канал аркылуу  25 чакырым алыстыктан  шаарга суу алып келишти! Каналдар аркылуу келген суу  көркөмдүү Аспендос суу каналына жетип, канал бүткөн жерде эки четиндеги мунараларда топтолгон. Бул мунаралар суунун басымын жөнгө салуу менен шаарга суу бөлүштүрүүнү камсыз кылган.

Чындыгында, сууну каналдар аркылуу ташуу Рим доорундагы инженерлер үчүн жөнөкөй эле чечим болгон. Рим шаарларында суу тартыштыгынан улам бул чечим кеңири колдонулган. Бирок, Аспендос суу өткөргүчтөрүндө колдонулган ыкма ошол мезгилдеги башка суу өткөргүчтөрдөн алда канча жогору болгон.

Сифон тутуму жана суу мунаралары сыяктуу татаал иштөө принцибине ээ болгон бул суу каналы жогорку инженердик чеберчиликти талап кылгандыгы кабыл алынууда. Суунун агымынын ылдамдыгын жөнгө салып, бүгүнкү күнгө чейин сакталып келе жаткан эки сифон ошол мезгилдин инженериясын түшүнүү үчүн маанилүү. Суу каналынын курулушу дагы, ошол мезгилдеги инженердик билимдин жеткен жери дагы азыркы илимпоздордун башын катырууда. Азыр да эксперименттер  жүргүзүлүп, Аспендос суу каналы тууралуу илимий макалалар жарыяланууда. Архитектура жагынан бир шедевр болгон суу каналы, архитектралык жактан да абдан таасирлентүүчү, эстетикалык элементтерге ээ жана көргөндөрдү таң калтырууда.

Эми келели Аспендос театрына... Көргөнүңүздө бул жерде убакыт кудум эле токтоп калгандай... Дүйнөнүн мыкты сакталган, Рим мезгилине таандык, көркөмдүү  курулуштун алдында таң калбай койбойсуз. Өткөн ушунча жылга карабастан Аспендос алдыңызда турат. Бул театр сейрек кездешкен Рим театрларынын катарына кирет, отургучтары менен сахна имараттары бир бүтүн катары  иштелип чыккан.

Функциялык жактан караганда мыкты бир дизайндын үлгүсү катары каралат. 15 000 кишилик көлөмдө болгон театрдын таасирленткен тарабы, эки кабаттуу сахна имараты жана бул имараттын ички фасады... Курулуштун фасады толугу менен мармар менен капталган. Азыркы күнгө чейин  бузулбастан турушу ушул мармар каптоонун саясында. 40 мамыча, оюктардын арасына жайгаштырылган айкелдер жана чеканкалардан турат.  Артистер сахнага чыккан беш каалга бар.

Архитектура искусствого айланган бул театрдын эң таасирдүү аспектиси - анын акустикалык кемчиликсиздиги! ... Байыркы мезгилдерде архитекторлор акустикага өзгөчө басым жасашкан. Таасирдүү акустиканы камсыз кылуу үчүн, алар рельефтин түзүлүшүн, шамалдын абалын, отургучтардын эңкейишин эске алышкан жана үндүн театрдын бардык жерине угулушу үчүн түрдүү теалар менен иштешкен. Өнүккөн геометрия билимдеринин саясында идеалдуу форманын тегерек форма экендигин табышат.

Аспендос театры сахнада шыбырап айтылган бир сөздүн эң жогорку орундуктардан да угууга боло турган мыкты бир акустикалык керемет. Аспендос театрында үндү арткы катарларга жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берген коло кубиктердин  бар экендиги болжолдолууда. Узундугу жана формасы боюнча айырмаланган бул кубиктерди  математикалык эсептөөлөр менен жайгаштыруу ыктымалы жогору. Мындан тышкары, театрдын курулушунда колдонулган акиташ үндү сиңирип, жаңырыктарды азайткандыгы билинет.

Сахна имаратынын кире беришинин эки жагында орун алган грекче жана латынча жазууларда театрдын курулушунда шаардын эки бай бир тууганынын жардам бергендиги жазылган. Сежуктуктар мезгилинде сахна имараты оңдолот. Имараттын түндүк жана түштүк муналарындагы шыбактар, кызыл зикзак мотвдер жана дубалдардагы чеканкалардан улам «Селжуктук сарайы» катары колдонулгандыгы болжолдолууда. Түркия республикасы мезгилине чейин маанисин жоготкон шаар Мустафа Кемал Ататүрктүн «оңдолуп кайрадан колдонуу» деген жолдомосу менен кайрадан ылайык болгон маанисине жетишет.

Байыркы суу каналдары жана театры менен «ЮНЕСОнун дүйнөлүк мурасынын убактылуу тизмесинде» орун алган Аспендосто көңүлдөрдү бурган курулуштардан кыскача сөз кылалы. 2000  жылдык, эки кабаттуу маркет имараты, Рим мончолору, монументалдык суу түтүгү, парламент имараты, эллендик храмы жана мамычалуу бирок дубалдары болбогон галереясы «стоаны» көрүү үчүн жыл сайын миңдеген турист келүүдө.

Аспендос тууралуу кыска убакытта кыскача айтып берүү кыйын... Бул байыркы шаарды кыдырып, театрдын эң үстүңкү катарларында отуруп жана сахнада шыбырашып сүйлөшүлгөндөрдү өз кулагыңыз менен угууңуз керек. Сизди башка бир дүйнөгө алып барган байыркы суу каналдарын, өзгөчө кечинде күндүн батышын өз көзүңүз менен көрүп, жүздөгөн жыл мурункусунан азыркы күнгө чагылган көркөмдүүлүккө күбө болуңуз! 



Тектеш кабарлар