Түркия  - Америка карым  - катнаштары

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директор, жазуучу, профессор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

1552114
Түркия  - Америка карым  - катнаштары

Акыркы жылдарда кризистер кем болбогон Түркия  - Америка карым  - катнаштарында жаңы кризистин аты CAATSA санкциялары. Көптөн бери күтүлүп жаткан бирок кандай ишке ашары тууралуу Америка башкаруусу да чечим чыгара албаган санкциялар Трамптын кызматынан кетишине бир ай калганда турмушка ашырылды. Кээ бирлердин оюу боюнча бул бир эскертүү, кээ бирлеринин оюу боюнча да күтүлгөндөн дагы жеңил болду.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директор, жазуучу, профессор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикирин угузуңдар.

Кандай абал менен бетме  - бет экендиги билиниш үчүн тексттин тилине, техникалык жагына жана саясий  -  геополитикалык байланышына кароодо пайда бар. Тексттин тили абдан кылдаттык менен даярдалгандыгы ачык. АКШ Түркия, НАТОнун контекстине дал келген жердин маанилүүлүгүн белгилеп, алдыңкы союздаштарды билдирүү үчүн тилди кабыл алуу. Башка жагынан алганда, Түркиянын аскердик кубаттуулук санкцияларынын бутага алынышы жөнүндө сөз болду. Тексттин биринчи маанисинен эле түшүнүлгөндөй, санкция Коргоо өнөр жайынын төрагалыгына карата колдонулат. Техникалык жактан санкциянын башкармалык ичинде орун алган долбоорлордун болору көрүнүүдө. Ошондуктан алардын Түркия жана түрк экономикасы же  түрк армиясы менен байланышы жок. Тексттен тышкары санкциялык чечим эки тараптуу каралышы керек. Биринчиси АКШ үчүн  санкциянын улантууга боло турган бир каражат катары Түркия  - Америка карым  - катнаштары аркылуу көлөкө болуп же болбой тургандыгы. Түркия менен Сирияда ПКК- ЙПГ, ФЕТӨ жана башка бир топ геополитикалык темада орток аң  - сезимден  алыстап стратегиялык бир аң  - сезимге карай бара жатканда санкциялык чечим учурдагы бөлүнүүлөрдү тереңдетүү жана Вашингтонду олуттуу бир чыкпас жол менен бетме  - бет алып келиши мүмкүн. Байден башкаруусунун тышкы саясат темаларынын арасында орун алган темалардын Түркия менен болгон байланышы, санкцияны улантуу, санкция салууну чыгымдуу абалга алып келиши мүмкүн. Америка лидерлигин оңдоого аракет кыла турган жаңы бир тышкы саясат тобунун орчундуу тышкы саясат темаларында Түркия сыяктуу бир өлкө менен  карым  - катнашын карап чыгып позиция алышы керек.

Андан да маанилүү болгон жагдай болсо санкция себеп боло турган түрк коргонуу стратегиясындагы алмашуу. Түркиянын Европа  -  Батыш коргонуу архитектурасынан барган сайын четке кагылышы Түркия үчүн башка бир коргонуу архитектурасын түзүү мүмкүнчүлүгүн жаратары так. Мындай бир абалдын сөзсүз геополитикалык жыйынтыктары болот. Ушул себептен Байден башкаруусунун санкциянын чыгымы менен санкция себеп болушу мүмкүн болгон геополитикалык чыгымдын арасында бир тең салмактуулукту табууну каалай тургандыгын айта алабыз.

Түркия болсо АКШ тарабынан салына турган санкциядан улам коргонуу өнөр жайында учурдагы динамикаларды эске алуу менен план түзөт. Жеткирүү тармагын түзүү алардын негизгилеринен. Альтернатив жеткирүү чынжырын куруу ар дайым үчүн мүмкүн бирок убакытты алат. Ушул себептен санкция чечиминин жеткирүү чынжырын канчалык өлчөмдө таасирленткендиги аныкталышы керек. Экинчиси болсо система жана платформалардын Түркия ичинде болгон коркутуу климатын эсепке алуу менен уюштуруу темасы. Ал үчүн аскердик стратегия менен коргонуу өнөр жайы стратегиясын оптималдуу чекитте айкалыштырган түшүнүк түзүү керек. Стратегиялык алдыңкылыгы жогору  аянттардын жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр менен же болбосо, "Батыштан тышкаркы коргонуу өнөр жайы менен" жүргүзүлүшү Түркия үчүн эң ишенимдүү жол катары көрүнүүдө. Акыркы, коргонуу өнөр жайынын саясий - экономикасы ушул күндөрү көңүл бурууга арзый турган жер экени айдан ачык.

Коргонуу  деп аталган нерсе - бул чындыгында эле аскердик кубаттуулугуңузду жогорулатууга багытталган куралдануу процесси. Ошондой эле, курал-жарак "куралга ээ болуудан" башка  да терең мааниге ээ. Бул коргонуунун экономикасына көңүл буруу зарылдыгын жаратат.



Тектеш кабарлар