Күрдистан демократиялык партиясы менен ПККнын кагылышуусу жайылып барататат

СЕТАнын тышкы саясат изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1548117
Күрдистан демократиялык партиясы менен ПККнын кагылышуусу жайылып барататат

Түркиянын «Чеңгел  - Жолборс» операциялары менен Ирактын түндүгүндө кысылып калган террордук уюм ПКК акыркы жумаларда Ирак күрт аймактык башкаруусу ИКБЙнын күчтөрү менен өзгөчө да Күрдистан демократиялык партиясы КДП менен бетме  - бет келе баштады.  ПККнын аймактагы террордук лагерлеринин айланасын курчоого алган  пешмерге жана тийиштүү атайын күчтөр ПККга кысым жасап, Эрбил менен Багдаттын ортосунда ПККнын Синжардан чыгарылышына байланыштуу келишим  уюмда чоң таасир жаратты. ПККга караштуу болгон ХПГ башкача айтканда Элдик коргонуу күчтөрү Иракта түздөн түз пешмергеге кол салып, уюмдун Сириядагы уландысы ЙПГ болсо чек ара жолунда пешмергени бутага алды. Өзгөчө Күрдистан демократиялык партиясына жакын Сирия күрт улуттук кеңеши ЕНКСтин Сириядагы кеңселерине кол салуулар болуп, кээ бирлерине өрт коюлду.

СЕТАнын тышкы саясат изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикирин угуңуздар.

Ирак күрт аймактык башкаруусуна караштуу саясий элементтер узун убакыт ПККнын  өз аймактарында болушуна чыдап келишти. ДЕАШ менен күрөшүүдө колдонулган уюм Сириянын түндүк чыгышында аткарган иштери менен да алдыга чыгып жаткан. Күрт күбөлүгүн дайыма колдонгон ПКК жогорулап бара жаткан күрт улутчулдугунун негизинде өзүнө  бир кол тийбестикти  жаратууга аракет кылууда. Түркиянын бардык кысымдарына карабастан Ирак күрт аймактык башкаруусу ПККга белгилүү бир аянтты ачып кийлигишкен эмес. Бирок акыркы айлардагы абалдар Ирак күрт аймактык башкаруусу өзгөчө Күрдистан демократиялык партиясы ПККга каршы чыга баштады.  Оболу Түркиянын чек аранын ары жагына жүргүзгөн «Чеңгел  -  Жолборс» операциясы менен ПККны, Иракта күн өткөн сайын дагы көп бутага алышы жана уюмга чек арада оор сокку урушу ПККнын кыймылын өзгөртүшүнө да себеп болду. Уюм эң көп түштүккө Күрдистан демократиялык партиясы таасирдүү болгон жерлерге карай чегине баштады. Өзгөчө уюм түрк куралдуу күчтөрүнүн операцияларынан улам Күрдистан демократиялык партиясын Түркияга жардам берүү менен күнөөлөп, абдан оор бир тил менен коркута баштады. Синжарда Эрбил менен Багдаттын ортосунда түзүлгөн келишимге стратегиялык коркунуч катары карап, каршы кадамдарды таштады. Риторикалык деңгээлде коркутууларын арттырып, кээ кээде түздөн түз пешмергеге да кол салды. Ушундайча Күрдистан демократиялык партиясынын артка кадам таштай тургандыгын ойлоп жаткан.

ПККнын Ирак күрт аймактык башкаруусунун экономикалык кыйынчылыкта болгон бир учурда нефть түтүк жолдорун бутага алышы сууну ташырган кыймыл болду. Аймактык башкаруучусу Нечирван Барзани менен премьер  - министр Месут Барзани ПКК менен күрөшүүнү катуулаштырып, дагы көп Түркия менен бирге кыймыл кыла баштады. Уюмдун Ирактын түндүгүндөгү террордук лагерлери пешмерге тарабынан курчоого алынып,  бат – бат  пешмерге  - ПКК кагылышуусу чыгууда.

КЖК/ПКК лидерлиги күрт коомчулугуна чакыруу салып Күрт демократиялык партиясын бутага алды, риторика барган сайын катуулашты. Акырында Сириядагы элементтерин да аракетке өткөрдү. Оболу Хасекеде Күрт демократиялык партиясына жакын Сирия күрт улуттук кеңешине таандык бюролор бутага алынып, атылды же өрттөлдү. Андан кийин ЙПГ түздөн түз Фишхабур чек ара жолунда пешмергеге кол салды.

Эми болсо тараптардын арасында толук өлчөмдүү бир кагылышуунун чыгышы жана жайылышын күтүүгө болот. Месут Барзани акыркы  билдирүүсүндө бир гана ПКК/КЖКны эле эмес ошол эле учурда уюмдун Сириядагы уландысын да бутага алып АКШга да чакыруу салды. Кандилдин Сириядагы таасиринин жок кылынышы керектигин ортого салды. Ирак аймактык башкаруусу акырында ПКК коркутууларынын чындыгын түшүнө баштады. Түрк куралдуу күчтөрүнүн чек аранын ары жагына жасаган операциялары менен күчүн жоготкон, Күрдистан демократиялык партиясы менен кагылышкан, Синжарды алдырып жаткан уюм үчүн Иракта жолдун акыры көрүнүп турат деп айтууга болот.



Тектеш кабарлар