Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1544321
Тарыхта бүгүн

1911-жылдын 14-декабрында "Викинг" каймана аттуу норвегиялык саякатчы Роальд Амундсен, түндүк-батыш өткөөлү аркылуу Түштүк уюлга жетти.

1960-жылдын 14-декабрында АКШ, Канада, Түркия, Биргелешкен рынокко мүчө 9 өлкө жана Европанын Эркин Соода Ассоциациясына мүчө 7 өлкө, кыскача аталышы OECD болгон Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюмун негиздөө үчүн Париж келишимине кол коюшту.

1995-жылдын 14-декабрында Югославиядагы 3 жылдык жарандык согушту токтоткон Дейтон тынчтык келишимине Алия Изетбегович, Слобадан Милошевич жана Франжо Туджмандын ортосунда кол коюлду.

2005-жылдын 14-декабрында "Треваниан" каймана аты менен "Шибуми" жана "Эсептешүү" сыяктуу белгилүү чыгармаларды калтырган АКШлык жазуучу Родни Уильям Уитакер 74 жашында көз жумду.



Тектеш кабарлар