Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1544042
Тарыхта бүгүн

2002-жылдын 13-декабрында Европа Биримдиги тарыхынын эң чоң кеңейүүсүн жарыялады. 10 талапкер өлкөнүн 2004- жылдын 1-майынан баштап биримдикке мүчө болору билдирилди.

2003-жылдын 13-декабрында АКШнын Иракка басып кирүүсүнөн кийин Багдаддан качкан жана жашырынган Саддам Хүсейин туулган жери Тикритке жакын жердеги баш калкалоочу жайда Америка аскерлери тарабынан кармалды. Саддамдын кармалышы Иракта уланып жаткан каршылык үчүн бурулуш учур болду.

2017-жылдын 13-декабрында Ислам Кызматташтык Уюму Стамбулда АКШнын Кудсту борбор шаар деп таанышы жана элчилигин көчүрүү чечимин сүйлөшүү үчүн кезексиз чогулду. 16сы мамлекет башчы деңгээлинде 48 өлкөдөн өкүлдөр катышкан жыйында АКШнын чечиминин кабыл алынбагандыгы жана Палестина мамлекетинин борбор шаары Чыгыш Кудс экендиги жарыяланды.



Тектеш кабарлар