Түркия    - Европа Биримдиги  карым  - катнаштары бурулуш жеринде

СЕТАнын Коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору – жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

1543902
Түркия    - Европа Биримдиги  карым  - катнаштары бурулуш жеринде

Акыркы жумаларда Түркия менен Европа Биримдигинин арасында болгон чыңалуу карым  - катнаштардын келечеги тууралуу олуттуу шектенүүлөрдүн болушуна себеп болду.

СЕТАнын Коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору – жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикирин угуңуздар.

Чыңалууга себеп болгон көптөгөн абалдар бар. Булардын башында Түркия көптөгөн убакыттан бери иликтеп жаткан тышкы саясат келет. Ливия, Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Сирияда Түркиянын тышкы саясаттагы мамилеси Европада бир топ актердун тынчын алууда. Өзгөчө да Ливия жана Чыгыш Жер Ортолук деңиз тууралуу Европа менен Түркиянын ортосундагы чыңалуу олуттуу көлөмгө жетти. Акыркы болуп Түркия желектүү атайын бир соода кемесине эл аралык мыйзамга терс «Ирини» операциясынын негизинде тинтүүнүн жүргүзүлүшү карым  - катнаштардын келген жерин так түрдө көрсөтө турган мүнөздө. Жүргүзүлгөн операциянын усулсуздугу жана мыйзамсыздыгы бир тарапка Европа Биримдигинин Түркияга каршы мамилеси да начар. Европа Биримдигинин оюу боюнча Түркия аймакта дайыма маселе чыгарган актер. Түркиянын өзүн Европанын бир бөлүгү катары көргөндүгүн айткан учурда мындай кыймылдын ишке ашышы Түркия үчүн да бир топ суроо белгисинин ортого чыгышына себеп болду. Эми бардык көздөр Европа Биримдиги лидерлеринин саммитине бурулду.

Түркияга карата көз караш жактан жарым  - жартылай өнөктөштүк сөз болсо да Европа Биримдигинин Анкарга карата кандай  саясат жүргүзүшү керектиги тууралуу макулдашуу сөз боло албайт. Франция, Греция, Түштүк Кипр Рум башкаруусу сыяктуу актерлор Түркияга каршы тараптын алдыңкылыранын арасында. Афина башкаруусу Түркиянын Жер Ортолук деңизинде өзүнө каршы  жүргүзүлгөн саясатты тең салмактоо үчүн Европа Биримдигин Түркияга санкция салууга чакырууда. Франциянын Европа Биримдиги ичинде Түркиянын досу эмес экендиги ачык. Макрон үчүн Түркия олуттуу бир маселе катары аныкталууда. Ливиядан Сирияга чейин бардык тышкы саясат маселелеринде Макрон Анкараны бир атаандаш катары көрүүдө. Түркияга каршы тараптын Европа Биримдигинин Түркияга карата мамилесин толугу менен белгилөө мүмкүнчүлүгү жок. Германия башта болгон Испания, Португалия, Италия жана Мальта сыяктуу актерлор Түркиянын толугу менен жоголушун каалашпайт. Түркия алар үчүн бир гана экономикалык өнөктөш эле болбостон ошол эле учурда Европанын коопсуздугу үчүн абдан керектүү, күчтүү бир аймактык күч. Өзгөчө Германиянын мыйзам тышы иммиграцияга болгон мамилесинде Түркия абдан маанилүү бир орунга ээ. Европа Биримдигинин абдан олуттуу башка маселелеринин арасында Түркияга санкция салуу чечимин чыгаруу алып келе турган чыгымдарды жабууну  өзгөчө Германия каалабай жатат. Ушул себептен Түркияны жоготуу деген мааниге келе турган санкция чечимин чыгаруу мүмкүн эместей. Муну менен бирге Түркияга саммиттен эскертүү ниетинде бир чечим чыгышы мүмкүн. Бул эскертүүнүн негизинен Чыгыш Жер Ортолук деңиз маселесине бурула тургандай көрүнүүдө. Булардын баарынын алдында Түркия Европа Биримдиги менен диалогго чакырды. Президент Эрдоган маселелерди дипломатиялык жана  сүйлөшүү жолу менен чечүүнү жактагандыгын билдирди. Эрдогандын маселелерге «нөл» суммасындагы оюндун ордуна «ийгиликке жетишүү» түшүнүгүнүн негизиндеги чакыруусу дипломатияны алдыга чыгарган жол картасын сунуш кылууда Европа Биримдигине. Бул үчүн Европа Биримдигине аймактык бир конференцияны сунуштоодо. Бирок бул тууралуу Европа Биримдиги азырынча оң жооп бере элек.

Эң  негизгиси Европа Биримдигинин өз тагдырын талкуулаган бир мезгилде Түркиянын кандай колго алынары. Түркиясыз Европанын күчтүү бир эл аралык карым  - катнаштардын актеру болушу мүмкүн эместей. Андан да маанилүүсү Түркия душман деп жарыяланган бир чөйрөдө Европа Биримдигинин аймактык өлчөмдө саясат жүргүзүүсү мүмкүн эмес. Ошондуктан Европа Биримдигинин Түркия менен карым  - катнаштарын кайрадан карап чыгып, жаңы бир карым  - катнаш формасын түзүшү керек. Греция же Түштүк Кипр Рум башкаруусунун камоосу астында калган бир Европа Биримдиги стратегиясынын Түркияны түшүнүшү мүмкүн көрүнбөйт.  



Тектеш кабарлар