Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1540165
Тарыхта бүгүн

1941-жылдын 7-декабрында Япония АКШга кол салды. АКШнын Перл-Харбордогу деңиз флотун япондор басып алышты. Басып алууда 19 аскердик кеме чөктүрүлүп, 200 аскердик учак жок кылынды, 2 миң 400 адам каза болду. АКШ Япония жана Германияга согуш жарыялап Экинчи Дүйнөлүк согушка катышты.

1956-жылдын 7-декабрында түрк адабиятынын маанилүү ысымдарынын бири, «Боз торгойдун» автору Решат Нури Гүнтекин 67 жашында каза болду.

1988-жылдын 7-декабрында Арменияда күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө болду. Жер титирөөдөн 25 миңден ашуун адам каза болуп, 150 миң адам жаракат алды жана 400 миң адам үй-жайсыз калды.



Тектеш кабарлар