Буларды билесиздерби?

Гөреме

1540587
Буларды билесиздерби?

Түркиянын табигый кереметтеринен Кападокияда сөзсүз көрүлө турган бир ачык аба музейинин бар экенин билесиздерби ?

Ич Анадолу аймагындагы Кападокиянын миңдеген жыл монастрдык турмуш өкүмдүк кылган өзгөчө жерлеринин бирөөсү Гөреме ачык аба музейи. Гөременин баяны биздин замандын  4 -  кылымында христиандыктын алгачкы жылдарында башталат. Кайсери эпискобу Азиз Басил аймакка келип окуусун жайылтып, окуучуларды жетиштире башташы менен монастрдык турмуш өрөөнгө ээ болот. Гөреме уранды жери  деп аталган аймак 13 -  кылымга чейин билим берүү системасынын борбору болот.

Кылымдар боюнча миңдеген кишинин ойлорун аскаларда сактаган Гөреме ачык аба музейинин  ичинде кыдырууга боло турган ондогон монастр, менен чиркөө бар.

Дээрлик ар бир аска оюлуп ибадат жана турмуштук аянтка айландырылгандыгы, ыйыктыгы көркөм өнөр менен бириккен бул өрөөн 1985 -  жылдан бери ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинде орун алууда.

 



Тектеш кабарлар