Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1539191
Тарыхта бүгүн

1791-жылдын 5-декабрында австриялык композитор Вольфганг Амадей Моцарт Венада көз жумду. Моцарт 35 жылдык өмүрүндө 625 чыгарма жаратты. Анын чыгармалары симфониялардан операга чейин классикалык музыканын бир топ тармагына таасир этти.

1934-жылдын 5-декабрында Түркияда аялдарды депутаттыкка шайлоо жана шайлануу укугун берген мыйзам Түркия Улуу Улуттук Парламентинде кабыл алынды. Жобо менен 22 жаштан жогору курактагы аялдарга добуш берүү укугу, ал эми 30 жаштан жогору курактагы аялдарга депутат болуп шайлануу укугу берилди. 1935-жылы 8- февралда болгон шайлоодо да 18 аял депутат болуп шайланып Түркия Улуу Улуттук Парламентине кирди.

1951-жылдын 5-декабрында БУУнун карамагында Эл аралык Миграция Уюму түзүлдү. Бул уюм качкындардын жаңы өлкөгө жайгаштырылышы, өз ыктыярлары менен кайра кайтууларына жардам көрсөтүү, иммигранттардын ден-соолугу, акча жөнөтүү жана мыйзамдуу миграция варианттарын колдоо сыяктуу тармактарда иш алып барууда.

2013-жылдын 5-декабрында расизмге каршы күрөштүн символдук ысымы, Түштүк Африканын биринчи кара президенти Нельсон Мандела көз жумду.



Тектеш кабарлар