"Суу менен башталган маданият"  - 14. 2020

Шаардын үч тарабы суу  менен курчалган... бул суулар  туздуу шаарды курчаган... Халич, Мармара жана Сарайбурнунун ортосундагы бул үч бурчтукта доорлордон бери дүйнөнүн көзүн өзүнө бурган шаар бар...

1539963
"Суу менен башталган маданият"  - 14. 2020

Шаардын үч тарабы суу  менен курчалган... бул суулар  туздуу шаарды курчаган... Халич, Мармара жана Сарайбурнунун ортосундагы бул үч бурчтукта доорлордон бери дүйнөнүн көзүн өзүнө бурган шаар бар...

Бул шаар 8500 жылдык тарыхы менен белгилүү Стамбул. Ал үчүн согуштар болгон, багынтылышы менен бир доорду жаап жаңы бир доорду баштаган, тарыхка тамгасын баскан Стамбул! Сансыз китеп, ыр жана киного тема болгон, акындардын, жазуучулардын, өнөрпоздордун, саясатчылардын баш тартылгыс шаары! Миңдеген жыл саныз киши балким жакшы жашоо үмүтү менен балким да кооздугуна суктануу менен жайгашкан, эки континеттин бир гана шаары.

Үч империяга борбор шаар, бир топ цивилизацияга үй ээлик кылган Стамбулду албетте бул кыска программада сиздерге түшүндүрүү мүмкүн эмес. Айтуу менен эле болбойт. Барып көрүп, аны менен бирге дем алуу керек. Эмесе бүгүн Стамбулдун суу курулуштарынан сөз кылалы. Анткени Рим, Византия жана Осмон империясы сыяктуу дүйнө тарыхы менен саясатына багыт берген империялардын борбор шаары Стамбулдун суу менен болгон байланышы тууралуу айтыла турган көп нерсе бар.

Курулган күндөн тарта шаар калкынын муктаждыгын камсыз кыла турганчалык суу булагынын болбошу Стамбулду башкаргандар үчүн чоң маселе болгон. Суу алып келүү балким да кол салууларга дуушар болуп коргонуудан да чоң маселе болгон. Аны менен бирге шаар кылкынын саны күн өткөн сайын артат. Жакындарында бир агын суу же башка бир  тузсуз суу булагы же жер астындагы суу булактары да жок... Римдиктер суу маселесин чечүү үчүн жылдардын ичинде оболу цистерналарды, тескери сифондорду жана андан кийин суу түтүктөрүн колдонушкан.

Сууну каналдар жана суу түтүктөрү аркылуу алып келишкенден кийин, аны ири цистерналарда сактап, шаардын айрым жерлериндеги фонтандарга, мончолорго жана башка коомдук жайларга бөлүштүрүп беришет. Ушул себептен Стамбул Рим доорундагы эң мыкты суу структуралары бар бир нече шаарлардын бири катары алдыбызга чыгат.

Шаардын сууга болгон муктаждыгын канааттандыруу боюнча алгачкы эмгектердин Рим императору Адрианус мезгилинде башталганы белгилүү. Стамбулдун борбор шаар болушуна чечим чыгарган император Константин болсо шаарды кайрадан кура баштайт. Константин суу менен камсыз кылууга чоң маани берет, мончолорду жана монументалдуу фонтандары курдуртуп, бузулган суу курулуштарын калыбына келтирет.

Империянын борбор шаары болуусу менен бирге калкынын саны да көбөйөт Стамбулдун. Констандиндин өлүмүнөн кийин тактыга отурган императору Валенс учурунда шаардын суу маселеси дагы да белгилүү боло баштайт. Абдан алыстагы Фракия аймагынан суу алып келүүгө чечим чыгарылат. Фракия аймагындагы булактар мезгилге жана жамгырдын көлөмүнө карата өзгөрөт. Тактап айтканда бирдей көлөмдө суу берүү ар дайым эле мүмкүн болгон эмес.

Каналдар менен  суу сактагычтарды курууда чебер болгон римдиктер чебердигин колдонуп, алыс жерлерден каналдар аркылуу Стамбулга суу алып келишет. Каналдар аркылуу шаарга алып келинген суу шаардын эң бийик жериндеги суу мунарасына жана максемге жетет. Бул жерден да кезеги менен коомдук имараттарга, көчөдөгү суу түтүктөрүнө жана үйлөргө таркатылат. «Максем» суу бөлүштүрүлгөн жер деген мааниге келет жана биринчи жолу римдиктер тарабынан курулат. Максемдер кийинчерээк осмондуктар мезгилинде көп колдонулган курулуш болот.

Стамбулдун суу жолдоруна байланыштуу 2000 – жылдардын башында жүргүзүлгөн археологиялык иликтөөлөр жана спутниктик өлчөөлөрдөн кийин бул суу жолдорунун чыныгы узунудугу болжолдолгондой 240 эмес 551 километр экендиги  ортого чыкты. Ооба Фракия дөңсөөлөрүнөн өтүп Стамбулга келген бул суу жолунун узундугу 551 километр эле! Бул аралык Түркиянын чыгыш батышка созулган узундугунун үчтөн бир бөлүгүнө тең келет жана Рим суу жолдорунун эң узуну катары литературадагы ордун алат.

Римдиктер мынчалык  узундуктагы каналды Стамбулга алып келүү үчүн  жолдо 60 суу түтүгүн жана көптөгөн туннелдерди курушкан. Ошондуктан бул инженердик ийгилик байыркы дүйнөнүн  кереметтүү мурастарынын бири жана окшошу болгон суу системаларынын эң чоңу катары кабыл алынат.

Император Валенстин аты менен аталган Валенс суу каналы бүгүнкү аты менен Боздоган суу каналы болсо бул узун суу жолунун кичинекей бир бөлүгү.  Кичинекей дегенибизге карабаңыз анткени бул каналдын узундугу 970 метр. Валенс суу каналы бир гана Рим доорунда эле эмес ошол эле учурда Византия мезгилинде да Стамбулдун суу муктаждыктарын камсыз кылууда роль ойноп, турмуштук мааниге ээ болууда. Фатих Султан Мехметтин Стамбулду каратып алышынан кийин жасалган оңдоо иштери менен осмондук мезгилинде да колдонулат жана 1500 жылга жакын Стамбулду суу менен камсыз кылат.

Рим суу архитектурасынын мүнөзүн чагылдырган бул суу каналы өткөн күндө болгондой бүгүн да  Стамбулдун эң негизги символдорунун бири. Ошол эле учурда шаардын эң көп билинген эзелки курулуштарынан. Анткени  инженердик жана архитектуралык керемет болгон Валенс суу каналы тарыхый  жарым аралдын борборунда жана эң киши көп болгон жолдордун биринде орун алууда. Валенс суу каналы кылымдардан бери көрүп, уккандарын бизге айтып бере албаса да балким көрүүнү каалаган, кызыккан кулактарга шыбырап жатса керек.

Римдиктер сууну элдин саламаттыгы үчүн бир коомдук тейлөө  катары колго алат. Алардын саясында суу турмуштук максатта колдонуудан башка өлчөмгө жетет.  Римдиктер суу тартыштуу болгон Стамбулга суу алып келүү үчүн туннелдерди, суу каналдарын жана максемдерди курушат. Ар бири өзүнчө инженердик керемет болгон бул суу курулуштары Стамбулдун шаар түзүлүшүнүн бөлүнгүс бир бөлүгү катары келет ушул күнгө чейин. Суу каналдары римдик инженерлер өздөрүнөн кийинки цивилизацияларга мурас катары калтырган абдан маанилүү суу курулштары. Анадолуда бүгүн сөз болгон суу каналдары сыяктуу көп сандаган суу курулуштарынын үлгүлөрү бар. Көптөгөн жылдарга туруштук берген, адамды бир башка заман тилимине алып барган Валенс суу каналын келип көрүүңүздөрдү күтөбүз.



Тектеш кабарлар