Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1535046
Тарыхта бүгүн

1895-жылдын 27-ноябрында "3 мушкетёр" жана "Граф Монте Кристо" сыяктуу классикалык чыгармаларды жараткан француз жазуучу Александр Дюма 71 жашында көз жумду.

1942-жылдын 27-ноябрында Экинчи Дүйнөлүк согушта Германиянын армиясы Франциянын деңиз флоту жайгашкан Тулон шаарын басып алды. Француз деңизчилер Германиянын колуна түшүп калбоо үчүн 73 кемеден турган деңиз флотун чөктүрүп жок кылышты.

1950-жылдын 27-ноябрында Кореяда 4 күнгө созулган Кунури согушу башталды. 5 миң кишилик түрк бөлүгү, Кытай менен Түндүк Корея күчтөрү тарабынан курчоого алынган АКШнын 8-армиясынын толугу менен жок болушуна бөгөт болду жана Кунури жеңишине жетишти.



Тектеш кабарлар