Ирини чуулганы

СЕТАнын коопсуздук жана изилдөө директору, жазуучу доцент Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

1535581
Ирини чуулганы

Урматтуу окурмандар, өткөн жумада Түркиянын Европа Биримдиги жана өзгөчө да Германия менен карым  - катнаштарына олуттуу түрдө тескери таасир тийгизген бир чуулган чыкты. Ливияга боёк жана гуманитардык жардам ташыган Розалин  -  А аттуу түрк желектүү соода кемеси Ирини операциясы  миссиясынын негизинде кызмат кылган «Гамбург» аттуу немис фрегаты тарабынан токтотулду, Түркиянын уруксаты болбостон  фрегатта кызмат кылган аскерлер кемеге тик учарлар менен конушту жана тинтүү жүргүзүштү.

СЕТАнын коопсуздук жана изилдөө директору, жазуучу доцент Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикирин угуңуздар.

Европа Биримдиги тарабынан бул жылдын башында Ливияга карата курал эмбаргосун көзөмөлгө алуунун негизинде түзүлгөн Ирини операциясынын кыймыл борборунан берилген маалыматта БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдеринин негизинде түрк желектүү Розалин  -  А аттуу соода кемесинин тинтилгендиги, Түркиядан уруксат тууралуу жооп келбесе да Бенгази  портунан 160 чакырым түндүктө эл аралык сууларда бара жаткан кемеде кеменин капитаны менен экипажынын каршы чыккандыгы, жана Түркиянын кеменин тинтилүүсүнө каршы чыккандыгы белгилүү болуу менен бирге операциянын токтотулуп кеменин өз багытында жолун улантуусуна уруксат берилгендиги билдирилди. Өзгөчө тинтүү учурунда кеменин эч бир мыйзамсыз жүк ташыбагандыгы да маалыматта орун алды.

Кызматташкан кеме капитаны жана экипажына кылмышкер сыяктуу мамиле кылынганы медиада тараган видеолордо ачыкча көрүнүүдө. Эң негизгиси Түркиянын уруксат бербегендиги билинери менен тинтүүнүн токтотулуп, кеменин эркин койо  берилгендиги маалымдалган. Бул билдирүү ансыз да Түркиянын уруксаты болбостон кемени тинтүүгө болбой тургандыгынын ачык көрсөткүчү. Немис аскердик кемеси «Гамбургдун» экипажы караштуу болгон немис коргоо министрлигинин веб сайтында тизмеленген эрежелерди да жокко чыгарып түрк желектүү Розалин  -  А аттуу соода кемесинде мыйзамсыз тинтүү жүргүзгөн. Түркиянын уруксаты болбостон, кеменин капинанынын уруксаты болбостон каракчы сыяктуу кемеге чыгып мыйзамсыз түрдө тинтүү жүргүзүлгөн жана акырында да «Түркиянын уруксаты болбогону  үчүн тинтүүнү  токтотуп, кемеден чыктык»,- деген маалымат бришкен.

 Бул тинтүүдө немис кемесинин өз эрежелерин бузгандыгын бир тарапка таштап, Түркия «максаты жана пайдасы талкууга ачык» жана «тараптуу» бир кыймыл деп мүнөздөгөн Ирини операциясынын негизинде өзүнө каршы санкция салынышына катуу каршы чыгууда. Бул кыймылдын артындагы мамлекеттердин башында турган Франциянын Ливияга карата курал эмбаргосун эң көп бузган жана бул өлкөдөгү легитимдүү өкмөттү кулатууга аракет кылган актерлордун башында экендигин баары билет.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Ливияга карата курал эмбаргосу чечими шылтоолонуп түзүлгөн Ирини операциясы  Франция сыяктуу Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн өз кызыкчылыгына ылайыкташтырган Чыгыш Жер Ортолук деңиз саясатынын бир каражатына айланып Германиянын буга колдоо бериши  керек болсо Берлин, керек болсо Брюссел үчүн абдан маанилүү кесепети боло турган бир абал. 2004 -  жылы 1 -  майда Түштүк Кипр рум башкаруусун жаңылыш түрдө Европа Биримдигине мүчө кабыл алып жатып, Чыгыш Жер Ортолук деңиз маселелеринин бир бөлүгү болгон Европа Биримдигинин эми Ливия тууралуу ошол эле жаңылыштыкты улантууга карата кыймыл ичинде экендиги көрүнүүдө.



Тектеш кабарлар