"Суу менен башталган маданият"  - 12

Суу түтүктөрү.

1531647
"Суу менен башталган маданият"  - 12

Урматтуу окурмандар, суу 19 -  кылымга чейин үйлөрдүн короосундагы кудуктардан алынчу. Андан мурунку мезгилдерде болсо  шаарлар, айылдар биргеликте колдонгон жерлердеги суу түтүктөрүнөн... Шаарлардын тарыхый жана маданий түзүлүшүнүн баш тартылгыс  элементи суу түтүктөрү. Суу түтүктөрү дээрлик шаар менен бүтүндөшкөн. Суу түтүгү дегенде Стамбул менен Рим эске келет. Аларды кээ бирөөлөрүбүз архитектуралык же тарыхый жерлери менен кээ бирибиз да тилектерибиздин орундалышы тууралуу ишенич менен көргүбүз келет. Стамбулга барып Султан 3 -  Ахмет суу түтүгүн көрүп суктанбастан же Римге барып «Треви» же билинген аты «Махабат суу түтүгүнө» акча салып, тилек тилебестен кайткандар  болбосо керек.

Суу түтүктөрү оболу таза суу алуу үчүн курулат. Бирок, убакыттын өтүшү менен эстетика функционалдуулукту жокко чыгарып, күч жана улуулуктун көрсөткүчү катары кабыл алына баштайт. Бүгүнкү программабызда Анадолуда суу менен кошо жашаган суу түтүктөрүнөн сөз кылабыз.

Адам баласы тарых боюнча эмнеге муктаж болсо, өзү үчүн эмне маанилүү болсо аны издегенге киришти. Дүйнөнүн түрдүү жерлеринде жашаган адамдар, балким бирдей учурларда бирдей нерселерди тапты. Ошондуктан алгачкы суу түтүгүнүн так түрдө качан жасалгандыгын билүү балким кыйын бирок Анадолуда алгачкы суу түтүгүнүн үлгүлөрү хеттер жана урарту цивилизацияларында  кездешилгендигин билебиз.

«Миң теңирдүү калк» деп билинген хеттер суу менен түрдүү байланыштарды курат. Сууну ыйык деп кабыл алат. Турмушунун ар бир учурунда суунун болушун каалашат. Ушул себептен храм жана сарайларында  жуунуучу жерлерди салышкан. Бул жуунуучу жерлердеги кичинекей суу чогултуучу көлмөлөргө бир жерден агызып келген алгачкы суу түтүгүн долбоорлошкон.

Ванга жакын жердеги урарту цивилизациясынын да ушундай суу түтүктөрүн жасашкандарын белгилей кетели. Хеттер цивилизациясы булактарды, агын сууларды, көлдөрдү, деңиздерди  кыскача жер бетиндеги бардык сууларды ыйык деп эсептегени үчүн курмандык чалып, эстеликтерди тургузган. Монументалдык архитектурада ири таштарды колдонгон Анадолудагы биринчи цивилизация хеттер болот. Бул эстеликтердин эң кызыгы - миңдеген жылдардан бери сакталып келген Эфлатунпынар Чешме (суу түтүгү) эстелиги ... Кониядагы Бейшехир көлүнүн жанында ачык асман алдында музей бар: Хет археологиялык паркы... Хеттердини негизги суу түтүгү эстелиги мына ушул архерлогиялык паркта. Теңирлерге берген маанини чагылдырышы, үстүндө чеканкалардын болушу, өнөрдө, архитектруда жана технологияда жеткен жерин көз алдына алып келиши жактан искусстводо, архитектурада жана технология жаатындагы жетишкендиктерин ачып бергендиги менен уникалдуу деп эсептелет. Хеттердин сууга маани беришин мыкты жана таасирдүү билдирген балким да бир гана үлгү Эфлатунпынар эстелиги.

Белгилүү ойчул Платон бул жерлерде Эфлатун деп билинет. Кээ бир айтылган сөздөргө караганда Платон Бейшехир  көлүнө жакын жерлерде бир канча убакыт жашайт.  Бул эстеликтин аты Платондон башкача айтканда Эфлатундан келет. Бирок олуттуу бир жыл жаңылыштыгы бар. Анткени Платон хеттерден 900 жылдан кийин жашайт. Ар дайым айтылган сөздөр чындыктардан дагы көп кызыгууларды тартат. Бирок биз чындыктарга кайтып жана кандай максатта жасалгандыгы азыр да белгисиз болгон Эфлатунпынар эстелигинен сөз кылабыз. Бул монументалдык суу түтүгү жанаша жана бири биринин үстүнө тизилген таш блоктордон турат. «Ыйык көлмө» негизинен  хеттердин теңирлердин алдына таза болуп чыгуу жана тазалануу үчүн курулган. Оор таш блокторун аскаларды оюу менен эмес, белгилүү бир аралыктагы таштардын бири бирине ылайык келе тургандай кесилгендиги, булакка чейин алып барылгандыгы жана тыкандык менен бириктирилип курулгандыгы белгилүү. Таш блокторунун үстүндөгү чеканкаларда бороон, тоо, жер астындагы теңирлер менен күн теңири жана ар кандай фигуралар орун алган. Эстеликтин үстүндөгү тешиктерден диний аземдерде суулар агызылган жана бул суулар кичинекей бир бассейинде чогултулуп фонтанга айландырылган.

Эфлатунпынар эстелиги хеттердин ишеничтерин архитектурага айландырып, эстетикалык жана курулушу жактан мааниге ээ болууда. Анадолудагы суу инженердигинин негизги үлгүсү катары алдыбызга чыккан бул монументалдык суу түтүгү, мезгилинин технологиясын жана таш иштетүүнү чагылдыруусу менен башка эстеликтерден бир канча алдыда турат. Бирок  кандай максатта курулгандыгы белгисиз... Бул теманы иликтегендердин түрдүү көз караштары болсо да азырынча эч бири тактала элек.

Эфлатунпынар монументалдык курулушу көрүнүшү, жасалгасы менен көңүлдөрдү бурууда. Агын сууларды суу сактагычка окшогон бир система менен чогулткан, сууну үнөмдөө менен колдонулган аз кездешүүчү суу системаларынын бири ушул монументалдык эстелик. Бул бардык өзгөчөлүктөрүнөн улам 2014 -  жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурасынын убактылуу тизмесине киргизилген.

Бассейндери менен фонтандары менен азыркы учурда да иштеп жаткан, көптөгөн жылдарга туруштук берген монументалдык суу түтүгүнө барганда балким бул айбаттуу таш блокторун ал күнкү технология менен алыстардан кантип алып келингендигине, мыкты жайгаштырылганына таң калып, балким бир эле таш иштетүүсүнөн таасирленесиз.

Балким да таптаза жана мыкты кийимдерин кийген миңдеген жыл мурда бул жерде чогулган кишилер көз алдыңызда жанданат. Кээ бири курмандык чалуу үчүн келсе, кээ бири каалоосу ишке ашканы үчүн ыраазычылыгын билдиргени... Балким багыштоо үчүн балким да шыпаа алуу үчүн бул жерде... Бул жерге кимдер келди, кимдер сууларында жуунду, кимдер курбандык чалып, кимдердин тилеги орундалды белгисиз. Билген нерсебиз алдыбызда турган Эфлатунпынар монументалдык эстелигинин 3000 жылдан ашуун убакыттан бери мезгилге каршы туруштук бергендиги жана болгон көркөмдүүлүгү менен :  «Мен бул жердемин»,- дегени.

Эфлатунпынар монументалдык эстелигинин 110 километр түндүгүндө дагы бир монументалдык эстелик орун алган.

Ялбурт хетты суу монументалдык эстелиги... Бул бир суу түтүгү эмес бирок суу тууралуу көңүлдөрдү бурууда.

Суу түтүктөрү Анадолуда көп сөз менен баяндала турган архитектуралык жана маданий элементтердин бири. Ар бир цивилизация мезгилинде бири биринен айырмаланган максаттарда жана формаларда курулган суу түтүктөрүнөн сөз кылууну улантабыз...

Бүгүн дүйнөлүк цивилизация тарыхына социалдык, экономикалык жана диний түзүлүшү менен тамгасын баскан, адамзатка чоң салым кошкон жана азыркы күнгө чейин келген маданий  байлыктын бирөөсүнөн, хеттерге таандык Эфлатунпынар монументалдык суу түтүгүнөн сөз кылууга аракет кылдык. Программаны Түркия үнү радиосу үчүн даярдаган Неслихан Дегирменжиоглу.



Тектеш кабарлар