Сирияда ПКК коркунучу уланууда

СЕТАнын тышкы саясат боюнча иликтөөчүсү Жан Ажундун террордук уюм ПККнын Сириядагы абалы тууралуу пикири.

1531127
Сирияда ПКК коркунучу уланууда

Урматтуу окурмандар, СЕТАнын тышкы саясат боюнча иликтөөчүсү Жан Ажундун террордук уюм ПККнын Сириядагы абалы тууралуу пикирин угуңуздар.

Сириядагы хаостон пайдаланып кайрадан ортого чыккан ПКК террордук уюму Асад режими менен келишип Африн, Кобани жана Жезире кантондорун жарыялап, андан кийин ДЕАШ менен күрөшүүнү каражат катары колдонуп, АКШ менен аскердик биригүүгө кирип кантондорун бириктирип Түркиянын түштүк чек арасын толугу менен тосо турган бир террордук кичинекей мамлекет куруу аракетинде болду. Түркия болсо бул коркунучту көрүп билип алдына алуучу кыймылдарды ишке ашырып, оболу «Евфрат калканы» андан кийин «Зайтун бутагы» жана акырында «Тынчтык булагы» операциясы менен коркунучтун деңгээлин түшүрүүдө ийгиликтүү болду. Бирок ПКК аймакта болууну улантууда.

ПКК террордук уюмунун Сириядагы уландысы болгон ПЙД жана ЙПГ ичинде араптар да болгон бир үстүңкү чатыр катары Сирия демократиялык күчтөрүнүн негизинде Евфраттын чыгышында Айн ел  Араптан Хасекийе, түштүктө Ракка жана Дейр ез Зор, Манбиж жана Тель Рыфатта болууну улантууда. Бул аймактарда башкарууну түзүп, АКШнын коргоосу астында Сириянын нефть жана жаратылыш газ булактарынын да маанилүү бир бөлүгүн көзөмөлгө алууда. Уюм ошол эле учурда аймакта кенен дыйканчылык аянттары жана өлкөнүн ансыз да аз болгон суу булактарын да чоң өлчөмдө көзөмөлүнө алды. Түркия акыркы ишке ашырган «Тынчтык булагы» операциясы менен Тель Абяд жана Расул Айн сыяктуу аймактарды бошоткон болсо да террордук уюм  40 000 километр квадраттык аянтты дефакто катары кармап турат. «Тынчтык булагы» операциясынан кийин Түркия оболу АКШ менен андан кийин Россия менен аймак тууралуу келишимдерди түзүп, өзгөчө Сочиде Россия менен Евфраттын чыгышы тууралуу ичинде убадалар болгон маанилүү бир меморандум түзгөн. Ушуга караганда уюмду Айнел Арапта Маликийе  -  Фишхабур жолуна чейинки аймактан түштүккө карай 32 километр чегинүүнү кабыл алган. Бирок мунун ишке ашпагандыгы көрүнүүдө. Өзгөчө террордук уюм Тель Рыфат, Айн Исса жана Тель Тамир сыяктуу аймактарды пайдаланып Түркиянын көзөмөлүндөгү  аймактарда террордук кол салууларды ишке ашырууда. Көпчүлүк учурда бомбалуу  кол салууларды ишке ашырып, бул кол салууларда  жүздөгөн жаран каза болду. Уюм бул жерде «Бошотулган аймактардын» ырааттуулугун бутага алууда.

Ошондуктан Түркия үчүн террордук уюмдун Сирияда болушу коркунуч туудурууну улантып, уюмдун чек ара жолунан 32 километр түштүккө чегинбесе жаңы операциялардын болуу ыктымалы бар. Азыркы абалда ПККнын Сирияда болушу Евафраттын чыгышы жана батышы үчүн коркунуч болууну улантууда.



Тектеш кабарлар