Карабах жеңиши

Евразия күндеми-47

1531218
Карабах жеңиши

Ардактуу окурмандар! “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Азербайжандын Карабахтагы жеңиши тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрь күнү Армениянын кол салуусунан кийин Карабахта аскердик кагылышуулар кайрадан башталган болчу. Азербайжан армиясы Шуша шаарын кайтарып алгандан кийин Армения жеңилүүгө учураганын мойнуна алып, согушту токтотуу боюнча келишимге кол коюуга мажбур болду. Россия ортомчу болгон үч тараптуу келишимге үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында кол коюлду.

 44 күнгө созулган кагылышуулардан кийин Азербайжан армиясы 7 районду, Шуша менен бирге 7 айылды кайтарып алды. Тоолуу Карабахтын статусу кийинчерээк такталат. Келишимге ылайык, Агдам району 20-ноябрга чейин, Келбежер 25-ноябрга чейин, ал эми Лачин болсо 1-декабрга чейин Азербайжанга кайтарылып берилет. Үй-жайын таштап качууга мажбур болгон азербайжандыктар БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариатынын көзөмөлүндө Тоолуу Карабахка жана анын айланасындагы райондорго кайра жайгаштырылат.

Келишимдин 3-беренесине ылайык Тоолуу Карабахтагы чек ара линиясына жана Лачин коридоруна Орусиянын 1960 жоокери, 450дөн ашуун ар кыл техникадан турган тынчтыкты орнотуу күчү жайгаштырылды. Россиянын тынчтыкты орнотуу күчү аймакта 5 жыл болот. Мындан сырткары Түркиянын жана Россиянын коопсуздук министрлери ок атышпоо режимине аралыктан көз сала турган “Түрк-орус” биргелешкен борборун түзүү боюнча келишимге кол коюшту.

Кол коюлган келишимдин 9-беренеси Нахчиванды Азербайжан менен туташтыра турган транспорт коридорунун ачылышы боюнча маалыматты камтыйт. Бул жагдай Түркиянын Азербайжан жана Орто Азия мамлекеттери менен автотранспорттук жол аркылуу байланышуусуна шарт түзөт. Карс-Ыгдыр-Нахчиван темир жолу долбоору ишке ашса, кийинки кадам катары Нахчиванды Баку менен туташтыра турган темир жол линиясын бүтүрүү маселеси күн тартибине келет.

Келишимге кол коюлгандан кийин Арменияда толкундоолор башталды. Ереван шаарында премьер-министр Никол Пашиняндан кызматын тапшырууну талап кылган демонстрациялар болду. Коопсуздук жана атайын кызматтын кызматкерлери оппозициянын лидерлерин төңкөрүш жасоого аракет кылды деген айыптоо менен камакка алды.

Согуш учурунда Армения Азербайжандагы эл жайгашкан аймактарга аткылоо жүргүзүп, 100дөн ашуун азербайжандык жарандын өлүмүнө себеп болду. Армения жайкын тургундарга кол салуу аркылуу согуш кылмышын жана адамзатка каршы кылмышты жасады.

Келишимге ылайык, басып алган райондорду бошотушу керек болгон армяндар, жашаган жерлеринен кетээрден мурун үйлөрүн, мектептерди жана токойлорду өрттөп жатышат. Бул жагдай алардын Карабахты өз жергеси катары көрбөй турушкандыгын айгинелеп турат. Азербайжандыктар болсо 1994-жылы бул жерлерден чыгууга мажбур болушканда, “бир күнү сөзсүз кайтып келебиз” деген ишеним менен үйлөрүнүн ачкычтарын өздөрү менен кошо ала кетишкен. Азербайжандын президенти Илхам Алиев баса белгилегендей, Армения Карабах аймагына келтирген залакасы үчүн компенсация төлөп бериши керек.

 Азербайжандын Башкы прокуратурасы Азербайжан армиясына каршы согушуу үчүн Сирия, Ирак жана Ливандан Тоолуу Карабахка келген ПКК/ПЙД/ЙПГ террордук уюмунун согушчандарына каршы иш козгоду. Империалисттик күчтөрдүн Карабахты терроризмдин жаңы уюгу кылуу аракети таш капты. Согуштун жыйынтыгы аймактагы негизги күчтүн Түркия менен Россия экендигин, батыштын мамлекеттеринин аймактагы таасиринин мурдагыдан азайгандыгын далилдеди.

Тоолуу Карабахтагы жеңиш түрк дүйнөсүнө ишенимди арттырды. Убакыт сааты келгенде азыркы учурда азаттыкка жетпей турган түрк калктарынын жерлери азаттыкка чыгарылат. Түрк дүйнөсүндөгү интеграция мындан ары дагы да ылдам ишке аша баштайт.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар