Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-120

Түрк элдеринин адабиятынан – Өзбек жазуучусу Абдурауф Фитраттын чыгармачылыгы

1529505
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-120

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында өзбек элинин эл агартуучусу, жазуучу Абдурауф Фитрат жана анын чыгармачылыгы тууралуу кеп кылабыз.

 Азыркы өзбек адабияты 19-кылымдын аягы, 20-кылымдын башында түптөлө баштаганын тарыхый булактардан көрүүгө болот. Классикалык адабияттан азыркы адабиятка өткөн ошол доордо Абдурауф Фитрат, Хамза Хакимзаде Ниязий, Абдуллах Кадырий, Абдурахим Чолпон сыяктуу акын-жазуучулардын эмгектери унутулгус. Булардын бири - Абдурауф Фитрат элүү эки жылдык өмүрүндө Советтер Союзу боюнча караңгылыкты жоюу кыймылынын негизги баштоочуларынан болуп, өзү акын, жазуучу, драматург, филолог жана адабиятчы катары жалпыга таанылган. Фитрат алгачкы профессорлук наамга көрсөтүлгөнү менен дагы белгилүү. Ал 1886-жылы Бухара шаарында билимдүү үй бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Атасы таанылган соодагер болгон жана үйүндө аз убакыт өткөргөн. Ошондуктан Фитретти апасы Мустафа Биби айым чоңойткон. Ал өтө билимдүү аял болуп Фитреттин билимге болгон шыгын эрте ойготкон. Навои, Фузули, Увейси сыяктуу улуу акындардын чыгармалары менен чоңоюп, жаш кезинен өзүн адабиятка арнаган. Абдурауф Фитрат 1909-1913-жылдары Стамбул университетинин адабият бөлүмүн бүтүргөн жана бул анын жазуучу катары калыптанышына чоң таасирин тийгизген. 1913-жылы мекенине кайтып, Исмаил Гаспыралынын “Жаңыча окуу ыкмасы” деген мааниге келген, ошол учурдун белгилүү мектеби “Усул-и Жедид” аркылуу бүтүндөй калың журтту жаңы ыкма билим берүү менен кат-сабатын ачууга баш оту менен киришкен. “Эркиндик” деген гезит даярдап, ал жерде билим берүү реформаларын жарыялап турган. Ал 1921-1923-жылдары ак эмгеги менен Билим Берүү министири кызматын аткарган. Ал ошол эле учурда өзбек тили китептерин чыгарып жаңыча илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Ал эми адабият жаатында Омор Хаям, Фирдауси, Навои, Мукими сыяктуу улуктар тууралуу макалаларын жарыялаган.

Абдурауф Фитрат өмүрүнүн көп бөлүгүн жазуу-окуу менен өткөргөн. Анын “Мугалимдердин мекенине”, “Акын”, “Чыгыш” сыяктуу ырлары ошол доордун негизги маселелери чагылдырылгандыктан тарыхый баалуулукка ээ. Ошол учурдун эң жакшы жазылган деп таанылган Фитреттин ырларында адамдын ички жан дүйнөсүн өтө кылдаттык менен сүрөттөгөнүнө байланыштуу болгон. Дагы бир өзгөчөлүгү адатта жазылып келген классикалык калыптан чыгып ырларын жаңыча усул менен жазган. Ал эми драмаларынын негизги бир бөлүгү эркиндикке арналган. “Индия баскынчылары” аттуу трагедиясында, Индиянын баскынчы Англияга болгон тирениши сүрөттөлгөн. Бул эли үчүн эңсеген эркиндикти ушул драмасы аркылуу көрсөтүүгө аракеттенген. Фитратын чыгармаларынын негизги темаларынын бири дин болгон. “Шайтандын теңирге каршы чыкканы”, “Кыямат” сыяктуу чыгармалары азыркы учурда дагы окурмандары тарабынан кызыгуу менен окулуп келет. Абдурауф Фитрат, өмүрүндө чындыкты таамай айткан, адилеттүүлүктү үндөгөн жана эркиндикке умтулган өтө билимдүү инсан болгон. Өз элине болгон сүйүүсү аны улуу чыгармачыл адам кылып жараткан. Бирок тоталитардык режимдин курмандыгына чагылып, 1938-жылы репрессияда атылып кеткен. Он сегиз жыл анын чыгармалары окулбай көмүскөдө калганы менен тарыхый чындык катылбай 1956-жылы акталып чыгып, азыр окуу программаларында анын чыгармалары унутулбай окулуп келет.               

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү программабызда өзбек элинин эл агартуучусу Абдурауф Фитрат тууралуу кыскача кеп болду. Ал жаңы доор өзбек адабиятынын, өзбек элинин пикиринин жана өзбек эркиндигинин өнүгүшүнө өтө чоң салым кошкон жазуучулардан болот жана ал келечек муундун жүрөгүндө ар дайым жашап келмекчи.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар