Тарыхта бүгүн
Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.
1528241
1558-жылдын 17-ноябрында Британиянын ханышасы Елизавета I такка отурду. Елизавета I 45 жылдык башкаруусунда өлкөсүн колониялык империяга алып келди.
1869-жылдын 17-ноябрында Британия тарабынан курулган Суэц каналы ишке кирди. Канал алгач ачылганда узундугу 164 километр, тереңдиги 8 метр болгон.
1989-жылдын 17-ноябрында Чехословакияда «Бархат төңкөрүшү» башталды. Тынчтыкчыл митинг үчүн борбор шаар Прагага чогулган студенттерге полициянын катуу кийлигишүүсү менен бүт өлкөгө жайылган окуялар Чехословакияда коммунисттик режимдин кулашына алып келди.