Трамптан кийинки Жакынкы Чыгыш

СЕТАнын коопсуздук боюнча изилдөөлөр директору жазуучу ,  доцент Мурат Йешилташтын АКШнын президенттик шайлоосу тууралуу пикири.

1527162
Трамптан кийинки Жакынкы Чыгыш

Урматтуу окурмандар, СЕТАнын коопсуздук боюнча изилдөөлөр директору жазуучу ,  доцент Мурат Йешилташтын АКШнын президенттик шайлоосу тууралуу пикирин угуңуздар.

2020 - жылдын 3 - ноябрында АКШдагы президенттик шайлоодон кийин Республикачыл Трамп Демократ Байденге орундугун алдырды. Шайлоонун расмий жыйынтыгы чыга элек болсо да, Байден жеңишке жетишкенин жарыялады, бирок Трамп каршы пикирин билдирүүдө. Трамптын негизги талабы - шайлоодо мыйзам бузуулар болгону тууралуу. Республикачылдар экиге бөлүндү. Алардын айрымдары Трамптын жеңилгенин кабыл алуусу керектигин айтышса, башкалары шайлоонун жыйынтыгын кабыл албастан Трампка күрөштү улантууну сунушташууда. Трамптын сот процессин баштатышы шайлоонун жыйынтыктарын өзгөрбөйт жана Байден 2021 -  жылдын январь айында АКШнын президенти катары орундукка отурат. Байден акыркы кылымдык шайлоолорго көңүл бурулганда эң жогорку добуш катнашы менен ийгиликтүү чыкты. Бир караганда бул чоң бир жеңиш деген мааниге келүүдө ; бирок Байдендин алдында абдан чоң кыйын бир процесс бар.

Бул кыйын процесстредин башында корона менен күрөшүү турат. Байден шайлоо кампаниясында корона менен күрөшүү стратегиясын билдирген. Бирок АКШда корона менен ооруган бейтаптардын саны барган сайын көбөйүүдө. Каза болгон адам саны күнүмдүк 1000ден ашууда. Бул абал Байденди президенттигинин биринчи жылын коронага бөлүүгө мажбурлайт. Корона менен бирге Байдендин алектениши керек болгон башка бир маанилүү маселе экономика. Американын экономикасы корона эпидемиясынын таасиринде олуттуу кичирейүү менен бетме – бет. Жумушсуздук сандары, мамлекеттин колдоо пакеттери, Америка экономикасына карата кысымды артырууда. Байдендин биринчи жылын ала турган маселелер булар менен эле калбайт. Трамп мезгилинин  коомдук уюлдашуусун Байден жумшатууга мажбур. Бул жерде алдына бир «кара кыжырдануу» чыгууда. Флойд окуялары менен башталган  расистик талаш  - тартыштары Байден үчүн толук кыйынчылык. Шайлоо кампаниясында ушул көйгөй менен күрөшөм жана чечүү жолдорун табам деп олуттуу убадаларын берген. Бирок, бул маселени бирден чечүү оңой болбойт.

Байдендин президенттик мезгилинде негизги маселе тышкы саясат. Байден өз мезгилин Американын күчү менен лидерлигин рестоврациясы деп мүнөздөдү. Башка сөз менен айтканда Байден Трамп мезгилинде престижин жана таасирин жоготкон АКШга престижин кайрадан алып келүүгө аракет кылат жана Вашингтондун таасирин эл аралык саясатта кайрадан сездире турган кадамдарды таштайт. Ушунун негизинде Байден президенттик орундугуна отурар замат Трамп чыккан Париж климаттык алмашуу келишимине АКШнын кайра кайтарын билдирди. Ошондой эле Трамптын Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмуна карата Американын жардамдарын токтотуу чечимин ылдамдык менен кайтаруусу да Байдендин алгачкы тышкы саясат тандоолорунун бири болот.

Жакынкы Чыгышта АКШнын жаңы тышкы саясатынын эмне болору болсо кызыгууларды тарткан маселе. Байдендин Трамптын тышкы саясат сызыгы менен кетпей тургандыгы так жана ачык. Акыйкаттан да Иран атомдук маселеси тууралуу андан мурда берген маалыматтарында Иран саясатынын белгилерин берген. Иран атомдук  келишимине кайтып келүүсү - ушул жолдордун бири. Бирок бул кандай келишим болот? Израиль маселесинде Трамптын "Израилге ачык текшерүү" саясатынан баш тартуусу ыктмалдардын арасында.  Байдендин жетекчилиги астында Израилдин маневр кылууга мүмкүнчүлүгү өтө тар болушу мүмкүн. Ачык текшерүү саясатынан таасирлене турган башка бир өлкө  - Сауд Арабиясы. Кашыкчы кылмышынын Байдендин Сауд Арабияга карата мамилесинин таасирдүү болорун айта алабыз. Бириккен Арап Эмираттары менен Египет сыяктуу актерлор да өз позицияларын кайрадан жөнгө салууга мажбур болушу мүмкүн. Сирия тууралуу Байдендин кенен түрдө стратегия жарыялашы ыктымалдардын арасында. Бул жерде Түркия менен АКШнын ортосундагы карым  - катнаштар эске келет.

Көпчүлүк аналисттер  Түркия - Америка мамилелериндеги кризис тереңдейт деп жатышат. Бирок муну айтуу азырынча эрте.

Аймактын геосаясатында түп-тамырынан бери өзгөрүүлөр болду. Байден  АКШны Жакынкы Чыгышта кайрадан перстиждүү  актерго айланта алабы аны көрөбүз. Бирок ишинин оңой эмес экендигин айтууга болот.   



Тектеш кабарлар