Буларды билесиздерби?

Түркия республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктөн сөз кылган башка тилдерде көп сандаган китептин жазылгандыгын билесиздерби?

1522692
Буларды билесиздерби?

Түркия республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктөн сөз кылган башка тилдерде көп сандаган китептин жазылгандыгын билесиздерби?

1938 -  жылы 10 -  ноябрда дүйнөдөн кайткан Мустафа Кемал Ататүрк Түркия республикасынын негизги инсаны. Ататүрк бир гана Түркияда эле эмес, дүйнө жүзүндө да  маанилүү таасир жараткан. Бир топ өлкө анын жасагандарын үлгү кылып алды, бир топ изилдөөчү жана жазуучу да ал тууралуу изилдөө жүргүзүп китеп жазган.

Бул китептердин арасында эң билингендери Ататүрк тууралуу бир биография жазуу үчүн Британия өкмөтү  тарабынан милдеттендирилген Лорд Кинросс жазган «Ататүрк  -  бир улуттун кайрадан жаралашы» биринчи орунду алат. 1960 -  жылы биринчи басылышы чыккан китепте Ататүрктүн өзгөчөлүктөрү, Осмон мамлекетинин акыркы учурлары жана Түркия республикасынын алгачкы жылдарынан сөз болот.

Дагы бир англис иликтөөчү – жазуучу Эндрю Манго да «Ататүрк - заманбап Түркиянын куруучусу» аттуу китебинде Ататүрктүн өмүрүн бардык жактары менен колго алган.

Өзү да бир аскер болгон АКШлык жазуучу Остин Бэйдин «Ататүрк  - заманбап Түркиянын куруучусу, гений генералдан лидерлик тууралуу сабактар» аттуу китеби Ататүрктүн лидерлик жана аскердик командирликтеги акылынан, жөндөмдүүлүктөрүнөн сөз кылган биографиялык чыгарма.

Түрк тили жана тарыхы тууралуу жүргүзгөн изилдөөлөр менен билинген Клаус Креисердин «Ататрүк» аттуу чыгармасы  Германияда көптөгөн жолу басылып чыкты. Окуучулар менен мугалимдер үчүн негизги булак болду.



Тектеш кабарлар