Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1522757
Тарыхта бүгүн

1793-жылдын 8-ноябрында Парижде дүйнөгө белгилүү Лувр музейи ачылды. Лувр 13- кылымдын башында чеп катары курулган.

1923-жылдын 8-ноябрында Германиянын Бавария аймагында Адольф Гитлер жана жактоочулары аймактын башкаруусун кулатууга аракет кылышты бирок ийгилисиз болушту. Германиянын саясий тарыхында «Пивокана соккусу» деп аталган кыймылдын акырында Гитлер менен жолдоштору кармалып камакка алынды. Гитлер нацизмдин «Күрөшүм» китебин да абакта жазды.

2000-жылдын 8-ноябрында АКШда демократ Аль Гор менен республикачыл Жорж Буштун ортосундагы президенттик ат салышуунун жыйынтыктары өлкөдө саясий башаламандыкты пайда кылган. Эки талапкердин ортосунда 537 добуш гана айырмачылык болгондуктан маселе АКШнын Жогорку Сотуна алып барылды. Сот 4 каршы 5 макул добушу менен Жорж Бушту шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыялады.



Тектеш кабарлар