«Суу менен башталган маданият» - 09. 2020

Меандрос ашып - ташып, талааларды суу каптап, эгиндер чирип же сууга агып кетти ...

1519180
«Суу менен башталган маданият» - 09. 2020

        

Меандрос ашып - ташып, талааларды суу каптап, эгиндер чирип же сууга агып кетти ... Агып келген ылай  порттун жолун тосуп шаардын деңиз менен болгон байланышын үздү.  

Меандрос көптөгөн күн токтобостон ашып  - ташыптыр... Эл чыдабастан ал абдан жакшы көргөн дарыя кудайына доо ачыптыр. Ушундайча тарыхта биринчи жолу  адамдар менен кудай арасында сот курулду.

Урматтуу окурмандар,  бүгүнкү программабызды бир уламыш менен баштадык. Уламышта аты аталган Меандрос Бүйүк Мендерес дарыясы... Аны кудай ордуна коюп арыздангандар милеттиктер...

Бүйүк Мендерес 550 километрге жакын узундукта бир дарыя. Эгей деңизине куйган, Батыш Анадолунун эң чоң дарыясы...  Мендерес тарых боюнча бир тараптан түшүмдүү жерлерге жан киргизген, бир тараптан деңизге куйган жерди ылай менен толтурган, шаарлардын деңизден алыстоосуна себеп болот, бат  - бат ашып  - ташып эгиндерге зыянын тийгизет. Ошондуктан Геродот  Бүйүк Мендерести «Иштеген дарыя» деп айткан.

Бүгүнкү күндө бири - бирине чырмалышкан лабиринт сымал мотивге берилген "меандр" деген аталыш  мандемдүү Меандрос, тактап айтканда Бүйүк Мендерестен келип чыккан. Бүгүн Батыш Анадолунун Мендерес дарыясынын жанындагы түшүмдүү дыйканчылык жерлеринде орнотулган чоң цивилизация Эллиндер жөнүндө сөз кылабыз.

Эллендиктер Александрдын каза болушунан кийин Италияда жашаган римдиктер келгенге чейин Анадолуда өкүмдүк кылышат. Римдиктерге Италия аздык кылып, чет жактарды мекендей башташат. Кыска убакытта Жер Ортолук деңизи жана Эгей деңизине жээктеш болгон  мамлекеттер бул экспансиялык саясаттан насибин алат. Бергама  (Пергамон), Измир (Смирна), Фоча (Фокая), Дидим (Дидма), Ефес (Эфесос) жана Айдын (Милет) сыяктуу Батыш Анадолудагы негизги маданий, диний жана соода борборлорунун арасында орун алган эллендик шаарлары да римдиктердин башкаруусу астына кирет.

Милет эски жана абдан чоң аянтка жайылган шаар эле. Мезгилинин метрополу болгон. Перстердин  талап  - тоноосу менен кулап, андан кийин жаңы план боюнча кайрадан курулган. Европа жана Американын көптөгөн шаарларында колдонулуп келген жана шаардын негизги пландарынын бири катары кабыл алынган "сетка түрүндөгү шаар планы" Чыгыш Эллен цивилизациясы тарабынан биринчи жолу колдонулган. Бул моделди тапкан жана колдонгон адам - ​​Хипподамос, милеттик тактап айтканда айдындык.

Бул шаарлардын эң негизги курулуштары гимназиялар болгон. Адамдар чогулуп сүйлөшүп, сопрт менен машыккан кенен короосу бар, жөнөкөй курулуштар болгон гимназиялар. Жаштарды дене жактан жана аң  - сезим жактан өнүктүрүлүшү үчүн да мажбур болгон бир курулуш болгон. Ичтеринде  чуркоо аянты, машыгуучу каражаттар, жуунуучу жерлер менен даараткана болгон.

Жуунуучу бөлмөлөрдүн жардамы менен гимназиялар өзгөчө мааниге ээ болушкан, анткени эллен цивилизациясында жеке гигиена жогору бааланган; алар тазалыгына көңүл бурбаса, кудайдын каарына каларына ишенишкен. Убакыттын өтүшү менен гимназиянын модели өнүгүп, суу сактагычтары жана мрамор ванналары бар мончолорго айланып, Рим мончолорунун жол башчылары болгон.

Эллендиктер жеке тазалыкка гана эмес, айлана-чөйрөнүн тазалыгына да маани беришкен. Алар шаардын пландарында ушул маселеге көңүл буруп, таза жана кир сууну ташуу боюнча чараларды көрүшөт. Көчөлөргө таш төшөп, дренаждык каналдар, суу каналдары, канализация тутумдарын жана дааратканаларды курушат.

Эллиндик шаарларда казуу учурунда топурактан же коргошундан жасалган суу түтүктөрү, көптөгөн цистерналар жана кудуктар табылган. Айрыкча Милет, же Айдын сыяктуу ири шаарларда суу куюлуучу идиштерден үйлөргө, гимназияларга жана фонтандарга түтүктөр аркылуу суу бөлүштүрүлгөн.

«Турмуш суу менен башталды»

Философиянын жана байыркы гректердин жети акылманынан биринчиси болуп тарыхка өткөн Фалеске таандык бул сөздөр. Балким Фалестин бир ойчул же бир математик деп ойлошуңуз мүмкүн. Фалес азыркы күндө өз аты менен аталган математика теоремаларынан улам таанылат бирок биз бүгүн анын башка жана аз билинген тарабынан сөз кылабыз.

Табигый кубулуштарды адамга түспөлдүү кудайлар менен түшүндүрүүнүн ордуна, Фалес байкоо жүргүзүү аркылуу фактыларга жетүүгө аракет кылат. Суунун, катуу, суюк жана газ абалынын жаратылышка тийгизген таасирин изилдейт. Ушул байкоолордун натыйжасында ал баары суудан башталат деп ырастоодо. Ал суу өлүк зат эмес, ал ар кандай формада болот жана жандыктарга да, жансыздарга да чоң таасир тийгизет деп ойлойт, анткени ал бардык жерге жетет.

Аристотелден билгенибизге караганда, Фалес ар нерсенин башталышы жана аягы суу сыяктуу болуп, суудан келип чыгат жана кайрадан сууга кайтат деп ырастайт. Анын айтымында, суу материянын биринчи элементи жана бардык нерсенин маңызы болгон, ал эми жер болсо суунун үстүндө калкып жүргөн кургактык тилкеси болгон.

Фалес климатты жана ааламды изилдеп, деңизчилерге жана дыйканчылыкка жардам берүүнү максат кылган жана деңизчилерге Чоң аюнун ордуна Кичине аюуну карап  багыт издөөгө кеңеш берген деп айтылат. Атактуу ойчул теориялык жана практикалык изилдөөлөрүнө байланыштуу "биринчи суу инженери" катары белгилүү. Эмне үчүн Фалес бул наамды алган?

Кыскача айтканда : Перс королуна каршы согуштарда Лидия королу армиясы менен Кызылырмактан өтө алмайынча Фалестен жардам сурайт. Фалес терең чукур каздырып,  дарыянын нугун жарым дөңгөлөк канал менен алмаштырат, ушундайча  армия бөлүнгөн дарыядан оңой өтө. Ал Нил дарыясынын ташуу себептерин түшүндүрөт ... жана албетте, анын теориялык жактан суу боюнча көптөгөн изилдөөлөрү бар. Мунун бардыгы Фалести тарыхтагы биринчи гидротехник катары белгилүү кылат.

Ошондой эле, ал пирамидалардын узундугун алардын көлөкөсүнө карап эсептейт, магниттин тартылуу күчүн изилдейт, бир күн менен экинчи күндүн ортосундагы убакытты өлчөйт ... жана ал тарыхта буларды  жасаган биринчи адам.

Математик, астроном, ойлоп табуучу жана инженер катары белгилүү болгон Фалес кайдан келген билесиздерби? Жогоруда биз сөз кылган сетка шаар планын тапкан Ипподамос сыяктуу эле, Фалес да Эгейдеги Миллет шаары болгон милеттик тактап айтканда айдындык.

Милет өз мезгилинин маанилүү порт шаары болгондуктан, бүгүн Бүюк Мендерес дарыясы ташыган аллювийлерден улам деңизден кыйла алыстап калган. Эгер сиз бул  белгилүү шаарды көргүңүз келсе, анда сизди грек - рим архитектурасынын көрүнүктүү үлгүлөрүнүн бири болгон жана жакшы сакталып калган Милет театры тосуп алат. Театрдан тышкары шаарга суу бөлүштүрүүнү камсыз кылган Нимфеялар (нимфалар) бар. Нимфея суу периси нимфтерге арналган, ооздорунан суу куюлган айкелдер болгон эки же үч кабаттуу ыйык  суу түтүктөрү.  Суу каналдары менен шаарга алып келинген суулар суу сактагычтарда чогултулган жана бул көркөмдүү суу түтүгүнө суу берип турган. Суу каналдарынын жардамы менен шаардын түрдүү жерлерине суу бөлүштүрүлгөн. Милеттеги башка бир суу курулушу Фаустина мончосу... Мончо муздак, ысык жана ылык бөлүктөрү, чечинүүчү бөлмөлөрү жана бассейиндери  менен Анадолунун эң чоң Рим мончолорунун бири.

Батыш Анадолуда курулган, мезгилдин эң негизги цивилизацияларынын бири болгон эллендиктер жана бир топ жагы менен алдыга чыккан бир эллендик шаары Милеттен сөз кылдык. Бул шаарды кыдырып жүрүп, суу ташкыны менен шаарга чоң зыянчылык алып келген Мендерес дарыясын арызданган милеттиктер жана ушул себеп менен тарыхта биринчи жолу адамдар менен кудай арасында болгон сотко байланыштуу мифологиялык баян да эсиңизде болуп турсун.

Түркия үнү радиосу үчүн программаны даярдаган Неслихан Дегирменжиоглу саламатта болуңуздар.

 



Тектеш кабарлар