Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1509862
Тарыхта бүгүн

1448-жылдын 17-октябрында Осмон армиясы Экинчи Косово согушунда көпчүлүгү венгерлерден турган Крестүүлөр армиясын жеңди. Бул жеңиш Осмон империясынын Балкандагы үстөмдүгүн бекемдеди.

1777-жылдын 17-октябрында америкалык аскерлер Саратогадагы салгылашта англиялыктарды жеңди. Бул жеңиштен кийин Франция, Испания жана Нидерландия Улуу Британияга каршы АКШнын жанында согушка катышты.

1961-жылдын 17-октябрында өз өлкөсүнүн көз карандысыздыгы үчүн Парижде нааразылык акциясын өткөргөн алжирдиктерге Француз полициясы кол салды. Тарыхта "Париж кыргыны" деп аталган бул окуяда 400 алжирлик өлтүрүлдү. Айрым активисттердин сөөгү Сена дарыясынан чыгарылды.

1973-жылдын 17-октябрында дүйнөлүк мунай кризиси башталды. ОПЕК айрым батыш өлкөлөрүнө Израилге Сирия менен болгон согушта жардам берди деген негизде мунай эмбаргосун киргизди. 10 араб мамлекети мунайдын баасын 70 пайызга көтөрүп, ай сайын мунай өндүрүүнү 5 пайызга төмөндөтүү чечимин кабыл алышты.



Тектеш кабарлар