Суу менен башталган маданият  - 7. 2020

Падыша тоолор жана тик аскалар менен курчалган какыраган жерди карайт ...  Терең ойлуу отурат ...

1510739
Суу менен башталган маданият  - 7. 2020

 

Падыша тоолор жана тик аскалар менен курчалган какыраган жерди карайт ...  Терең ойлуу отурат ... Маңдайында учу кыйрына көз жетпеген суу ... Ал деңизби же көлбү билбейт анткени ал абдан чоң... Бул чоң суу күтүлбөгөн жерден тоолорду жана түшүмсүз жерлерди падышанын көз алдында маанисиз кылууда ... Падыша ойлорунан сыйрылып, жүзү жарык боло түштү.  Себеби суу бар болсо, жашоо бар! Эгерде суу бар болсо, ал жерде бардыгы бар! Падыша бул жерге өз эли менен отурукташууну чечет ...

Түркиянын чыгышында  географиясы татаал, климаттык шарттары катаал. Климаты жана жер бетинин формалары татаал болсо дагы, эреже бузулбайт, деңизди эске салган чоңдугу менен суу булагынын жакынында биздин заманга чейинки 1 -  миң жылда күчтүү бир королдук тарых сахнасындагы ордун алат.

Түркиянын Ван көлү, дүйнөдөгү эң чоң содалуу көлүнүн жанында орногон цивилизация  Урарту цивилизациясы. Урарттар Анадолу жана дүйнөлүк мурастар, маданият, искусство, архитектура жана инженерия тармагында чоң салым кошушкан.

Урарту мамлекетинин борбору Тушпа болгон,  азыркы Ван шаары. Бул цивилизация Ван көлүнүн аймагында түптөлүп, эки кылымдан ашуун тарыхта из калтырган. Бул цивилизация суу, архитектура жана пайдалуу кендерди иштетүү жагынан алдыга чыккан. Урарттар өздөрү отурукташкан татаал географияны калыптандырып, аны айыл чарбасына ылайыкташтырышат жана бүгүнкү күндө да колдонулуп келген суу курулуштарын курушат. Казуулардын жана изилдөөлөрдүн натыйжасында Урарту падышалары 60тан ашуун дамбаларды, көлмөлөрдү жана сугат каналдарын курушкандыгы аныкталды, бул суу курулуштарына өзгөчө маани беришкен. Бул сан ал мезгил үчүн чындыгында таң калтыруучу. Ал мезгилде дүйнөнүн эч бир жеринде мынчалык көп санда суу курулушунун болбошу да кызыктуу! Бул курулуштарды кызыктуу кылган башка бир өзгөчөлүк дамба жана каналдардын ар биринде эң аз бир жазуунун болушу... Падышалар бул жазууларда дамба жана башка суу курулуштарын жерлерди эгин эге тургандай абалга алып келүү үчүн курдурганын айтышкан. Ар бир падыша өз атын да кошуп жаздырган..

Плотиналардын, көлмөлөрдүн жана каналдардын жардамы менен түшүмсүз жерлер үзгүлтүксүз сугарылып, суу системалуу түрдө бөлүштүрүлүп турган. Ошентип, Анадолунун чыгышында, биринчи жолу Урарту падышачылыгы тарабынан сугатка негизделген дыйканчылыктын пайдубалы түптөлгөн. Урарту цивилизациясы кийинки мезгилдерде Персия, Эллин, Византия жана Осмон мезгилдерине өткөрүлүп бериле турган бул салттын башталышында жана өнүгүшүндө абдан маанилүү ролду ойногон.

Адистер бул аймакта көптөгөн суу структураларынын болушунан улам Анадолу менен Астыңкы Азиянын ири "Гидротехникалык цивилизация" же "Дамба аймагы" деп мүнөздөөдө. Илгертен бери климаттын жана жер бетинин формаларынын татаал шарттарына карабастан, аймакты алтын дооруна алып келген бул суу курулуштарынын айрымдары бүгүнкү күндө колдонулуп келе жатат! ...

Сөз 2700 жыл мурун курулган каналдар жана дамбалар жөнүндө болууда.  2700 жыл мурун жашаган бир цивилизация инженерия жана архитектура жаатында ушунчалык мыкты иштерди аткарып, жер титирөө болгон аймакта болсо дагы, ал курулуштар бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Чыгдыгында да таң калыштуу эмеспи? Бул курулуштардын бири 50 километрден ашуун узундукта жана каналды курдурткан Урарту королунун аты менен да билинген Менуа каналы... Бул канал дүйнөлүк суу инженериясынын керемети катары кабыл алынууда. Каналдын 2700 жыл мурда  суугарган аянттарды бүгүн да суугарып жатканын көргөндө адам таң калбай койбойт. Азыркы күндө  Шамран деп аталган каналдын атынын Ассирия ханышасы  Семирамиске негизделгендги, мезгил ичинде Семирамис атынын Шамранга айлангандыгы болжолдолууда. Бирок бул тууралуу так маалымат жок.

Урарту цивилизациясында  суктандырган дагы бир суу курулушу - Кешишгөл дамбасы! Бул теманын адистери, мезгил жана чыдамдуулугу жактан караганда урарттар курган дамбалар, көлмөлөр жана сугат каналдары дүйнөнүн эч бир жеринде жок экендигин айтышат. Анадолуда сууну пайдалануу үчүн эң маанилүү курулуштардын болгондугуна таң калбоо керек.

Урарту падышалары өздөрү курган сугаруу системалары  менен аймакты дыйканчылыкта жана мал чарбасында абдан маанилүү бир жерге  айландырышкан. Көптөгөн казууларда жүздөгөн идиштер табылган, алардын ичине тамак  - аш салынып, суусундуктар куюлган.  Бул идиштерде сакталган буурчак өсүмдүктөрүнөн арпа жана буудайга чейин, жүзүмдөн күнжүт майына чейин ар кандай азыктар урарттардын айыл чарбасында канчалык деңгээлде экендигин көрсөтөт.

Албетте, урарттар жөнүндө сөз болгондо, суу инженериясынан эле сөз кылууга болбойт.  Урарттар архитектура жана металл иштетүү боюнча да алдыңкы планга чыгышат. Алар жашаган мезгилде таш жана металл иштетүү усталары дегенде эң биринчи эске урартулар келет. Жез жана темир кендери жагынан аймактын байлыгы, казууларда табылган зергер буюмдары жана айыл чарба шаймандарынын көптүгү кен казып алуу жана соода жүргүзүүнүн көлөмүн айгинелейт.

Программабыздын башында айткандай, урарттар жашаган аймактагы тоолор тик жана климаты катаал болчу. Бул географияга ылайыкташуу үчүн урарттар архитектурада оригиналдуу чыгармаларды жаратып,  курган шаарлары, курган чоң чептери жана суу курулуштары менен аймакты гүлдөтүшкөн.

Урарттар шаарларын белгилүү бир план боюнча курушкан. Алар муну жер уруксат бергендей эмес, өздөрү жерди каалагандай калыптандыруу менен аткарышкан. Имараттарды террасалар түрүндө эңиштерге жайгаштырышкан жана шаарларын, чептерин маңдайынан караганда пирамидага окшош силуэт көзгө урунат. Бул ошол эле учурда  коргонуу системаларынын бир өзгөчөлүгү жана коргонуу тутумдарынын мүнөздүү белгиси.

Урарт падышалары Ван көлүнүн аймагында миңдеген адамдын  отурукташуусуна мүмкүндүк берген отурукташуу саясатын түзүшкөн. Баш калаа Тушпа өз доорунун эң кереметтүү жана эл көп шаарларынын бири болгон.  Шаар курууда кең көчөлөрдүн тик көчөлөр менен кесилишин "сетка планы" деп аташат. Бул жерде Тушпа бул план ишке ашырылган эң байыркы шаарлардын бири катары көрүнөт. Урарту падышалары жергиликтүү элдерди шаарларга ыңгайлуу түрдө жайгаштырышкан ... Урарт падышалары согуштун натыйжасында алынган жерлерге курган жаңы шаарларда туруктуу жайгашышкан. Алар айыл чарбасына негизделген шаарлашуу тууралуу  түшүнүктөрүн айыл  - чарбага негиздөө менен өркүндөтүшөт. Мунун бардыгы бизге урарттардын инженердик жана  архитектура  тажрыйбалары менен шаарлашуу тууралуу аң -сезимдүү жана терең тамырлаган мамилесин көрсөтөт.

Урарттар өзгөчө аткарган иштери менен ирригациялык цивилизация болуп эсептелет. Бүгүн урарттар мезгилинен тышкары бир технология менен курулган, бүгүн да таң калтырган суу курулуштарынан сөз кылдык. Программаны эфирге даярдаган Неслихан Дегирменжиоглу.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар