Түркиянын Россия саясаты

Урматтуу окурмандар, СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун Түркиянын Россия саясаты тууралуу пикири.

1510263
Түркиянын Россия саясаты

         

 СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун Түркиянын Россия саясаты тууралуу пикири.

Россия географиялык жана аскердик, экономикалык күч боюнча Түркия үчүн ар дайым маанилүү өлкө болду. Жакынкы тарыхка караганыбызда Түркиянын батыш блогунда орун алышы жана Россиянын аймакка карата суук согуш теңдемесинде  болгон саясатынын негизинде бир конкуренция жана күрөшүү сөз боло алат. Бирок өзгөчө Адилеттик жана Өнүгүү партиясы Ак партия бийлиги жана 15 -  июлдагы козголоң кыймылынан кийин саясаттын өзгөргөндүгү көрүнүүдө. Түркия эми Россия менен болгон карым  - катнашын батыш блогуна жана Кытайга карата салмактоочу элемент катары кабыл алынууда. 15 -  июлда болгон козголоң кыймылы Анкаранын тышкы саясатында радикалдуу өзгөрүүлөрдүн болушуна да шарт түздү. Негизинен акыркы бир канча жылга караганыбызда  Израиль менен болгон мамиле, Гези окуялары, ФЕТӨго берилген тышкы колдоо жана Сирияга карата саясат Түркиянын батыш дүйнөсү менен карым  - катнашына тескери таасирин тийгизген. Бул жерде эко  - саясий жана аскердик мааниде жогорулаган жана көз карандысыз, өз кызыкчылыгын борборго алган Түркиянын батыш дүйнөсү тарабынан сиңдириле албагандыгы көрүнүүдө.  Ушунун негизинде  карым  - катнаштар бузула баштаган бир мезгилде ФЕТӨнүн козголоң кыймылына түздөн түз же үстү жабык берилген колдоолор Түркиянын тышкы саясатта салмактуулук издөө ичине киришине себеп болду жана артынан Кытай менен бирге Россиянын да маанилүү бир өлкө катары Түркиянын карым  - катнаштар желесинде күчтүү бир орунду кармана баштагандыгы көрүнгөн. Сирияда Астана процессинин негизинде  улантылган өнөктөштүк, Ливия жана башка кагылышуу  болгон аймактарда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр бир тарапка, коргонуу өнөр жайы жана атомдук энергияда улантылып жаткан карым  - катнаштар маанилүү темалар болгон. Эки өлкө жаңы түзгөн карым  - катнаштын негизинде АКШнын бир тараптуу  санкция саясатынын инстурменталдаштырылуусу менен пайда болгон кыймыл стилине карата жооп деген мааниге да келүүдө.

Албетте эки өлкөнүн ортосунда азырынча толук союздаштык же стратегиялык өнөктүштүктөн сөз кылуу мүмкүн эмес. Сирия жана Ливиядагы бири бирине дал келбеген кызыкчылыктар да сөз болууда. Россиянын «Күрт маселесине» көз карашы Анкарада олуттуу кооптонуу жаратууда. Бирок бардык бул каршы чыгууларга карабастан батыш дүйнөсүнөн келген коркутуулар эки өлкөнү биргеликте кыймыл кылууга мажбурлоодо. Түркия үчүн Россия жана Кытай менен бар болгон жаңы карым  - катнаш желеси батышка толугу менен альтернатив бир окко жылуу катары карала албайт. Андан башка конъюнктуралык мааниде Түркиянын батыш  - чыгыш тең салмактуулугун куруп, өз кызыкчылыгын максималдаштыра турган жаңы бир тең салмактуулук издөө катары каралышы керек.

 

 



Тектеш кабарлар