Буларды билесиздерби?
«Алтын шафран кино фестивалы»
ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмесинде орун алган Сафранболуда эл аралык бир кино фестивалынын өткөрүлгөнүн билесиздерби?
Бардык көркөмү менен Осмон жарандык архитектурасын бүгүнкү күнгө чейин жеткирген тарыхый шаар Сафранболу 1994 - жылы 17 - декабрда ЮНЕСКО тарабынан "Дүйнөлүк мурастар тизмесине" киргизилген жана адамзаттын жалпы мурасы болуп калган. Бул маданий мурастын мыкты таанытылышы жана коргоого алууну максат кылган көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Булардын бирөөсү да 2000 – жылы баштатылган Алтын шафран даректүү фильм фестивалы...
Фестиваль 2004 - жылы эл аралык деңгээлге чыгып бүткүл дүйнөгө ачык организацияга айланган.
Эл аралык Алтын Шафран даректүү тасмалардын фестивалы "Маданий мурас жана протекционизм" темасынын алкагында тарыхый, маданий жана табигый чөйрөнү келечекке өткөрүп берүүгө багытталган.
Фестивалдын жүрүшүндө документалдуу фильмдерди гана эмес, ошондой эле Сафранболунун тарыхый үйлөрүн, кофе сервисин, кына кечелерин, тойлорду, тамак - аштарды, шафран гүлдөрүн өстүрүү сыяктуу кылымдардан бери жашап келе жаткан баалуулуктарды көрүүгө болот.