Катуу күч жана Түркия

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1505917
Катуу күч жана Түркия

Акыркы мезгилдерде бат  - бат кайталана баштаган Азербайжан  - Армения кагылышуулары бул жолу өлчөмүн чоңойтуп, эки өлкөнүн ортосундагы согушка айланып, Түркиянын Азербайжандын жанында болушу жана  аскердик камсыздоо менен согуштун жүрүшүн Азербайжан армиясынын пайдасына өзгөртүшү, Түркиянын катуу күч элементтери менен жогорулаган күч экендигин кайрадан бекемдеди.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

Түркия акыркы 10 жылдын ичинде  коргонуу өнөр жайында алдыга жылууну көрсөтүп, өзгөчө 2016 -  жылдагы козголоң кыймылынан кийин ишенимдүү бюрократиясы менен түрк армиясы да кайрадан өзгөртүлдү. Анкара эми эч ким жок деп санай албай турган бир аскердик күч.

Түркия өз аймагында батыш огунда жөнөкөй бир күч катары каралып, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын 2000 – жылдын баштарында бийликке келиши менен кадам  кадам өзгөргөндүгүнө күбө болдук. Оболу батыш дүйнөсүнүн ичинде саясий, экономикалык жана маданий байланышта жумшак күч элеменеттери менен дагы бекем күчкө айлануу үчүн изденүүдө өзүн көрсөтүп, арап жазы менен келген жаңы конъюнктуралык Түркиянын да кыймыл стилин толугу менен өзгөрттү.

Батыш дүйнөсүнүн жаңы Түркияны кабыл алуудагы онтолоосу, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын бийлигинин бутага алына тургандай абалга алып келиниши менен жыйынтыкталды. Акырында Түркия 2016 – жылы 15 -  июлда козголоң кыймылына күбө болду. Бул баскычтан кийин Түркия глобалдык саясий ишмердүүлүгүндө батыш огунан толугу менен чыгып, өзүн борборго алып, Россия жана Кытай сыяктуу өлкөлөр менен батыштык өлкөлөрдү тең салмактаган  саясат курууга аракет кылды.

Макро контекстте бул кадамдарды жасап жатып, ал жумшак күчкө эмес, катуу күч элементтерине көп каражат жумшап, маанилүү аскердик державага айланды. Коргонуу өнөр жайына жумшалган инвестициялар жана натыйжалуу Ар  -  Ге башкача айтканда изилде  - өнүктүр менен  аскердик жактан дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири болду. Өзгөчө учкучуз аба аппараттары жана куралдуу учкучсуз аба аппараттары тармагында АКШдан кийинки эң таасирдүү өлкө болду. Түркия 2000 – жылдардын башында аскердик камсыздоо муктаждыгынын 80 пайызын тыштан экспорттоо жолу менен камсыз кылган болсо, бул катнаш азыр 20 пайздарга  азайды. Түркия өзгөчө коргонуу өнөр жай тармагында чоң экспортчулар лигасына ылдам түрдө жогорулады.

Түркия бир гана коргонуу өнөр жайына инвестиция салуу менен эле  калбастан, саясий эркти көрсөтүү менен өзгөчө козголоң кыймылынан кийин коопсуздук бюрокртаиясын толугу менен кайрадан курду. Күчтүү жана профессионал армияны түзүп, Улуттук Чалгындоо Уюму да аймактын таасирдүү чалгындоо уюмуна айланды. Түркия бир нече жылдан бери жаңы коопсуздук доктринасын кабыл алып, натыйжалуу аскер күчтөрүнүн географиясында жаңжал чыккан аймактарда колдонуудан тартынган жок. Сирия жана Иракта террордук уюм ПКК жана ДЕАШты бутага алган кенен түрдөгү аскердик кыймыл жана чалгындоо операцияларын аткарып ошол эле учурда Ливияда мыйзамдуу Улуттук Ынтыматык Өкмөтүнүн күчтөрүн колдоо менен согуштун жүрүшүн өзгөртүүдө ийгиликтүү болду. Сомалиде мамлекеттин курулушуна аракет кылып, Катарга карата басып алуу кыймылдарын жок кылууда да ийгиликтүү болду. Акыркы мезгилдерде Чыгыш  - Жер Ортолук деңизинде энергетика геополитикасында деңиз флотун  натыйжалуу колдонуу менен маанилүү бир актер болду. Акырында Азербайжан  - Армения согушунда Түркия андан мурда Азербайжан армиясын үйрөтүү менен берген колдоону алдыга жылдырып, берген куралдуу учкучсуз аба аппараттары менен согушту Азербайжан күчтөрүнүн пайдасына айландырууда ийгиликтүү болду.

Бул бардык аскердик кыймылдар жана технология жактан Түркиянын жеткен баскычы башка мамлекеттер тарабынан абдан көңүл коюу менен иликтенип, Президент Р. Т. Эрдогандын лидерлигинде түрк саясий эркинин тайманбас кыймылдары менен бирге Түркия эми чоң  күч катары жогорулоодо.



Тектеш кабарлар