Тарыхта бүгүн
Тарыхта бүгүн болгон окуялар.
1504672
1871-жылдын 8-октябрында, тарыхка "Чикагодогу чоң өрт" деп катталган кырсыкта шаардын дээрлик бардыгы 3 күн бою өрттөндү. Өрттөн 300 адам каза болуп, 100 миңден ашуун адам үй-жайсыз калды.
1967-жылдын 8-октябрында, Че Гевара жана анын адамдары Боливиядагы Ла Хигера жаңжалында жарадар болуп кармалышты. Гевара бир күндөн кийин атып өлтүрүлдү.
2005-жылдын 8-октябрында Пакистандын Кашмир аймагында болгон 7,6 баллдык жер титирөөдөн болжол менен 75 миң адам каза болуп, 106 миң адам жаракат алды.