Тарыхта бүгүн
Тарыхта бүгүн болгон окуялар.
1503420
1923-жылдын 6-октябрында, Шүкрү Наили пашанын командачылыгындагы түрк армиясы Стамбулга кирди жана Биринчи Дүйнөлүк согуштан кийин 5 жылга созулган басып алуу расмий түрдө аяктады.
1973-жылдын 6-октябрында араб өлкөлөрү менен Израилдин ортосунда Йом-Кипур согушу башталды. 20 күндүк согуш учурунда Израиль Сирия менен Египеттин аскердик күчтөрүнүн мизин майтарып, Бириккен Улуттар Уюмунун чакыруусу менен ок атышпоо жарыяланды.
1976-жылдын 6-октябрында Кытайдын лидери Мао каза болгондон кийин бийликтин башына келген Хуа Гофэн маданий революциянын аяктагандыгын жарыялады жана Мао доорунун 4 таасирдүү башкаруучусу (Төрттүк банда) камакка алынды.