«Суу менен башталган маданият» - 05.2020

Кызылырмак үстүнө суу сактагыч курулганга чейин күчтүү аккан, өз нугуна батпаган жана өтүүгө мүмкүнчүлүк бербеген дарыя эле...

1502019
«Суу менен башталган маданият» - 05.2020

Кызылырмак үстүнө суу сактагыч курулганга чейин күчтүү аккан, өз нугуна батпаган жана өтүүгө мүмкүнчүлүк бербеген дарыя эле...

Ортоңку Анадолунун жерине жан берген, бул жерлерден чыгып ошол эле жерден деңизге куйган Түркиянын эң узун дарыясы Кызылырмак. Узундугу менен эле эмес,  75 миң километр квадраттык аянты менен да көркөмдүү дарыя... Кызылырмак делтасы жүздөгөн жаныбарды ичинде жашаткан, Түркиянын маанилүү табигый сисетмаларынын бири... Кызылырмак дарыясында кошоктор айтылып, ырлар ырдалып, тарыхый процессте да таасирдүү роль ойногон. Тарыхтын ар бир мезгилинен издерди көрүүгө боло турган, түрдүү цивилизацияларга, түрдүү мезгилдерге таандык чептер жана аска мазарлары менен азыркы күндө да кызыгууларды тартууда Кызылырмак.

Кызылырмак байыркы доорлордон бери Анадолунун негизги дарыяларынын бири болгон. Бул дарыя ирандыктар айланасына жайгашып, согуштарга, соодадан мамлекеттин чектеринин сызылышына чейин тарыхка күбө болгон.

Байыркы доордун тарыхчысы Геродот  жана география илимпозу Страбон, Азия Минор тактап айтканда Кичи Азиянын чектерин Кызылырмак менен белгилейт. Анткени саясий чек ара түшүнүгү болбогон бир мезгил байыркы доор; тактап айтканда чектерди, тоолорду, дарыяларды, деңиздерди география белгилейт.

Дарыя нугундагы топурак кызыл түстө болгондуктан улам Кызылырмак деген ат берилиптир. Түркчөдө «кызыл» жана «ырмак» деген сөздөрдөн турат. Хеттер да өз тилдеринде ушул эле ат менен аталган бул дарыяга «Кызыл Ырмак» тактап айтканда «Кызыл дарыя» деген мааниге келген ат беришкен.

Бүгүн Кызылырмактын айланасында курулган, тарыхка тамгасын баскан башка бир цивилизация, хеттерден сөз кылабыз.

Вавилондуктар менен бир мезгилде жашаган цивилизация хеттер. Көптөгөн алгачкыларга кол коюшкан. Хеттер дегенде Кадеш келишими эсибизге келет. Бул келишим дүйнө тарыхында  теңдик принцибине таянган эң эски жазма келишим катары белгилүү. Кадеш келишими мезгилдин эки чоң аскердик жана саясий күчү хеттер менен Египет мамлекеттеринин арасында болгон согуштан кийин түзүлгөн. Эки мамлекеттин арасында көптөгөн жылдарга созулган келишпестиктер, бул тынчтык келишими менен акырына чыгат.

Египетте храм дубалдарында  жазылган келишимдин башка бир нускасы 1906 -  жылы Богазкөйдөгү археологиялык казууларда ачыкка чыгарылат.  Келишим жазылган чопо табличкалар бүгүн Стамбул археологиялык музейинде көргөзмөдө турат. Заманбап дипломатиянын пайдубалы катары кабыл алынышынан улам чопо табличкалардын чоңойтулган бир көчүрмөсү да Нью – Йоркто БУУнун имаратынын кире беришинде орун алган.

Табличкалар Богазкөйдөгү казууларда ортого чыкты. Богазкөй  хеттердин борбор шаары болгон тактап айтканда ал мезгилдеги аты менен Хаттуша.. Кызылырмак суугарган түшүмдүү жеринде курулган, Анадолунун билинген алгачкы борбор шаары...

Чорумдун түштүк  - батышында жайгашкан. Байыркы Хаттуша шаары, Түркиянын негизги археологиялык аянттарынын бирөөсү. Жүргүзүлгөн казууларда 5 маданий кат табылган жана ошол эле казууларда Хатти, Хетт, Ассирия, Галатия, Фригия, Рим жана Византия мезгилдеринин чыгармалары табылган. Хаттуша байыркы шаары ээ болгон тарыхый калдыктар менен билинген эң эски цивилизацияларынын бирөөсүнүн  борбор шаары болушунан улам бүгүн ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурас тизмесинде орун алууда. Өзгөчө бул жерде табылган  иероглиф менен жазылган табличкалар да ЮНЕСКОнун дүйнөлүк эстелик тизмесине  киргизилген. Табличкаларда Хаттушадан «Миң теңирдүү шаар» деп да сөз кылынат.

Эми «Миң теңирдүү шаар» Хаттушадан сөз кылалы.

Хаттуша жогорку жана ылдыйкы шаар болуп бөлүнгөн. Жогорку шаарда храмдар менен башка ыйык аянттар, ылдыйкы шаарда Чоң храм, үйлөр менен күнүмдүк турмушка байланыштуу аянттар болгон. Хеттер борбор шаарларынын айланасын 6 километрдик чептер менен курчаган... Бул чептер менен курчалган байыркы шаарда азыркы күнгө чейин келген эстелик каалгалар, сарай, 31 храм, жер астындагы өткөөл, чоң үрөөн сактаган кампалар менен Язылыкая ачык аба храмы жайгашкан. Бул байыркы шаарды кыдырып жүрүп хеттердин ал кооз таш кол өнөрчүлүгүнө суктанбай коюу мүмкүн эмес. Хеттылар эстелик архитектурасында ири таштарды колдонгон Анадолудагы алгачкы маданият... Архитектурада да өнөрдө да өнүгүшкөн. Диний жана жарандык архитектуралардын эң кооз үлгүлөрүн борбор шаарларынан көрүүгө болот.

Мындай көркөмдүү шаардын куруучусу хеттылардан сөз кылалы. Тарыхтагы жана албетте Анадолудагы негизги  цивилизациялардан... Согуштары, тынчтыктары, маданияттары, аскердик жана соода жактан күчтүү королдугу менен мезгилдин эң күчтүү эки мамлекетинин бирөөсү. Хеттылар кендерди иштетип, өзгөчө жогорку сапатта темир продукциялары жана курал технологиясы жактан алдыга жылып, күчтүү армияларды куруп ушунун саясында да Жер Ортолук деңиздеги соода жолдорун көзөмөлгө алып Анадолуда үстөмдүктү түзүшкөн. Хеттылар аял укуктарына маани  берген, мыйзамдарга байланыштуу  коомдук тартибин түзүшү, өнөрдө жана архитектурада мыкты үлгүлөрдү жаратышы менен Анадолунун негизги цивилизацияларынын бири болгон.  

Казууларда ортого чыккан материалдардан жана чопо табличкалардан дистилляция, шире бөлүп алуу жана сублимация сыяктуу техникаларын өз убагында өркүндөтүшкөндүгүн жана отту көзөмөлдөп колдонууну үйрөнүп, керамика, боёк жана атырларды чыгарууда   өнүккөндүгүн билебиз.

Хеттер биринчи уюшулган мамлекеттик түзүлүштү жана тарыхта белгилүү болгон биринчи ассамблеяны - "Панкуш" же "Императордук Кеңешти" түзүшкөн.

Өлкөнү королдук үй  - бүлөдөн шайланган кишилер башкарса да «Императолук парламентинде чыгарылган чечимдер мүчөлөрдүн добуш берүүсүнө коюлган, бирдей укуктарга ээ болгон мүчөлөр ойлорун эч бир таасир астында калбастан билдиришкен жана парламент королду текшерүүгө алган. Тактап айтканда Британия, Испания, Голландия, Япония жана дагы көптөгөн өлкөнүн башкаруу формасы болгон «парламенттик монархиянын» пайдубалын түптөгөн да хеттер болгон.

Хеттердин Анадолуга Кавказдар аркылуу келишкендерин ойлогондор да бар. Анадолунун жергиликтүү элдеринен экендигин айткандар да бар бирок бул тууралуу так маалымат жок. Табличкалардын табылып окулушунан кийин колдонулган сөздөрдүн Европа тилдериндеги сөздөргө окшогондугу  байкалган. Ошондуктан хетт тили ушул күнгө чейин билинген эң эски Индо  -  Европа тили катары кабыл алынууда. Тарых сахнасына кандай чыкканы белгисиз хеттердин бул сахнадан кандай түшкөнү да так билинбейт. Кээ бирлеринин оюна караганда Анадолуга грек  урууларынын көчүнөн кийин, кээ бирлеринин оюу боюнча  Жер Ортолук деңизинен  келген каракчылар хеттерди жок кылышкан. Ким билет балким бири биринин артына келген кургактык жылдар, бул чоң цивилизацияны акырына чыгаргандыр.

Бүгүнкү программабызда ЮНЕСКОнун эки тизмесиндеги байыркы шаар  Хаттуша тууралуу кеп кылдык.  5000 жылдай турган байыркы цивилизация хеттер жөнүндө дагы көп нерселерди айтууга болот.

Программаны эфирге даярдаган Неслихан Дегирменжиоглу.

 

 

 



Тектеш кабарлар