Азербайжан  - Армения чыңалуусу

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, доцент Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

1501567
Азербайжан  - Армения чыңалуусу

Урматтуу окурмандар, Армения Товуздан кийин Тоолуу Карабахка кол салып өзүнүн агрессивдүүлүгүн көрсөттү. Жекшемби күнү жарандарга карата ок атуу менен башталган кол салууларында  Азербайжандын аскердик операциялары дагы да таасирдүү болду. Басып алынган көп сандаган айыл Бакунун көзөмөлүнө өттү. Еревандын  бир эсеп жаңылыштыгы ичинде экендиги байкалууда. Анкаранын : «Болгон күчүбүз менен Азербайжандын аркасындабыз» ,- деген билдирүүсүнө жетерлик маани бербегендиги түшүнүктүү болууда. 12 -  июлда Тоолуу Карабахтан 100 километр алыстыкта энергия линиялары өткөн Товуз аймагына жасалган кол салуудан кийин Баку олуттуу түрдө даярдык көрдү. Биргелешкен машыгуу менен Түркиянын аскердик аң  - сезими дагы бир жолу ортого салынды. Армения  -  Азербайжан кагылышуусунун узун мөөнөттүү согушка айлануусуна уруксат берилерин айтуу абдан кыйын. БУУ менен НАТОго кошумча катары Европа Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун Минск группасынын тең төрагаларынан кагылышууларды токтотуу тууралуу чакыруулар келди.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, доцент Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

Алдыбыздагы күндөрдө Минск группасынын сүйлөшүүлөрүнө кайтуу кысымы эки тарап боюнча токтолот. Минск сүйлөшүүлөрүн жыйынтыксыз калтырган жана куралдуу кагылышууну бир гана чечүүчү жол абалына алып келген Армениянын агрессивдүү мамилеси. 1991 -  жылы Азербайжан жерлеринин 20 пайызын басып алган жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин басып алынган жерлердин бошотулушун каалаган төрт чечимине баш ийбеген Ереван. 1994 -  жылы 4 – 5 -  майда Бишкек протоколу менен ок атышпоо түзүлсө да Тоолуу Карабах жана басып алынган 7 райондун Армениянын көзөмөлүндө болушу кабыл алынгыс. Бул жагынан алганда  Түштүк Кавказиядагы бул кагылышуунун жарылууга даяр бир бомба экендиги ачык. Россия, Түркия жана Франция сыяктуу өлкөлөр бул кагылышуудан улам күч конкуренциясында активдүү болору да ачыкча көрүнүүдө.

Чыгыш Жер Ортолук деңизинде  чыңалуу азайып, Түркия менен Грециянын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн кайрадан башталышы күтүлүп жатканда Тоолуу Карабах кагылышуусунун кайрадан башталышы абдан маанилүү. Эске биринчи келген нерсе Россиянын Армения  - Азербайжан кагылышуусун көкүтүү менен АКШга  жакын болуу белгисин көрсөткөн Ереванды өзүнө дагы да жакындатууну каалагандыгы болду. Еревандын дароо жардам үчүн Москвага багыт алышы муну тактагандыгын көрсөтүүдө. Анда эмесе сурала турган суроо бул : Кавказдарды өз территориясы катары көрүүнү эч таштабаган Москванын Ереванды күчтөндүрүүнүн себеби эмне болушу мүмкүн? Сирия  - Идлиб жана Ливиядан кийин эми да Армения  - Азербайжан кагылышуусунун күч алышы менен Москва, Анкара менен жаңы бир конкуренция аянтын ачабы? Анкаранын жаңы аскердик аянттарга кирип кеңери жайылуусуна мүмкүнчүлүк береби ? Же Сирия менен Ливия аянттарында жаңы базарлашуулар үчүн аракет кылуудабы? Бул суроолордун жоопторун алуу үчүн азырынча эрте. Бирок шайлоо мезгилиндеги АКШнын жана баш  - аламан Европа Биримдигинин таасирсиз болору айдан ачык.

Москва келишпестиктер менен кагылышууларды козгоо менен күч чогулта аларын дагы бир жолу көрсөтүүдө. Грузияда, Украинада жана Белорусияда четте калган батыш борборлор шаарлары Россиянын күч боштуктарын толтуруу саясатын жуткунуу менен камсыз кылабы? Президенттик шайлоого барган АКШда армян лоббисинин таасиринин эмне болорун көрөбүз. Ливиядан Чыгыш Жер Ортолук деңиз, Сирия жана Кавказдарга созулган геополитикалык бир боштук   пайда болду. Ковид  - 19дан кийин дүйнөбүз барган сайын Биринчи Дүйнөлүк согушунан кийинки белгисиздигине жана күч күрөшүнө жетеленүүдө. АКШнын  чегинүүсү жана Европа Биримдигинин тышкы саясатты түзө албашы Россиянын жаңы күч  боштуктарын толтуруу  кыймылдарын жеңилдетүүдө. Анкаранын Москва менен жакындаткандыгы тууралуу сындарды айткан Батыш борбор шаарлары Түркиянын Ливия, Сирия жана Түштүк Кавказдарда Россияны тең салмактап жаткандыгын көрүүсү керек.

Келе жаткан дүйнөнүн геосаясий реалдуулугуна идеологиялык көз айнек менен эмес, стратегиялык кызыкчылыктардын сарамжалдуулугу менен карай турган мезгил келди.



Тектеш кабарлар