Ливия кризиси жана чечүүчү жол

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча дирекору, жазуучу, доцент Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

1497211
Ливия кризиси жана чечүүчү жол

Ливиядагы акыркы абалдар аскердик чөйрөдөн саясий аренага өтүп, башка бир динамикаларды кыймылга келтирди. Мароккодо жана Монтродо болуп өткөн  диалог жыйындарынан кийин Президенттик Кеңешти кайрадан куруу ниети жана айтылган сөздөр кеңири жайылды. Ошондуктан Триполидеги жана Бенгазидеги элдик митингдерден улам келип чыккан ички саясий чыңалууга параллель, Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн премьер - министри Сарраж жана  Хафтердин премьер  - министри кызматтан кетүү тууралуу билдирүү жарыялашты. Сарраждын октябрь айында кызматын өткөрүп берүүсүн айтуусу менен Президенттик Кеңештин жаңы түзүмү жана саясий пайдубалынын тайгактыгы жаңы чыңалуулар тууралуу азыртадан кабар берүүдө.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча дирекору, жазуучу, доцент Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

Хафтерди колдогон мамлекеттердин өз жактоочуларын мамлекет мекемелеринин орчундуу кадрларына алып келүү аракеттеринин күч алышы ачык сыяктуу көрүнүүдө. Мындай көрүнүш табигый түрдө Ливияда тышкы колдоо табуу багытында өздөрүнө саясий келечек түзүүнү көздөгөн адамдарды жана топторду кыймылга келтирет. Ошол себептен Ливиянын конкуренцияга негизделген коомдук жана саясий түзүмү жаңы коалицияларга бөлүнүп же таркатылышы мүмкүн. Башкача айтканда, Ливиянын ички саясий конкуренциясы  катаал жылга даярданууда.

Саясий чечим үчүн; Мароккодо Мамлекеттик Жогорку Кеңешинин төрагасы Халид Мысри жана Өкүлдөр палатасынын төрагасы Акила Салихтин ортосунда болгон сүйлөшүүлөр Ливиядагы кризисти токтотуу үчүн чечүүчү жол катары көрүнүүдө. Так бир билдирүү берилбесе да  жуманын ичинде Мысринин Анкарада, Хафтер менен Салихтин Каирде сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү көңүлдөрдү бурууда. Өзгөчө араларынын начар экендиги билинген Хафтер менен Салихти чогуу кармоо аракети да Сисини мажбурлап жатат. Ливия диалогу деп аталган Монтро сүйлөшүүлөрү конкреттүү өнүгүү катары ортого чыкты. Саясий процесстин  башталышы жана Президенттик Кеңешти кайрадан реструктуризациялоо бир макулдашуунун темасы катары жарыяланды. Акыйкаттан да Сарраж ушул билдирүүдөн кийин саясий өзгөрүү тууралуу сөз сүйлөдү. Көрүнгөнүндөй Ливия саясаты баш  - аламан боло баштады. Саясий атмосфера жогорулаган сайын Ливия аянтын көзөмөлдөөну каалаган мамлекеттер айткан диксация сезиле баштады. Акыйкаттан да Түркия менен Россиянын Ливия үчүн жүргүзгөн сүйлөшүүлөрү да башка мамлекеттерди санааркатууда. Лавровдун бул жуманын ичинде «Түркия менен макулдашууну» кабар берген билдирүүлөрү да убакыт жактан көңүл бураарлык. Анткени эки өлкөнүн орток өзгөчөлүгү  : Ливияда аскерлери бар.

Ливиянын саясий келечегине карата Хафтер  - Салих экөөсү  жана булардын колдоочусу мамлекеттердин орток талабы Россиянын жана Түркиянын Ливияда болушун токтотуу. Акыйкаттан да Ливияда Россиянын болушуна АКШнын каршы чыгышы АКШ Африка командирлигинин билдирүүлөрүндө так түрдө байкалууда. АКШнын Түркияны да орустар менен тең кароосу күчтүү көрүнүүдө. Өзгөчө АКШнын аскердик жана саясий санааларынан башка экономикалык өлчөмдөгү кыймылдары көңүлдөрдү бурууда. Мисалы, АКШ Ливиядагы мунайзат кирешелерин Америка банкында көзөмөлдөөнү каалайт. Ал Борбордук банктын эсептерин көзөмөлдөөнү жана америкалык фирма аркылуу каржы тармагында үстөмдүк кылуу аракетинде.  Өзгөчө Ливиянын коопсуздук тармагын реформалоо боюнча АКШнын Жонс аттуу фирмасына тендер өткөрүп, коргонуу өнүмдөрүн экспорттоону каалап жатат. Бир тараптан АКШ көрсөтүлгөн эсепти камсыздоо үчүн Түркия менен кызматташууга мажбур. АКШ менен бирге Германиянын да эл аралык коомчулук алдында ливиялык  актерлордун негизинде саясий демилгелерин көбөйткөнү байкалууда. Германиянын элчиси Оливер Овца бир жумада Ливиянын министрлери жана мекемелери менен жолугушту. Күн тартиби - Ливиянын инфраструктурасын жакшыртууга багыт берүү. Бирок, бул жолугушуулардын максаты саясий чечүүдөн кийин соода чөйрөсүн даярдоо экени түшүнүктүү.

Россия менен Түркиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр менен бирге Ливияда демилгени колдоо да маанилүү. Бул үчүн Ливиянын саясатын калыптандыруу жана башка мамлекеттерди аянттан  чыгаруу керек. Ушул алкакта АКШ жана Германиянын демилгеси менен экинчи Берлин конференциясын Түркия - Россия компромиссине жооп катары чакыруу пландаштырылууда.

Конференцияда элдешүүнү жана саясий чечимди талкуулоону такай айтып келген актерлор чечимди диксация кыла турган  абалга чейин алып келиши мүмкүн. Ушунун негизинде Россия менен Түркиянын ортосунда жүргүзүлгөн  сүйлөшүүлөрдүн Ливия бөлүгү маанисиз бойдон калышы мүмкүн. Чындыгында, конференцияда  чет элдик куралдуу топтордун Ливиядан чыгуу талабы   АКШ тарабынан айтылат. Ички саясий тең салмактуулуктагы өзгөрүүлөр бул конференциянын жыйынтыктарынын Ливияга чагылышына таасир берет.  Башка сөз менен айтканда, экинчи Берлин конференциясында кабыл алынуучу чечимдерге параллель, Ливияга кошулган мамлекеттер арасында жаңы биримдик түзүлүшү мүмкүн. Ливиянын саясаты бул ырааттуулукка таасирин тийгизет жана мүмкүн болгон ырааттуулуктардан пайдаланууга аракет кыларын күтсө болот.

 



Тектеш кабарлар