Суу менен башталган маданият - 03/2020

Анадолу тарыхка күбө болгон жана туруктуу издерди калтырган география...

1493638
Суу менен башталган маданият  - 03/2020

Тарыхты изилдөө жана ошол убакта саякаттоого болот, анткени Анадолуда тарыхтын алгачкы мезгилдеринен бүгүнкү күнгө чейин ондогон цивилизациянын мурасы бар. Бүгүн  сиздерди Анадолу географиясына саякатка чыгарабыз. Бул географияда курулган жана адамзат тарыхында маанилүү издерди калтырган цвилизациялардан алгачкысынан сөз кылабыз.

Месопотамия көптөгөн мамлекет жана цивилизацияларды камтыган аймакты аныктайт. Грек тилинен которгондо "эки дарыянын ортосунда" деген маанини туюндурган Месопотамия - Тигр жана Евфрат дарыялары азыктандырган берекелүү жер.

Тигр жана Евфрат дарыясынын тарыхы адамзат тарыхынан да эски. Бул эки дарыянын айланасында мамлекеттер курулуп, кулады. Анткени  адамдар тарыхтын ар бир мезгилинде  ушул жерге жайгашкан. Нил дарыясы да ушунчалык көп цивилизацияны, ушунчалык көп мамлекетти камтыган эмес. Өткөн күндөн азыркы күнгө чейин аймактын тагдырында роль ойноп, бул жерлерге жан берген Евфрат менен Тигр.

Көкө диндерге үй ээлик кылган, бири биринин артынан курулган цивилизациялардын аймагы болгондуктан «цивилизациялардын бешиги» деп да аталган Мосопотамия. Бул аймактын көпчүлүк бөлүгү да Анадолу географиясынын ичинде орун алган. Суу жээктеринин турмуштук мааниге ээ болушу, жеринин берекелүү болушу, бир топ шаар жана мамлекеттин курулушуна мүмкүнчүлүк түзгөн. Айланасында тоо сыяктуу чеги болбогон бул берекелүү жана чоң Месопотамия түздүгү сансыз кол салууларга учураган.

Месопотамияда курулган, бүткүл адамзатка таасир тийгизген,  алар ачкан ачылыштар жана ойлоп табуулар менен бүтүндөй тарыхка күч берген цивилизацияны элестетип көрсөңүз. Адамзаттын ал мезгилде тарых жөнүндө жазганын,  бүгүн колдонулган көптөгөн нерсенин атасы ал мегилде табылганын ойлоңуз. Сөз кыла турган цивилизациянын жазууну тапканын айтсак, кайсы цивилизация экендигин билесизби? Ооба шумерлер... Месопотамияда  курулган эң чоң, эң эски жана ал аймакта артынан келген башка бардык цивилизациялардын атасы болуп саналган, бүгүнкү  технологиялык өнүгүүбүздө карыздар болгон шумерлер. Шумерлер жазууну таап тарых жаза баштагандыктан тарыхый доорлорду баштаган цивилизация катары кабыл алынат. Шумерлердин жазууну  айыл  - чарбадан алынган  байлыкты каттоого алынып, продукциялардын эсебинин жүргүзүү жана акы алып иштегендердин укугун коргоо максатында тапкандыгы болжолдолууда. Эмне себептен? Себеби шумерлерге таандык эң эски жазуу түрүндөгү документтер «Шумер эмгек акы тизмеси жана салык квитанциялары»...

Нымдуу чопо тактайчалардын үстүнө жазылган бул алгачкы тактап айтканда клинопись жазуусу, албетте кийинчерээк өнүгөт жана цивилизация бир топ адабий чыгармаларды берет. Булардын  эң белгилүүсү Гылгамыш дастаны... Бул дастан тарыхтагы эң эски дастан катары аталат. Адамзат тарыхында топондон сөз кылган биринчи текст болушунан улам да маанилүү Гылгамыш дастаны... Дастанда  сөз болгон топондун көкө диндерде да аты аталган Нух топону менен окшоштуктарды көрсөткөндүгү боюнча тарыхчылар да бирдей пикирде. Шумерлер жашаган доордо олуттуу  селдердин болушу, шумерлердин адамдан мурда деңиздин жаратылгандыгына ишенгени жана адабий тексттерде топон тууралу кенен орун бериши, алардын турмушундагы суунун мааниси дагы бир жолу алдыбызга чыгууда.

 Программабыздын башында шумерлердин адамзат тарыхына абдан чоң салым кошконун жана таасиринин болгонун айттык. Эми буларга көз жүгүртөлү.

Шумерлер сугаруу системаларын колдонуп, саздактарды кургатып, каналдар менен жашаган жерлерине чейин суу алып келишкен. Дамбалар менен суу ташкындарын тосуп, суу сактагычтарды куруп суу топошкон. Бул жасалгандар менен оболу сөздөрүн сууга өткөрүп, андан кийин да айыл  - чарбада чоң ийгиликке жетишкен.  Айыл  - чарбага негизделген байлык, шаарлардын жана сооданын өнүгүшүнө жол ачкан. Жасалган казууларда шумерлердин 35 шаар жана кыштактан тургандыгы, алардын 18зинин чоң шаар экенндиги ортого чыккан. Ал мезгилде  бул чоңдукка жетишүүсү тарыхчылар тарабынан «эбегейсиз» деп кабыл алынууда.

Адамзаттын эң  маанилүү ачылыштарынын бири жазуу болгон болсо, экинчиси  дөңгөлөктүн табылышы ... Дөңгөлөктүн адамзат тарыхындагы жаңылыктарды ачкандыгы талашсыз. Муну да шумерлердин ачкандыгы болжолдолууда. Месопотамиядагы археологиялык казуулар учурунда чана, унаа жана дөңгөлөгү бар чана сүрөтү табылды. Шумер урандыларынан табылган жана дыйканчылыкта колдонулган бул унаалар бир жуп дөңгөлөктүн огу менен бириктирилип ага соко коюу менен жасалган.

Балким дүйнөнүн башка жерлеринде жашаган адамдар да тапса керек дөңгөлөктү бирок так билбейбиз. Шумерлердин жазуу жазышы, аларды башка цивилизациялардан дагы жогору абалга алып келген анткени дөңгөлөктүн пайда болушу ушунун саясында каттоого өткөн.  Ошондуктан  бүгүн колубуздагы  далилдер бизге дөңгөлөктү тапкандар шумерлер экендигин көрсөтүүдө.

Шумерлердин адамзатка кошкон салымы муну менен эле калбайт албетте. Шумерлер математикадагы төрт амалды жана 60ка  негизделген системаны колдонушка. Бул ачылыштары менен убакыт деген түшүнүктү киргизгендери бир чындык. Анткени саатты 60 минутага, минутаны да 60 секунга бөлгөндөр да  шумерлер. Түндү да күндү да 12 саат, бир жылды 12 ай жана 360 күн, өзгөчө айлананын ички бурчун 360 градус деп белгилешкен. Баарынын да 6 санынын эсеси экенин байкадыңызбы?

Шумерлер Зиггурат деп аталган пирамидага окшогон храмдарынын эң үстүңкү кабатын обсерватория катары колдонушкан. Күндүн кыймылын, айдын тутулушун байкап, ай жылын негиз кылып алган биринчи календарды да шумерлер тапкан. Азыркы күндө колдонулган календардын дээрлик алгачкы абалы ушул календарь. Шумерлер муну менен эле калбаптыр.  Юпитер, венера, марс жана меркурий сыяктуу планеталарга байкоо жүргүзүп, кыймылдарын каттоого алышкан. Ушундайча математика жана геометрия менен бирге астрономиянын пайдубалын түптөшкөн.

Купол, мамы жана арка сыяктуу архитектуралык формаларды тапкан, аянтынын көлөмүн, узудугун жана салмак өлчөмдөрүн колдонгондор да шумерлер... Кыскача айтканда бүгүн да колдонулган, дээрлик бардык убакыт жана мейкиндикти эсептөөнүн пайдубалы шумерлердин мезгилинде түптөлгөн.

Месопотамияда жашаган, адамзат тарыхына таасирин тийгизген жана ылдамдаткан алгачкыларга кол койгон цивилизация жашаган молчулук жана берекелүү мезгилдердин акырында алсырап жана аймакка келген акаддыктардын бийлиги астына кирген.

Бүгүн биз сиздерге сууну өз муктаждыгына жараша колдонуп, дөңгөлөктү таап, жер айдап, шаар турмушун баштап, жазууну биринчи жолу колдонуп, андан кийинки цивилизацияларга таасирин тийгизген, адамзат тарыхында из калтырган цивилизация болгон шумерлер тууралуу айтып берүүгө аракет кылдык.

Түркия үнү радиосунан «Суу менен башталган маданият» аттуу программаны уктуңуздар. Программаны эфирге даярдаган Неслихан Дегирменжиоглу.



Тектеш кабарлар