Сирия аянтында өкүлдөр согушу

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1493131
Сирия аянтында өкүлдөр согушу

2011 -  жылы башталган Сирия төңкөрүшү акырындап отуруп бир гана ички күрөшүүдөн чыгып башка аймактык жана дүйнөлүк күч күрөшүнүн борборлорунун бири болду. Өлкө жерлериндеги күрөштөр бир топ актердун тыштан кийлигишүүсү менен өкүлдөр согушуна айланып, актерлор менен аянттагы жоопкерчиликтери да өзгөрүп жатат. Төңкөрүштүн башынан бери Сирия саясатында ырааттуу өлкөлөр Түркия, Россия жана Ирак катары алдыга чыкты. Түркия сириялык оппозициячылдарды колдосо,  Россия менен Иран Асад режиминин жанында болууну  улантууда. АКШ болсо режимдин Сирия саясатында бир ары  - бир бери болуп жатат.

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

Сирия төңкөрүшүнүн алгычкы жылдарында АКШ башта болгон батыштык өлкөлөр режимге каршы Сирия оппозициясын колдоп келсе, ДЕАШтын жерге ээ болушу жана Россиянын кийлигишүүсү менен оппозициячылдарды колдоодон баштартты. АКШ ПКК террордук уюмунун Сириядагы уландысы ЙПГ жана анын саясий бөлүгү ПЙД менен аскердик макулдашууга кирип, өзгөчө өлкөнүн түндүк  - чыгышында жер ээледи. Башка батыштык өлкөлөр азыр да Сирия оппозициясын мыйзамдуу катары көрүшсө да так колдобой жатышат. АКШ болсо Сирия саясатында зигзак сызууну улантууда. Обама мезгилинде кызыл сызыктар жарыяланып, андан кийин бир топ артка кадам таштап, акыркы мезгилде негизинен Обаманын жеке өзү Россиянын 2015 -  жылы сентябрь айында Сирияга аскердик кийлигишүүдө болушу үчүн жол ачканы ортого чыкты.

Трамп мезгилинде болсо АКШ аскерлерин чыгарууга карата бир эрк пайда болгон болсо да аянтта CENTCOM жана АКШдагы түрдүү позициялар Трампты толугу менен артка чегинүүдөн баш тарттырууда ийгиликтүү болушту. Бул жерде нефть  Трампка каршы маанилүү бир козр абалына алып келинди. Азыркы АКШ аскрелери Евфраттын чыгышында Римелан аймагынан Дейрузорго чейинки  нефтиге бай өлкөлөрдөгү текшерүүнү улантууда. Өзгөчө Сирия Демократиялык Күчтөрүнүн чатыры астында ПЙД/ЙПГге да колдоо берүүнү улантууда.

Россия болсо Дамаск башкаруусу менен түрдүү маселелерди жашоо менен бирге  колдоону да улантууда. Өлкөнүн толугу менен Асад режиминин текшерүүсү астына кириши керектигин ортого салса да мунун реалдуу саясат жактан мүмкүн эместигин көргөндүктөн Түркия менен Астана процессинин негизинде саясий/ аскердик милдеттерин улантууда. Идлиб аркылуу аскердик кысым жасап Түркияны өз пайдасына кадам таштоосуна мажбурлоодо.  Бир тараптан да Тель Рыфат жана Манбиж аймагы аркылуу ЙПГ менен түрдүү деңгээлдерде карым  - катнашын улантууда. Өзгөчө АКШ менен Евфраттын чыгышында Маликийе -  Фишхабур жолунда олуттуу бир күч күрөшүнө кирген болуп жатат. Бул жерде бат - бат күзөткө чыгып түздөн түз АКШ аскерлери менен  беттешүүдө. Акырындап АКШны бул аймактан чыгара турган тактикалык кыймыл ичинде. Россия үчүн Сирия аянтында мааниге ээ болгон башка бир маселе Иран менен болгон конкуренция. Оппозициячылдарга жана калган ДЕАШ террористтерине карата Иран менен союздаштык түзүүнү улантса да бир тараптан Ирандын көзөмөлдөө жана ээлеген жерин тарайтууга аракет кылууда. Режимге карата  таасирин Иранга каршы  күчтөндүрүүгө аракет кылууда.

 

 



Тектеш кабарлар