Буларды билесиздерби?
Топкапы сарайы.

700 000 метр квадраттык аянтка курулган Топкапы сарайынын дүйнөнүн эң чоң сарай - музейлеринин бири экендигин билесиздерби?
Стамбулдун багынтылышынан кийин Фаттих Султан Мехметтин буйругу менен 1460 - жылдары курула башталган Топкапы сарайы 1478 - жылы бүткөн. Мрамор деңизи, Стамбул босфору жана Халичтин ортосундагы тарыхый Стамбул жарым аралында жайгашкан сарай 400 жыл осмон империясынын башкаруу, билим берүү жана өнөр борбору болгондой эле падышалардын да үйү болгон.
1850 - жылдардын башында бул сарай 19 - кылымдагы мамлекеттик протоколдун талаптарына жооп бербегендиктен Долмабахче сарайы курулуп, бир канча убакыттан кийин династиянын турмушу жана башкаруу борбору толугу менен Долмабахче сарайына көчкөн.
Осмон монархиясынын 1922 - жылы жоюлушунан кийин 1924 - жылы 3 - апрелде Мустафа Кемал Ататүрктүн буйругу менен музейге айландырылган Топкапы сарайы республиканын алгачкы музейи болуу өзгөчөлүгүнө ээ болду. Бүгүн Топкапы сарайы архитектурасы, коллекциялары жана 300 000ге жакын архив документи менен дүйнөнүн эң чоң сарайы музейлеринин бирөөсү.