Түрк тышкы саясатында тең салмактуулукту издөө

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун пикири.

1485089
Түрк тышкы саясатында тең салмактуулукту издөө

АКШ жана Батыш дүйнөсүнүн салыштырмалуу түрдө төмөндөшү менен «либерал дүйнө тартиби» кулап, ордуна башка бир система интеграция кылына албаган бир мезгилдин ичиндебиз. Бир топ геологиялык жарака чектери ортого чыга баштады. Кагылышуулар, хаос болгон бир мезгилдин ичиндебиз. Мындай бир мезгилде өзгөчө Түркиянын айланасында Ирак, Сирия, Ливия жана Чыгыш Жер Ортолук деңиз сыяктуу бир топ аймакта кагылышуулар болгон жерлер бар, булар түздөн түз Түркиянын улуттук кызыкчылыктарына таасир берүүдө. Түркия болсо мындай бир мезгилде тышкы саясат кызыкчылыктарын эң жогорку деңгээлге чыгарууга аракет кылып бир гана Батыш актерлору менен эле эмес, Россия жана Кытай сыяктуу чоң күчтөр менен жаңы өнөктөштүктөрдү түзүп улуттук кызыкчылыктарын максималдуу колдонууга аракет кылууда.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

Акыркы жылдарда Түркиянын тышкы саясатын калыптандырууда бир нече маанилүү окуялар болду. Булардын башында 15 -  июлдагы козголоң кыймылы, Сирия маселеси жана Чыгыш Жер Ортолук деңиз турат деп айта алабыз. 2016 -  жылы  козголоң кыймылы менен термелген Түркия ФЕТӨ террордук уюмуна батыштык өлкөлөрдүн ээ чыгышы менен үмүтү үзүлдү. Түркия бул абалдын  союздаштык карым – катнашка ылайык эмес экендигин ортого салып, тийиштүү өлкөлөр менен өзгөчө да АКШ жана Германия сыяктуу өлкөлөр менен олуттуу бир ишеним эрозиясына учурады. Сирия да батыштык өлкөлөр тарабынан жалгыз калтырылып ошол эле учурда АКШнын террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысына террор мамлекетин курдуртуу аракети байкалды. Акырында «Тынчтык булагы» операциясы менен бул абалга түздөн түз кийлигишти. Бул процесстер болуп жатканда бир тең салмактуу саясат түзүү үчүн Россия менен саясий жана аскердик  келишимдерге кире баштады. С  - 400 абадан коргонуу системасын алышы, Сирияда АКШны четтете турган Астана процессинин өнөктөшү болуу, Кытай менен эко  - саясий карым  - катнаштарын өнүктүрүүгө аракет кылышы маанилүү аракеттер болду. Албетте Түркия Россия менен бардык темада макулдаша албайт, карама  - каршы болгон бир нече гео – саясий маселе да бар. Россиянын Асад режимине колдоосу, Ливияда генерал Хафтер менен аскердик өнөктөштүгү, Крым маселеси сыяктуу  маанилүү темаларда эки тараптын ар башка ойлордо экендигин көрүүдөбүз. Бирок АКШ менен батыштык өлкөлөр Түркияны пассивдүү катары көрүп, кылган мамилелери жана акырында террордук уюм ФЕТО, Сирия жана Чыгыш Жер Ортолук деңизде Түркиянын так эле маңдайында орун ала тургандай жайгашуулары, ушундай эле Россия менен да барган сайын күчөп бара жаткан чыңалуу ичинде болуулары Түркия менен Россияны конъюнтуралык  жактан кээ бир тармактарда өнөктөш болууга түртүп жатат.

Либералдык система кулаган, бирок жаңысы тургузула албаган бул аралаш мезгилде Түркия өз кызыкчылыктарын борборго ала тургандай тең салмактуулук саясатын жүргүзүү аракетинде. Ушунун негизинде Россия жана Кытай менен карым  - катнаштарын азырынча стретагиялык деңгээлде болбосо да күчөтүү менен уланта тургандай көрүнүүдө.

 

 



Тектеш кабарлар