Түркиянын жаратылыш газ изилдөөсү

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу доцент доктор Мурат Йешилташтын пикири.

1480348
Түркиянын жаратылыш газ изилдөөсү

 

Өткөн жумада Түркия Кара деңизге жакын жерде жаратылыш газ запастарын тапканын жарыялашы менен улуттук жана эл аралык күн тартипке тамгасын басты. Президент Эрдоган берген маалыматында Кара деңиздеги Сакария аттуу изилдөө аянтынын Туна аттуу бөлүгүндө  320  миллиард метр куб газдын бар экенин жарыялады жана бул запастын 2023 -  жылга чейин трансфер кылына баштай турганын айтты. Билингендей Түркия энергетикада 99 пайыздык катнашта тышка көз каранды. Бул көз карандылыктын негизги бир бөлүгүн түзгөн жаратылыш газ боюнча Түркиянын жылдык керектөөсү 50 миллиард метр куб. Кара деңизде табылган газдын азырынча бир гана Түркиянын 7 же 8 жылдык муктаждыгын камсыздай ала турган өлчөмдө экендиги каралууда. Бирок бул көлөмдү табуу Түркия тарыхынын эң чоң табылгасы жана дүйнөлүк жаратылыш газ табуу тизмесинде 12 -  ири табылга катары сыпатталууда.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу доцент доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

Түркиянын энергетикадагы тышка көз карандылыгы бир топ өлкө менен тең салмактуу карым  - катнаш куруусун мажбур кылууда. 50 миллиарддан ашуун акча керектөөсүнө жана жыл сайын энергетикага төлөгөн көлөмдөн улам бюджетинде эсеп - кысап тартышыгынын чыгышына себеп болуп жаткан. Ушул себеп менен Кара деңизде табылган газ запасы азырынча өлкөнүн кичинекей көлөмдөгү  энергетика муктаждыгын камсыз кылса да Түркиянын энергетика саясаттарына терең таасир бере турган динамика ортого чыгууда. Бул динамикалардын  башында энергетика диверсификациясы турат. Түркия көп убакыттан бери энергетика булактарында диверсификациялоо саясатын  жүргүзүп келе жатат.

Шамал энергиясы жана күн энергиясы сыяктуу жаңыланууга боло турган энергетика булактарын өз инвестициялары  менен арттырган Түркия суунун күчүнө таянган энергетика булактарында маанилүү бир көлөмгө жетти. Кара деңиз изилдөөсүнүн улантылышы менен Түркиянын жарытылыш газы маанилүү бир альтернатив энергия булагы болушу мүмкүн.

Энергетиканы диверсификациялоо саясатынын башка бир бөлүгүн булак өлкөлөрдүн түрдөнтүлүшү түзүп жатат. Бул жердеги максат бир гана өлкө же бир гана энергетика булагына көз каранды болуудан кутулуу. Кара деңиз изилдөөсү  Түркияны  дем алдырып, булак түрдүүлүгү тууралуу дагы ийкемдүү кыймыл кылышын да кошо ала келиши мүмкүн.

Башка бир маанилүү чагылуусу да энергетика коопсуздугу жана өткөрүүдө Түркиянын абалынын бекемделиши. Түркия энергетика трансфери тууралуу эң орчундуу өлкөлөрдүн бири. Түркиянын эң негизги мүмкүнчүлүктөрүнүн арасында болсо ырааттуу бир түзүлүшкө ээ болушу турат. Түркиянын айланасында болуп жаткан кагылышуулар, энергетика булактары, бар болгон потенциалдуу энергетика запастарына көңүл бурулганда бул түзүлүш дагы да маанилүү абалга келип жатат. Кара деңиз жаратылыш газы Түркиянын транзит -   өткөөл өлкөсү болушун бекемдейт жана өзүн бир энергетика өлкөсүнө айландырып, энергетика коопсуздугуна жаңы бир  көлөм алып келишине себеп болот. Эл аралык энергетикалык геополитикасында Түркиянын Кара деңиз жаратылыш газ менен бирге бир энергетика актеру болушунун да алдын ачышы мүмкүн. Конкуренция абдан жогору болгон эл аралык энергетика базарынан алуу баалары тууралуу кемчиликтери болгон Түркия эгерде Кара деңиз газын улантууга боло турган энергетика булагына айландыра ала турган болсо, энергетика баалашуусу жактан чоң мүмкүнчүлүккө ээ болот. Бул мүмкүнчүлүк Түркиянын жаңы мезгилде башка ролдоруна кошумча катары энергия күчү болушун да кошо ала келиши мүмкүн.

Тышкы саясатта акыркы мезгилде  аймактык блокотшуу алдында өзүн жалгыз сезген Түркия бир энергетика күчүнө айлана алса тышкы саясатта ийкемдүүлүгүн арттырышы дагы да мүмкүн болот.

Кара деңиз изилдөөсү азырынча Түркиянын бир энергетика чоңу болушу үчүн жетерлик эмес, бирок энергетика күчү болуу тууралуу саясаттарында  башталгыч жери. Мунун улантылышы менен Түркия чоң бир энергетика күчү болушу мүмкүн жана бул абалда аймактык геоплитикада тектүү өзгөрүүлөргө себеп боло алат.



Тектеш кабарлар