Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-104

Түрк элдеринин адабиятынан – Исмаил Гаспыралы

1466432
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-104

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында белгилүү “Тилде, пикирде, иште биримдик” ураанын айткан татар элинин агартуучусу, саясатчысы, калемгер Исмаил Гаспыралы жана анын ишмердиги тууралуу кеп кылабыз.

19-кылым түрк дүйнөсү үчүн өтө оор доор болгону маалым. Саясий себептер менен чачыраган түрк эли бир тарабынан баш аламандык менен кыйналышса, бир жагынан сабатсызыктын азабын тартышкан. Мына ушундай коом ичинде чөйрөсүнөн көргөн тарбия менен түрк элдеринин келечегине чоң таасирин тийгизген Исмаил Гаспыралыдай эл камын ойлогон адам жаралган. Исмаил Гаспыралы 1851-жылы Крымдын Бахчесарай деген жерине жакын Авжыкөй деген айылда жарык дүйнөгө келген. Ал алгач айылындагы мусулмандардын мектебинен билим жолун баштаган. Жакшы билим алуусун көздөгөн атасы кийин аны Акмечит шаарындагы Орус эркек гимназиясына жаздырган. Гаспыралы орус маданияты жана адабияты менен ушул мектептен тааныша баштаган. Мындан кийин Воронеж шаарындагы аскердик окуу жайына кирет. Ошол жылдары орус саясий кыймылынан таасирленген Гаспыралыда улуттук аң-сезим күчтөнүп, мусулман түрк боордошторун бириктирүү пикири жаралган. Анткени ошол учурда ар жерде “Славян элдерин колдоо” тууралуу ураандар көп болгон. Бул ураандар Гаспыралыга да өз улутунун жана түрк элинин абалын эске салган. Ар жерде чачыранды болуп бара жаткан түрк элин бириктирүү пикири менен 1872-жылы Стамбул, Вияна, Мюних жана Стутгард шаарларын кыдырып отуруп Парижге келген. Ал жерде эки жыл жашап, батыш дүйнөсүн изилдеген. Андан кийин көптөн бери максат кылган Стамбул шаарына 1874-жылы келген. Стамбулда бир жылга жакын жашап кайрадан мекенине кайткан. 1878-жылы Бахчесарай губернатор катчысы болуп ишке кирген Гаспыралы бир жылдан кийин губернатор болуп шайланган. 1884-жылына чейин, тактап айтканда беш жыл бул кызматты өтөгөн. 1881-жылы Акмечит шаарында жарыяланып турган “Таврида” гезитинде Гаспыралы “жаш молдо” каймана аты менен өз жазууларын чыгарып турган. Бул жазууларынын топтому кийин “Россияда мусулмандык” деп аталып китеп болуп чыккан. Гезит чыгарууну көптөн бери көздөп жүрсө да бул максаты четке кагылып келген. Эгер гезиттин орусча котормосу болсо гана кабыл алынары айтылган жана бул шарт менен 1883-жылдын 22-апрелинде алгачкы гезитин жарыялаган.

Анын негизги маселеси түрк элдерин бириктирүү болгон жана ал үчүн көп изилденген. Бул пикиринин ишке ашыруунун бирден-бир жолу орток тил экенине көзү жеткен. Ушундан улам ал “Тержуман” башкача айтканда “Котормочу” атындагы гезитин чыгарган. Гезиттин негизги өзгөчөлүгү – жөнөкөйлөштүрүлүп түзүлгөн арап алфавиттүү түрк тили менен чыгарылган. Алгачкы саны 1883-жылы чыккан “Тержуман” гезити менен Түрк дүйнөсүнө “Тилде, пикирде, иште биримдик” ураанын жар салган. Бул гезит Стамбулдан баштап бардык түрк дүйнөсүнө тарады жана ошол доордун интеллектери тарабынан окулду. Гаспыралынын бул гезити боюнча: жаңы билим берүү системасынын курулушу, орток адабий тилдин пайда болушу жана аялдардын да билим алуусу тууралуу программалар жарыяланган. Исмаил Гаспыралынын дагы бир маанилүү кыймылы “жаңы жеңил окуу ыкмасы” деген маанидеги “усул-у жедид” кыймылы болгон. 1884-жылы Крымда, Бахчесарайда курган бул мектебинде берилген жаңы окуу ыкмасы барган сайын жайылган. Кыска убакыттын ичинде башка түрк элдерине да жетип, жаңыча окуу системасы менен бирге ар түрк элинин улуттук аң-сезимин ойготууга күчүн жумшаган. Орток тил катары тандап алган Стамбул түркчөсү менен түрк элинин башын бириктирүүнү максат кылган. Ал үчүн карапайым элге жат болгон арап жана фарс тилдеринен кирген сөздөрдү алып таштаган. Исмаил Гаспыралынын бул аракетине СССР учурунда бөгөт коюлганы менен ал азыр да болсо уланып келе жатканы айкын. Учурда түрк биримдигине ар түрк тектүү мамлекеттердин жана коомдордун салымы өтө чоң. Түрк лидерлеринин колдоосу менен түзүлгөн Түрк Кеңеши, ТҮРКСОЙ, Түрк Академиясы, ТҮРКПА сыяктуу уюмдар буга мисал боло алат. Өтө билимдүү жана бир топ тил билген Исмаил Гаспыралы убагында беш гезит чыгарып, отуз сегиз китеп жазып жана мындан сырткары бир топ макала жарыялап келечек муунга өтө кеңири маалымат таштаган жана келечек муунга кайталангыс үлгү болуп келмекчи.

Урматтуу окурмандар, 1914-жылы көз жумган Исмаил Гаспыралынын түрк тектүү элдерге кылган кызматы эбегейсиз зор. Түптөп кеткен пикири кай бир доордо кыймылсыз калса да азыркы учурда активдүү жашап келет. “Тилде, пикирде, иште биримдик” урааны түрк дүйнөсүнө дем берип, мындан ары да бирге кызматташуунун жолдору ачыла бермекчи деген үмүттөбүз.  

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар